СОМАЛИ – ПИРАТТАРДЫН МЕКЕНИ

Салам, окурман, бүгүн сиз менен Африканын Сомали өлкөсүнө саякатка чыкмай болдук. Бирок ал жакта саякаттоо аябай коркунучтуу. Андыктан ар бир кадамда куралчандарды көрүүгө даяр болуңуз. Пираттардын мекени болгон Сомали кызыктырса, кеттик.

Аянты: 637 657 чарчы метр

Калкынын саны: 16 миллиондон ашык

Борбору: Могадишо

Расмий тили: сомали, араб

Көз карандысыздыкты алган жылы: 1960-жылы Түштүк Сомали Италиядан, Түндүк Сомали (Сомалиленд) Улуу Британиядан бөлүнүп чыккан

Башкаруу формасы: Де-юре президенттик башкаруу, де-факто чачыраган мамлекет

Акча бирдиги: сомали шиллинги

Дини: ислам

Чет жерликтердин жан сакчысыз жүрүшү кыйын

Бул өлкө туристтер үчүн эң кооптуу өлкө болуп саналат. Барып калсаңыз, аэропорттон эле жан сакчы жалдашыңыз керек болот. Бара турган жериңизди да эч кимге айтпашыңыз зарыл. Анткени өлкөдө бир канча террордук топтор бар. Алар негизинен чет жерликтерге “аңчылык” кылышат. Анткени канчалык көп чет элдиктерди өлтүрсө, чет элдиктер жайгашкан мейманканаларды жардырса, ошончолук чоң резонанс жарата алышат. Алар тууралуу эл аралык медиалар ошончолук көп жазышат. Бул топтордун максаты – ушундай резонанс жаратуу. Бул топтордун чалгындоо кызматы да күчтүү, эл арасында жүрүп маалымат жыйноочу адамдары көп, телефондук сүйлөшүүлөр да тыңшалышы мүмкүн. Андыктан туристтерди алып жүрүүчүлөр, таксисттер, жан сакчылар өз ара байланыш үчүн рацияларды колдонушат. Көчөдө куралчан адамдарды, бузулган имараттарды көрүү кадимки көрүнүш. Террордук топтор айылдар, шаарларды ээлеп алышып, өз мыйзамдарын киргизип башкарып келишет. Биз Сомали өлкөсү деп атаганыбыз менен, бул бирдиктүү мамлекет эмес, чачырап кеткен, өз ара согуша берген бир канча аймак. Сомалилендди алсак, ал жерде өз паспорту, президенти бар. Сомалиленд Магадишо сыяктуу коркунучтуу эмес. Туристтер суу жээгинде эс алып, жан сакчысыз жүрө алышат. Мындан тышкары бир канча автономдуу мамлекеттер бар. Алар негизги Сомали менен байланышат, бирок өз Конституциясы менен жашашат. Алардын бири – Путленд, пираттардын мекени.

Кемени тартып алышып, кайра берүү үчүн миллиондорду сурашат

Сомали Европа менен Азияны байланыштырган суу жолунда жайгашкан. Перс булуңунан Жер ортолук деңизине мунай, суюлтулган газ өңдүү товар ташыган компаниялар Африканы айланып отурбай Суэц каналы аркылуу өтүшөт. Бирок бул жерден өтүү аябай кооптуу. Анткени Сомалиде пираттык менен алектенген атайын корпорациялар бар. Алар укмуштуудай киреше табышат. Алар кемени тартып алышып, кайра кайтаруу үчүн миллиондогон евролорду сурашат. Пираттарга кемени басып алуу үчүн акча кошкон ишкерлер өз пайызын алышат. Бул жеңил акча табуу булагы көп жергиликтүүлөрдү кызыктырып өзүнө тартып кеткен. Айрым жерлеринде эл пираттар менен күрөшүш керектигин акыры түшүнүп, аларды жаман көрүп, уяткарып жатып көпчүлүк пираттарды бул иштен алыстата алышкан.

