“Чоң энем мени ишке бышырып өстүрдү”
– “Апам жапкан нанды сагындым” деген сөздүн түпкү философиясы – бул нан жапканды гана туюндурбайт да. Бул жерде көп нерсе камтылган. Бул сөздү укканда эсиме чоң энем келет. Себеби мени 6 айлык кезимден тартып 7-класска чейин ал киши багып, тарбия берди. Чоң энемдин аты Мунара. Апамдын наны сонун, мантысы ушунчалык даамдуу болчу. Колунан бардык иш келчү. Мени көкүрөк күчүгүм деп абдан эркелетер эле. Кандай эркелетсе, ошондой катуу урушуп да койчу. Өзү темирдей бекем киши эле. Чоң апамдын колунда чоңоюп жакшы тарбия алганыма Кудайга шүгүр айтам. Каада-салт, ырым-жырымдарды, аял кишинин жашоодогу миссиясы кандай болуш керектигин, кол өнөрчүлүк, тазалык, баарын ошол киши үйрөттү. Жүн сабап, кийиз жасап, шырдак шырып, сайма сайганды билем. Шырдак жасап балдарына улуулата энчилечү. Кой төлдөп жатканда козу алышып, кышында кар күрөчүмүн. Мени үй ишине да, сырткы жумушка да бышырып, күчтүүлүккө үйрөткөн. Ошол күч менде азыр да бар.
“Сынык идишти колдонбо дечү”
– Чоң апам абдан таза аял болчу. “Тамак жедиңерби, идишти сөзсүз жууп жаткыла, жуулбаган кашык дагы калбасын” дечү. “Жатарда үй шыпырбагыла, ырыскы качат, күндүз тазалагыла, чайнектин ичинде дайыма суу болушу керек, периштелер суу ичип ырыскы чачып кетет. Чети сынып, жарака кеткен идишти колдонбо” деп да айтчу. Мен ушул кеңештердин баарын жашоомдо колдоном, үйдө бир буюмдун чети сынабы, жарака кетеби, кымбат экенине карабай ыраазычылык айтып ыргытып жиберем. Бирөөнүн бут кийими тескери карап жатса да оңдоп туруп басып кет дечү. Азыр да тескери карап жаткан бут кийим көрсөм оңдоп кетмей адатым бар. Чоң апамдын ушул мүнөз-адаттары менде калыптанган.
“Өз апамды Алия эжеке дечүмүн”
– Апам экенин билчүмүн, бирок өз апамды Алия эжеке дечүмүн. Аны абдан жакшы көрчүмүн. Ал киши мугалим да, жапжаш, чачын тыпыйтып түйүп, модалуу костюмдарды кийип койкоюп басып жүрчү, 1970-1980-жылдардагы ретростилди билесиңер да. Ата-энем да, чоң энем экөөбүз да Нарын шаарында жашачубуз. Өз апамдын келе жатканын көргөндө чуркап барып кучактап алгым келчү. Бирок чоң апам колумдан бекем кармап жетелеп алчу да. Анан жөн эле “Алия эжеке, кандайсыз?” деп койчумун. Чоң апам жок кезде апама чуркап барчумун. Ал заманбап кийинип, жапжаш болуп турса аябай “мама” деп айткым келчү. Ал дагы мени кучактап, өөп-өөп алып, “кой, апаң көрүп калат” дечү. Чоң апамды апа дечүмүн да. Ал мени ата-энемден катуу кызганчу.
“Ата-энеме келгенде курорттогудай эле жүрдүм”
– 7-классты бүткөндө ата-энемдин колуна келдим. Курортко келгендей эле жыргап жашадым. Эч бир жумуш жасаган жокмун. Гүлгө суу куюп, атамдын көйнөгүн жууп, үтүктөп койчумун. Анткени атам бир жолу “Асел кийимди сонун үтүктөйт экен” деп мактап койгон эле. Ушул кезде “Алия эжеке, ой, мама” деп жатып көнүп кеттим. “Кой, антсең апаң таарынат” десе, “таарынбайт, аны апа дейм, сизди мама дейм” дечүмүн. 8-классымда музыкалык окуу жайга тапшырып Фрунзеге кеткем. Баарыбыз удаа студент болдук да. Апам балдарынын баарына өзүнүн, атамдын айлыгынан тең бөлүп берчү. Экөөнүн айлыгы кенен жетчү. Кийинтип-ичинтип, бизден эч нерсе аяшкан жок.
“Апам билимдүү аял, азыр деле китепти көп окуйт”
– Апам абдан оор басырыктуу, мендей болуп көп сүйлөбөйт. Билимдүү, интеллигент аял. Физика-математикадан сабак берчү. Мектепте окуу бөлүмүнүн башчылыгына чейин жетти. Анан кечки мектепте иштеди, кийин башталгыч мектепте сабак берип жүрдү. Азыр деле карып баратам дебейт, китепти абдан көп окуйт. Окуганын бизге абдан көркөмдөп айтып берчү. Мурун жетишпей калганда “мен бул жерине чейин окудум, калганын сиз окуп мага айтып берип коюңузчу” деп кетип калчумун. Ал мага баарын түшүнүктүү кылып айтып берчү. Азыр деле апамдан көп нерселерди сурайм. Кичинемде мени чоң энеме берип койгонуна кээде таарынган учурлар болот. Себеби бир туугандарыңдан баары бир бөлүнүп калат экенсиң. Ар бирибиз ар башка тарбияда чоңойдук да. Эмне бизди бөлүп салгансыз деп таарынып калабыз. Эми ал кезде ата-энем жаш, Фрунзеде болушту, апам студент, атам иштейт. Ошондуктан чоң эне, таенебиздин колунда өсүп калдык да.
“Атам апамды катуу сүйчү”
– Апам да Нарындын кызы. Таята-таенемдин жалгыз кызы болгондуктан бөпөлөп, абдан эрке өстүрүшүптүр. Атам да апамды катуу сүйчү, “Алике” деп өмүр бою сыйлап өттү. Азыр ойлонуп көрсөм, апам эркелегенге көнүптүр да. Жашы улгайган сайын таарынчаак болуп бара жатат. “Эрке өскөн апамды эркелетип багалы” деп калам. Колдон келишинче апабызды таарынтпаганга аракет кылып жатабыз. Ага жакшы гана жаңылыктарымды айтам. Себеби негативди оор кабыл алышы мүмкүн да.
Динара Акимова