ИНСУЛЬТ – МЭЭГЕ КАН КУЮЛУП КЕТҮҮ

Өлкөбүздө жылына 15 миңден ашык адам инсульт илдетине чалдыгат. Алардын 40 пайызы, тагыраагы, 6 миңдей адам өз убагында медициналык тез жардам ала албагандыктан көз жумуп кетет. Орточо 20 пайызы дарылануу менен толук калыбына келе алышат. Калгандары майып болуп калышат. Бул расмий маалымат. “Кыргызстан инсульт менен ооругандар жана андан көз жумгандар боюнча КМШ өлкөлөрүндө алдынкы орунду ээлейт” дейт Улуттук госпиталдын 3-неврологиялык бөлүмүнүн жетекчиси Жамалбек Тургунбаев. Дарыгерден ушул илдет боюнча кенен маалымат алдык.

Инсульттун түрлөрү, айырмалары

Инсульт – латынча “сокку” дегенди билдирет. Дарт тууралуу алгачкы эскерме биздин заманга чейинки 467-жылга, айтылуу Гиппократка таандык. Ал өз эмгектеринде баш мээнин оорусунан улам акыл-эстен тануу көрүнүшү жөнүндө жазган. Инсульт — мээдеги кан айлануунун бузулушунан келип чыккан оору. Дарттын бир нече түрү бар.

Ишемиялык инсульт

Көбүнчө мээге кан, ага кошо кычкылтек жана керектүү азык-заттарды ташыган артерия кан тамырынын ичкерип кетишинен жаралат. Ошондой эле артериянын холестерин май түйдөкчөсү же уюган кан менен бүтөлүп калышынан да жаралат. Мээге кычкылтек жана азык-заттар барбай калса, жабыркаган мээнин бөлүгүндөгү нейрондор, клеткалар өлүп баштайт. Кыргыз жеринде инсульттун ушул түрү көп катталат, ооругандардын 70-80 пайызын түзөт.

Геморрагиялык инсульт

Мында кан тамыр жарылып, мээге кан куюлуп кетет да, уюп калат. Инсульттун бул түрү заматта жаралып, бир нече мүнөттүн ичинде болуп өтөт. Башта бир нерсе менен сайып же уруп жибергендей катуу оорутуу жаралып, адам акыл-эсин жоготот, кусуп башташы да мүмкүн. Уюп калган кан тегерегиндеги мээнин ткандарын кысат. Уюган кандын өлчөмү чоң болсо операция жасап алып салуу керектелет. Кандай болгон күндө да адамды тезинен ооруканага алып барып, кан жетпей калган нейрон жана мээнин ткандарынын иштешин калыпка келтирүү керек. Бул жабыркаган бөлүктүн чоңоюп кетишинин алдын алат жана эртерээк сакаюуга шарт түзөт.

Мээге кан куюлуп кеткенде көптөр өлүмгө дуушар болушат. Мээнин көп бөлүгү жабыркагандар майып болуп калышат.

Жогоруда айтылгандай, инсульт болгон адамды куткарып калууда эң негизги ролду убакыт ойнойт. Адам бул ооруга чалдыгар замат же жок дегенде 3-4 сааттын ичинде аны ооруканага алып баруу зарыл. Ал жерден инсульттун кайсы түрү экендигин аныктатуу үчүн башты компьютердик-резонанстык томографияга тартышат. Жардам канчалык тез берилсе, толук айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

Акыркы жылдары дүйнөдө бул дарттын жашарып баратканы байкалууда. Буга калктын санынын өсүп баратканы, ички жана сырткы миграциянын өсүшү себеп дешет адистер. Анткени адам башка аймакка же өлкөгө барып отурукташып же мигрант катары иштеп баштаганда дарыгерге көрүнбөйт. Орто жаштагы жана улгайган адамдар медициналык текшерүүдөн өтпөй жүрө беришет.

Микроинсульт

Инсульттун микроинсульт деген түрү да бар. Мында мээнин аз эле бөлүгү жабыркайт. Оорунун белгилери – баштын оорушу жана айланышы, бир капталдын чымырап, жансыз тартышы. Акыл-эс кыска убакытка жоголуп жана сүйлөө канчалык бир деңгээлде бузулушу ыктымал. Бирок бул абал ченелүү бир убакытта өтүп кетет. Ошентсе да адам сөзсүз ооруканага кайрылышы зарыл. Анткени дарт канча бир сааттан кийин же ошол күнү, же бир нече күндөн кийин, айтор, кайталанышы жана экинчи жолкусунда оор кармашы мүмкүн. Андыктан адам микроинсультту эскертүү катары кабыл алышы керек.

Микроинсультту дарылап мээнин иштешин толук калыбына келтирсе болот. Майыптык жаралбайт.