Ичимдик жок, бирок баңгизат бар

Сомали мусулмандардын өлкөсү. Ислам дининин шарттарын аткарууга аракет жасашат. Спирттик ичимдиктерин таба албайсыз, тыюу салынган. Бирок баңгизатына тыюу жок. Ошондуктан жергиликтүү жашоочулар кат деп аталган чөптү чайнашат. Бул чөп базарларда эркин сатылат. Аялдар хиджаб кийишет. Билимдүүлөр аз, жакырчылык өкүм сүргөн өлкө. Көпчүлүк жарандардын үйү жок. Алар кездемелерден, эмнени тапса ошондон курап алачыктарды куруп алып жашай беришет. Сомалиден деңиз азыктары экспорттолот. Өздөрү да деңиз азыктары, төөнүн, койдун, эчкинин эти менен тамактанышат. Эли төө, кой, эчки багышат, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүшөт. Айыл чарбасы ички дүң продукциясынын 60 пайызын түзөт. Сомалинин 90 пайыз аймагы жарым чөл жана кургак саванна болуп саналат. Көп жылдык чөптөр өсөт. Мисалы, акация, тамарикс, фикус, пальмалар.

Акыркы жылдары кургакчылык болуп, суу тартыштыгы орчундуу көйгөй болууда. Көпчүлүк үй-бүлөлөр кенен тамакты мындай кой, ичүүчү сууга зар.

30 жылдай согуштан башы чыккан эмес

Террорчулар кайдан пайда болгон, эмнеге согуш токтогон эмес, ушул суроолорго жоопту сиз да күтүп калсаңыз керек? Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Сомали деген өлкө жок болчу. Сомалиленддин ордунда Улуу Британиянын колониясы эле. Калганы Италиянын аймагы болчу. Ал учурда Италия немистер тарапта болуп, согушта жеңилген тарап болуп калган. Көп талкуулардан кийин эл аралык коомчулук өлкөгө көз карандысыздыкты берүүнү чечкен. 1960-жылы картада Сомали өлкөсү пайда болгон. Ошол учурда бул өлкөгө Советтер Союзу 40 миллион доллар жумшап, аскердик флот түзүп, адистерин жөнөткөн. Москва бир тарабынан элди ачкалыктан кырылып калуудан сактаган. Бир четинен аларды көп курал менен камсыз кылып койгон. Азыр деле базарларында советтик курал-жарактар сатылат. Кийин күчтөнүп калганда жергиликтүү бийлик коңшу өлкөлөрдө Сомалиге таандык делген аймактарды кайтарып алууну көздөйт. Ошентип Сомали Эфиопия менен согуша баштайт. Эфиопия дагы ал учурда СССРди кызыктырган аймак болчу. Москва Эфиопия тарапта болуп, Сомалинин таш-талканы чыккан. Жыйынтыгында өлкө бир канча бөлүккө бөлүнүп, ал бөлүктөрдү ким күчтүү болсо, ошолор башкарып калган. 1980-жылдары жарандык согуш тутанып, баш аламандык башталган. Бул согуштар 30 жылга жакын созулган. Жардам катары сырттан жөнөтүлгөн азык-түлүктүн баарын жергиликтүү баш кесерлер тоноп алышчу. Бул тоноолордун автору Мухамед Айдидди токтотуу үчүн АКШ БУУнун тынчтык орнотуучуларын, 26 миң аскер кызматкерин өлкөгө киргизет. Мухамед Айдид баш кесерлердин баарын бириктирип, жергиликтүү радио аркылуу “силерди кул кылып алганы жатышат” деп элди БУУнун аскерлерине каршы үгүттөйт. Айдиддин 2 кишиси колго түшөрдө катуу тиреш башталган. Карапайым калк дагы аскерлерге каршы күрөшкөн. Аялдар да, жаш балдар да ок аткылашат. 2 тик учакты атып түшүрүп, 19 жоокерди жок кылышкан. Жыйынтыгында АКШ Сомалиден өз аскерлерин алып чыгып кеткен. Ошентип талаа командирлери өз эрежелерин орнотушуп, көп жылга өлкөдө башкаруучу күч болуп кала беришти.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан