Бул жыл Токмоктун ырчы кызы Каныкейдин мүчөл жылы. “Коёнго кайсы сапатың окшош?” дегенде “аябай коркокмун, тарс эткенге чочулай берем” деп жооп берди. Жыл жаңырарда биздин дилмаектин коногу Каныкей болду.
– Каныкей, Жаңы жыл сен үчүн кандай майрам? Негизи эле кайсы майрамды жакшы көрөсүң?
– Майрамдарды бөлүп, башкалардай чыдамсыздык менен күтүп көргөн эмесмин. Эл катары белгилеп коём. Мага бардык майрам бирдей эле.
– Ошондой болсо да, эсте калган Жаңы жылың болду беле?
– Эстешим керек экен. Канча жашта экеним эсимде жок, бир ирет Жаңы жылда ушунчалык салют аттыргым келген. Бирок шарт жок ала албай калганбыз. Азыр менде мүмкүнчүлүк болгону менен, салют аттыруунун такыр кызыгы жок.
– Кайсы сапатыңды баалайсың да, кайсынысын оңдогуң келет?
– Кайсы бир сапаттан арылгым келет дебейм, анткени идеалдуу адам бул жашоодо болбойт.
– “Коё бергин мени кайгы” деген ырыңды кайсы кайгыдан арыла албай жаздың эле?
– Негизи, ага токтолуп, эстегим келбейт. Ошондой болсо да, суроого жооп берейин. Каныкей кичинекей кезинде башка балдардай эле ата-энесине жардам берчү. Балдар менен кулпунай терип иштечүмүн. Бул мен үчүн оор болчу, бирок чыдачумун. Бул ыр кайсы бир түпкү маанисинде балдардын эмгеги тууралуу. "Коё бергин мени кайгы, мен эми башкамын" дегендей, ал оор күндөр артта калды. Дегеним, азыр мен башка адаммын.
– Билишимче, агаң бар. Жеңең менен мамилең кандай?
– Алар Кореяда жашашат. Бизден алыс болгондуктан, чындыгында эле мамилебиз да алыс. Мен жеңемди жакшы билбейм.
– Эртең менен туруп күзгүнү карасаң эле эркекке айланып калдың, сенин реакцияң? Эмне кылат элең?
– Эч нерсе. Артка кайрылууга арга жок деп кийинип алып сабакка кете бермекмин.
– Кантип? Эч кандай реакция кылбай элеби? Кыйкырып, бакырып дегендей...
– Ооба, эмоцияга алдырмак эмесмин. Биринчи, билдирбей сабакка бармакмын, анан дарыгерге барып, “эмне үчүн ушундай болуп калды?” деп сураштырмакмын.
– Жакында биз Балдар үйүндө болдук. Сурайын дегеним, Балдар үйүнөн бала багып алат белең?
– Бул тууралуу ойлонгом. Эгер шартым, баланы тарбиялоого материалдык мүмкүнчүлүгүм болсо, багып эле алмакмын.
– Кайсы өлкө, кандай имарат өзгөчөлүү жайы менен эсиңде калган? Дегеним, саякатты жакшы көрөсүңбү?
– Саякатты сүйбөгөн адамды кезиктирүү кыйын болсо керек. Мен барган өлкөлөр өнүккөндүгү менен жаккан. Мисалы, Берлин, Лондон, Стамбул шаарларында, АКШнын бир нече штаттарында бийик, кооз имараттар көз жоосун алат.
– Кайсы музыкалык аспапта ойной аласың?
– Фортепианодо гана ойной алам. Арфада ойноону үйрөнгүм келет. Билишимче, ал аспап бизде жок.
– «Байлыктан да, бийликтен да баалуу нерсе – сүйүү» деп мурун интервью бергенсиң. Ал баалуулук учурда сени менен жашайбы?
– Дүйнөнү сүйүү сактап келген. Сүйүүм трагедиялуу же ийгиликтүү болсо да, сүйүүдөн бак айтпаса да жашай алам.
– Сүйүү эле дешет, сенин көз карашыңда ал эмне?
– Англиялык окумуштуулар “сүйүү бул – оору” деп чыгышты. Буга кошулам, акыркы кезде сасык тумоо жугуштуу ооруга айланууда. Бардык адамдар кабылат, бирок андан дарыланса болот. Ата Мекен, ата-эне, жакындарга болгон сүйүү баарынан артык. Ал эми жигитке болгон сүйүүсүз жашаса болот.
– “Жигитим бар, ал чыгармачыл адам” деп интервью бергенсиң, дагы деле сүйлөшүп жатасыңарбы?
– Жеке турмушум тууралуу айткым келбейт. Бир нерсени айтайын, ал бар, жашап жатат, бирок менден алыс, мени менен эмес.
– Жүрөгүң бош турбайбы. Сенин назарыңды кандай мырзалар бурат?
– Сырткы келбети андай, мындай болуш керек деп айтпайм, эң негизгиси, гений адам болуш керек. Ал бардык кемчилигин жабат.
– Бүгүнкү замандын Эйнштейн, Аристотелдерин издейсиңби?
– Ооба (күлүп).
– Кайсы артист мырзаларды эталон дейсиң?
– Эрнест Абдыжапаров, Актан Исабаев, музыкант Нурлан Нышанов.
– Бир күндүк өмүрүң калды десе эмне кылмак элең?
– Эч нерсе кылбайт элем. Ичер суум түгөнгөнүнө баш иймекмин. Анан күтүп отурмакмын.
– Ырларыңдын сөзүн өзүң жазасың. “Сарала”, “носонтэ” сыяктуу сөздөрдү өзүң гана түшүнөсүң, башкалар бул философияңа түшүнбөй калышууда...
– Биз эч качан бир нерсе менен чектелип, чет элдиктерди агалап, эшигин сагалабашыбыз керек. Андан көрө өзүбүз жаңы нерсени ойлоп табуубуз керек. Мен эч кимди түшүн же түшүнбө деп таңуулабайм. Ар ким өз каалаганын тандайт, угат. Жаңы нерсе керек, өсүш керек. Менин жасап жаткандарым жаңы нерсе дейм.
– Носонтэ деген сөздүн “энеси” сен турбайсыңбы?
– (Күлүп) Ооба. Мен ыр жазам, жазбай коё албайм. Жазып жатканда жаңы сөздөрдү өзүм эле жаратып алганым жагат.
– Түшүнүктүү. Болочокто көп сөздөргө “апа” болот турбайсыңбы. Өзүңдүн стилиң жагабы, жүдөп кетпейсиңби?
– Ооба, аябай жагат. Бул – жашоонун жаңы азыгы. Жаңы боёкту адамдарга берип жатам. Жагып турса кантип жүдөйм?
– Өзүң менен иштеген командаң тууралуу айтып кетпейсиңби?
– Келишим боюнча, мен “Каныкей” долбоорун түзгөн команда тууралуу айтпашым керек. Негизи, 10 адам иштейт. Бири стилимди, экинчиси ырларымды көзөмөлдөгөн, үчүнчүсү аранжировка жасап, айтор, чоң команда.
– Башыңдан өткөн кайсы окуяга жүрөгүң катуу сыздайт?
– (Көпкө унчукпай) Жарым жыл болду, эң жакын адамым – атамдан айрылдым. Буга кенен токтолгум келбейт. Дайыма жаныңда жүргөн адам кокустан эле бизди таштап, жок болуп кетет экен. Биз буга даяр болушубуз керек тура.
– Сахналаштарың сен тууралуу “учурда эстраданын популярдуу ырчыларынан эч кимди тааныбайт” деп айтышат. Мунун канчалык чындыгы бар?
– Тааныйм, чыгармаларын угам, билем. Бирок эч кимиси менен мамиле куруп, сүйлөшүп көргөн эмесмин.
– Алдыдагы пландарың менен бөлүшүп кетпейсиңби?
– Январда жеке концертимди бергени турам. Буюрса, жогорку деңгээлде өтөт деп ишенимдүү айта алам. Учурда ошол концерттин үстүндө иштеп жатам.
– Аяз ата бир каалооңду аткарам десе, эмнени сурайт элең?
– Ой, билбейм. Негизи, Аяз атадан материалдык нерсени сурай албайм, уят да. Адам өзү иштеп табуусу зарыл.
– Жаңы жылдан эмнени күтөсүң?
– Жаңы жылда жакшы нерсенин баарын күтөм. Ал эми жакшылыктын чеги жок.
– Ойлогон максатың ишке ашсын, келип жылуу маек куруп бергениңе рахмат.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg