– Президенттин тапшырмасын аткарып, эл алдындагы жарандык жана адамдык милдетимди аткардым. Менден саясий фигура жасагылары келип жатышат. Оппозицияга, мен Кумтөрдөгү коррупциялык жемкорлорго бөгөт койгондорго канчалык жакпаса да биз кетпейбиз. Алар мени 2 жылдан бери коркутууга аракет кылып жатышат, бирок мен президенттин реформаларын колдоодон кайтпайм. Өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн өмүрүн тобокелчиликке салып жатам,- дейт Бөлтүрүк.
Айта кетсек, Бишкек шаардык соту 3-октябрда Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды, ал 10-ноябрга чейин камакта болот.
Бөлтүрүк кылмышка шектелип 13-сентябрда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Андан тышкары “Кумтөрдүн” башка 2 адиси да кармалып, камакка алынган. Башкы прокуратура ишканадагы коррупциялык схеманын айынан мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилди деп маалымат таратты.