Биз социалдык тармакта

МЫШЫКТАР ЖЫТТЫ АДАМДАН 14 ЭСЕ ЖАКШЫ СЕЗИШЕТ...

Мышык – узак мезгилден бери адамдарды жандап келе жаткан кызыктуу жаныбарлардын бири. Алар тууралуу баарын билгендей болобуз, бирок дагы деле таң кала турган фактылар бар.

• Жалпысынан 33 негизги мышык породасы бар. Ал эми үй мышыктарынын саны дүйнө жүзүндө
500 миллиондон ашат.

• Мышыктын жүрөгүнүн кагышы адамдыкынан алда канча тез, мүнөтүнө 110дон 140ка чейин согот.

• Мышык тандоо жасай албай жатканда куйругун шыйпаңдатат.

• Үй мышыктары бири-бири менен мыёолоп байланышпайт. Бул "тилди" алар адамдар менен баарлашуу үчүн гана колдонушат.

• Мышык өз жашоосунда жүзгө чейин мышыкты жарыкка алып келе алат.

• Өткөн кылымдын 50-жылдарында АКШнын Техас штатында Дасти аттуу мышык төл боюнча рекорд койгон, ал өз өмүрүндө 400дөн ашык мый-мый тууган. Акыркы балдарын ал 18 жаштан ашкан кезде тууган.

• Көчөдө жашаган мышыктар 4-6 жыл жашашат, ал эми үй мышыктары орточо 14-17 жашка чыгат.

• Мышыктын мурун терисиндеги сүрөттөр уникалдуулугу боюнча манжа издерине окшош.

• Мышыктын скелетиндеги сөөктөр адамдыкына караганда дээрлик 40 сөөккө көп.

• Эң узак жашаган мышык Англиядагы Пусс аттуу мышык болгон. Ал 36 жашка толгондон бир нече күндөн кийин өлгөн.

• Үйүндө мышыгы бар адамдар жүрөк ооруларына азыраак чалдыгышат жана мышыгы жокторго караганда орто эсеп менен узагыраак жашашат.

• Мышыктар майда деталдарды жакшы ажырата алышпайт, бирок караңгыда жакшы көрүшөт.

• Дүйнөдөгү эң оор мышык австралиялык Химми болгон. Анын салмагы 21 килограммды түзгөн.

• Мышыктар өтө алысты көрө алышат. Орточо эсеп менен адамга караганда жытты 14 эсе жакшы сезишет.

• Мышыктардын паранормалдуу жөндөмдөрү бар, алар коркунучту боло электе эле алдын ала сезишет, мисалы, жер титирөөлөрдү, өрттү, суу ташкындарын жана башка табигый кырсыктарды алдын ала сезе алышат.

• Мышык уктаганды жакшы көргөн жерлер адамдар үчүн жагымсыз, андыктан ал жерлерге керебет же отургучту жайгаштырбаңыз.

• Мышык жаланып жуунса – коноктор келет, ал эми мурдун куйругу менен жаап, тоголок болуп жатып алса – бул суук болорун билдирет.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан