ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК «ВИНЕГРЕТ»

Жаңы жыл. Аяз ата, Аяз кыз, балаты, балатыга илинген кооз оюнчуктар... "Жаңы жыл келе жатат" деп канча убакыт даярданабыз, анан тез эле өтүп кеткенин айт. Мейличи эми, өмүрлөр өтсө өтсүн, бирок көңүлдөр калбасын. Назарыңыздарда Коён жылында туулган атактуулардан "винегрет".

КОЁН ЖЫЛЫНДА ТӨРӨЛГӨН КЫРГЫЗ АТАКТУУЛАРЫ:

  • 1927-жыл. КРнын Эмгек сиңирген дарыгери Мирсаид Миррахимов.
  • 1939-жыл. Коомдук ишмер, режиссёр Дооронбек Садырбаев, актёр Сүймөнкул Чокморов.
  • 1951-жыл. ЖКнын депутаты Анвар Артыков, экс-элчи Ишенгүл Болжурова, “Эл арманы” партиясынын лидери Мирослав Ниязов, КРнын Эл артисти Шамшыбек Өтөбаев.
  • 1963-жыл. Ырчы Райхан Абдувалиева, шаардык кеңештин экс-депутаты Нуржамал Байболова, БШКнын экс-жетекчиси Клара Кабилова, белгилүү журналист, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, ЖКнын 4-чакырылышынын депутаты Улукбек Ормонов, ЖКнын депутаты Нариман Түлеев, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов.
  • 1975-жыл. Ырчылар: Элмира Кайып кызы, Токтобек Асаналиев, Алтынбек Алымов, футболчу Руслан Сыдыков.
  • 1987-жыл. Ырчылар: Каныкей, KG Элмурат.

РАЙХАН АБДУВАЛИЕВА
– Аяз атадан эмне сурайсыз?
– Мен Аяз атадан, болгону, үч нерсе сурайм. Алардын экөө кыргыз журтчулугума, бирөө өзүмө тиешелүү.
Биринчиси – Кудайым элиме ылайым тынчтык берсин. Эч качан согуштук аракеттер болбосун. Тынчтык болсо, баары болот.
Экинчиси – Жолборс жылында канчалаган эр көкүрөк жигиттерибиз өтүп кетишти, ошондуктан Коён жылында кыргызымда уулдар көп төрөлсүн деп чын ыкласымдан миң ирет тилейм.
Эми жеке өзүмө эмне сурайм? Менин көп жылдан бери күтүп, келсе деп эңсеп жүргөн жүрөгүмдө бир адам бар. Ошол адам келсе, мен үчүн күтүлбөгөн, кайталангыс белек болор эле.

ТЕМИР САРИЕВ
– Эсте калган Жаңы жылыңыз...
– 1980-жылдар. Студентпиз. Беш дос чогулуп, шаардын четинде жашаган досубуздукунда кыздар менен Жаңы жыл тосмой болдук. Ортодон акча чыгарып тамак-аш алып, аны бир курсташымдын атасынын Москвичине жүктөдүк да, кыздарды кыйын болуп ошол машинага отургуздук. Кыздар "бир нерсе алабыз" деп бизден кийин бармай болушту. Өзүбүз автобус менен кеттик. Барып от жагып, үйдү жылытып отурабыз. Москвич менен келчүлөр жок. Саат 11ден өттү, дасторкондун үстүндө эч нерсе жок. Аңгыча түнкү 12 болду. Баарыбыздын кыялдарыбызды таш каап, машинанын ээсине жинибиз келип, түн ортосунда шаарга жол тосуп жөнөдүк. Көрсө, тигинин машинасы аңга кирип кетип, таң атканда араң чыгарыптыр. Ошентип, кыздар дагы Жаңы жылды машинада тосушуптур.

ИШЕНГҮЛ БОЛЖУРОВА
– Убагында ректор, министр, элчи болуп чоң кызматтарда иштегенсиз. Чиновниктер Жаңы жылды кандай тосушат?
– Чынында, жыл жаңырар күнү кечелерге өмүрү барган адам эмесмин. Ар жылы үй-бүлөм менен тосом. Эсимде, бир нече жыл катары менен Нооруз майрамында командировкада болуп калгам. Ал эми Жаңы жылда элчи болуп турганда деле "үй-бүлөм менен тосоюн" деп келип калчумун. Жайылган дасторкон үстүндө бири-бирибизге каалоо-тилек айтып, неберелердин кылыктарын туурап, кызыктуу окуяларды эске салып, шаңдуу тосуп келебиз.

КЫЯС МОЛДОКАСЫМОВ
– Кыргыз элине каалоо-тиле­гиңиз...
– Илгери баталардын "атасы" катары ар убак Сарт акенин батасы айтылчу экен. Сарт аке "толсоң бөксөрбө, чайпалсаң төгүлбө, узарсаң кыскарба, өмүрүң текке кетпесин, сөзүң сая кетпесин, Алла Таалам өмүрүң менен пейилиңе береке берсин, оомийин!" деп бата берчү тура. Ошондуктан Кыргызстандын ар бир жаранына ушул батаны айткым келет. Ал эми жалпы калкыбызга Коён жылында элибиздин ырыскысы чайпалбасын, улуу көчүнөн эч убак адашпасын, келечекте учугу узарып, агарсын, жамандыктан Жараткан өзү сактасын, ар дайым жакшылык менен достошуп, алга гана жүрүш жасасын дегим келет.

KG ЭЛМУРАТ
– Аяз ата жок экенин канча жашыңда билдиң?
– Мен кичине кезде кышында үйүбүзгө дайыма ак сакалын жайкалтып, мүшөк көтөргөн Аяз ата келчү. Куржунунан момпосуй, кооз барактарга чапталган жомоктогу каармандарды берчү эле. Бир эле күн келип, анан жоголуп кетчү. "Аяз ата эмнеге келбей калды?" деп ыйлай берчүмүн. Турмушта Аяз ата жок экенин 3-класста билип отурбаймынбы. Көрсө, Аяз ата болуп үйгө келгендер жакын байкелерим тура. Апам белектерди даярдап, аларды чакыртып, биздин көңүлүбүздү көтөрчү экен.

АТАКТУУ КОЁНДОР:
Иосиф Сталин, Лев Троцкий, Борис Савинков, Игорь Курчатов, Сергей Вавилов, Константин Симонов, Эпикур, Льюис Кэрролл, Фидель Кастро, Мария Кюри, Василий Жуковский, Конфуций, Альберт Эйнштейн, Питер Фонд, Уитни Хьюстон, Дэвид Бекхэм, Брэд Питт, Энрике Иглесиас.

Жылмайып коюңуз!

ТОКТОБЕК АСАНАЛИЕВ
– Жаңы жылга байланыштуу анекдот...
31-декабрь, түнкү саат 11.
Беш жаштагы баласы апасына:
– Апа, кел, саат 12ни күтпөй эле, жарым сааттан кийин "Жаңы жыл, Жаңы жыл!" деп кыйкырабыз.
– Эмнеге?
– Кошуналар булардын үйүнө Жаңы жыл эрте келиптир деп ойлоп калышсын.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 426, 29-декабрь - 6-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан