• Кагаз акчалар эң алгач Кытайда Сун династиясы учурунда 1024-жылы чыгарылып баштаган.
• Орто эсеп менен кагаз акчалар колдонууда 3-5 жылга чейин чыдайт. Ал эми АКШ доллары салыштырмалуу сапаттуу жасалгандыктан 9 жылга чейин сакталат.
• АКШда 100 000 долларлык акча бирдиги чыгарылган. Бирок бул бирдик банктар аралык эсепте эле колдонулган.
• Дүйнөдө көп колдонулган акча бирдиги 100 АКШ доллары болуп саналат.
• Кагаз акчаларда бактерия көп чогулгандыктан Австралия, Малайзия, Вьетнам жана башка бир катар өлкөлөр кагаздын ордуна пластиктен акча бирдиктерин жасашат.
• 2011-жылы Австралияда жалаң алтындан жасалган бир тонналык – 1 миллион доллар деген тыйын жасалган. Анын диаметри 80 сантиметр, калыңдыгы 12 сантиметр болгон. Бул алтын тыйын 57 миллион АКШ доллары турган дүйнөдөгү эң кымбат акча бирдиги.
• Канадада 999 пробадагы жалаң алтындан турган 100 килограммдык тыйын жасашкан. Ал 100 миң Канада долларындагы акча бирдиги болгон, бирок анын баасы андан да кымбат болгон.
• Алтынды акча катары колдонуу мындан 4 миң жыл мурун Байыркы Египетте, Ассирияда башталган.
• Тыйындардын формасы мурун ар кандай болгон. Алар баалуу металлдардан жасалгандыктан шылуундар анын четтеринен кесип ала беришкен. Исаак Ньютон тыйынды тегерек формада, четтерин оюп жасоону сунуштап, көйгөй чечилген.
• АКШда 19-кылымда ар бир үчүнчү акча бирдиги жасалма болуп чыккан.
• Дүйнөдөгү эң ири суммадагы номинал болуп 100 триллион Зимбабве доллары эсептелет.
• Кыргыз валютасы болгон сом 1993-жылы 10-майда кабыл алынганына карабастан, сом деген аталыш ага чейин эле колдонулуп келген. Мисалы, 1938-жылы чыгарылган
1, 3, 5 рублда сом деген да кыргызча жазуу болгон.
• Рублдан сомго өтүү учурунда 200 рубль 1 сом менен алмаштырылган.
• Кыргызстандын 2009-2010-жылы жүгүртүүгө чыгарылган 5000 сомдук акча бирдиги “2009-жылдын банкноту” болуп аталган.
Асел Ишенбай кызы