Бишкекке 11-октябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев мамлекеттик сапары менен келип кетти.
Каржы министрлиги: “1 айда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6,58 миллион долларга азайды”.
Улан Примов парламенттин вице-спикери кызматынан кетти.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Бишкек ЖЭБи кышка 100 пайыз даяр” деп билдирди.
Бишкекте жасалма акчаларды сатууга аракет кылгандар кармалганын 13-октябрда УКМК билдирди.
Депутат Нуржигит Кадырбеков “өлкөдө ЖОЖдун окутуучуларынын 62 пайызы коррупцияга аралашкан” деп билдирди.
Мурадил Сыдыков парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы болуп шайланды.
Кыргызстан 2023-2025-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүк кылат.
Кыргыздын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов аталган өлкөдөгү мекендештерди сак болууга, коопсуз жерлерде болууга чакырды.
Өлкөдө 2022-жылы адам сатууга байланышкан 5 факт катталганы айтылды.
Билим берүү жана илим министрлиги: “Учурда мектептерге 900 мугалим жетишпейт”.
Токмокто милицияга суракка чакырылган 25 жаштагы жигит асынып алды.
Азамат Арнабек уулу Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды.
Өлкөдө 9 айда жол кырсыгынан 79 бала каза тапканы маалымдалды.
Чаткал районунда шахтадагы газга ууланып 2 адам каза тапканы айтылды.
Калкты каттоо департаменти: "Жыл башынан бери 1631 орусиялык атуул Кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды".
Баткенде 55 уюлдук станциянын иши калыбына келтирилди.
Тажикстанда Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн тийиштүү комиссиялары 10-октябрдан бери сүйлөшүү жүргүзүүдө.
13-октябрда Бишкекте троллейбус мектеп окуучусун сүзүп кетти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.