Оорунун жаралышына түрткү болчу факторлор

Атеросклероз (кан тамырлардын май түйдөкчөлөрү менен бүтөлүшү), жогорку кан басым, кант диабети

Моюндун остеохондроз дарты, моюндун вертобралдык кан тамырынын тубаса ичке же бүктөлүп жаралышы

Бат-бат стресске кабылуу

Дамамат тамеки чегүү, спирт ичимдигин ичүү, баңгизат пайдалануу, энергетик суусундуктарын көп ичүү

Аз кыймыл, туура эмес тамактануу (куурулган, майлуу, ышталган, фаст-фуд азыктарын көп жеп-ичүү, уктаар алдында күчтүү тамакты жеп-ичүү), семирүү. Мунун баары холестериндин топтолушуна, жүрөк ооруларына, гипертонияга жана акыры инсультка жеткирет.

Улгайган курак

Дарттын белгилери

  • Акыл–эстин тумандашы же эсти жоготуу
  • Кайда жүргөнүн билбей калуу
  • Баштын катуу оорушу, айланышы, көңүл айлануу, кусуу
  • Инсульт адатта баштын бир жарым шарын гана камтыйт. Кайсы жарым шарда инсульт күтүлсө ошол ыпта, мисалы, оң же сол ныпта (көз, мурун, ооз) кыйшаят, жансыз тартат.
  • Адамдын сүйлөгөн сөзү түшүнүксүз болот, булдуруктайт
  • Тең салмактын жоголушу, жыгылып калуу
  • Көргөндөрдү так ажырата албай калуу
  • Айрымдарда жакшы укпай калуу жаралса, айрымдарда көзү жумулуп уйку тарта баштайт
  • Адам ээгин акырек сөөгүнө жеткире албаса, демек, желкенин тарамыштары тартып турат. Мындай абал мээге кан куюлуп кеткенде болот.

Ыкчам диагностика жана биринчи жардам

Жолдо жүрүүдө же үйдө бирөө-жарымдын кыйналып жатканын көрсөңүз, төмөнкү экспресс-диагностика аркылуу ал адамдын инсультка кабылганын аныктай аласыз:

“Күлүңүз” дегенде адам күлө албайт, оозу бир жакка кыйшайган болот.

“Сүйлөңүз” дегенде кыйналып сүйлөйт же сөзү түшүнүксүз болот, булдуруктайт.

“Эки колуңузду көтөрүңүз” дегенде бир колун көтөрө албайт.

“Тез жардам” кызматы келгиче адамды жаткызып, курун бошотуп, алкым топчуларын чечүү кажет. Ага аба кенен жетип турушу зарыл. Кускусун келтирбөө үчүн суу бербөө керек. Эгер куса баштаса башын акырын бир жакка кыйшайтыңыз. Кусунду дем алуу жолуна кетип калбасына көз салыңыз, болбосо дем ала албай адам көз жумуп кетет. Оозундагы кусундусун бинт же жүз аарчы менен тазалаңыз. Эгер дем алуусу үзүл-кесил болуп баштаса, анда жасалма дем алдырууга жана жүрөгүнө массаж жасоого өтүңүз.

Дарылоо

Дарылоо комплекстүү жүргүзүлөт. Оорунун жеңил же оор түрүнө карап неврологдон тышкары, логопед, массажист, диетолог, реабилитологдун кызматы керектелет.

Дарылоодо керектелет:

Мээдеги кан айланууну жакшыртуучу, холестериндин деңгээлин төмөндөтүүчү, кан тамырларды кеңейтүүчү, нервди тынчтандыруучу дары-дармектер

Физиологиялык дарылоо

Витаминдер топтому

Дарылоо жардам бербейт деп табылса операция жасалат

Бейтапты үйдөн кароо

Бейтапты өзүнчө бөлмөгө жаткырып, ага шарт түзүп берген жакшы. Функционалдык керебет, кечке жата бергенде арты оюлуп кетпеши үчүн ортопедиялык матрас, машыгуучу шаймандар керек. Убагында ооруканага жаткырып, дарылатуу, реабилитациялык борборго алпарып атайын көнүгүү, машыгууларды жасатып туруу сунушталат. Булар адамдын сакайып кетишине салым кошот.

Оорунун алдын алуу

Жогорку кан басым, кант диабети, атеросклероз оорусу барлар убак-убагы менен врачка көрүнүп, ал жазып берген дарыларды ичип туруусу кажет

Ашыкча салмак кошпоо. Бууга, сууга бышкан тамактарды көп колдонуу керек

Көбүрөөк кыймылдоо

1 жылда 1-2 жолу неврологдун текшерүүсүнөн өтүү

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА