Кыргызстанда азык-түлүк менен камсыздоо боюнча көйгөй күтүлбөйт. Бул тууралуу 13-октябрда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйында билдирди. Айтымында, быйыл өлкө жашоо үчүн маанилүү делген 9 азык-түлүктүн ичинен үчөөсү менен толук камсыздалды. Алар: сүт, картошка жана мөмө-жемиштер. Ошондой эле буудай менен камсыздоо 40 пайыздан 70 пайызга чейин өскөнүн белгиледи министр. Жүгөрү жана кызылчанын да түшүмү жакшы болгону, кызылча толук түрдө ата мекендик ишканалар тарабынан кайра иштетилери маалымдалды.2025-жылы Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу 85 пайыз камсыздалат деп кошумчалады министр.