Талант 60`К, Айя Садырова: «АЙЛАНЫП КЕЛИП ЭЛЕ ЫРЛАРЫБЫЗ РОМАНТИКАЛУУ БОЛУП КАЛАТ»

Сүйүү жөнүндө романтикалуу ырлары менен бул дуэт элдин табитин тапты. Ортодо тыныгуу алышты, чогуу иштешпей калып, кайрадан жаңы ырлары менен угармандарын кубандырып турган убагы. Талант Кадыров менен Айя Садыровадан кызыктуу маек.

– Кандайсыздар? Кандай жаңылык менен келдиңиздер?

Талант: – Саламатсыздарбы? Быйылкы жылдын эсебинен экинчи клибибизди тартууладык. Биринчи клип Бек Борбиевдин “Кыялымдагы жомок” ырына тартылды. Экинчиси өзүбүздүн жаңы чыгармабыз “Сагындым сени” деп аталат. Кечээ эле эл сынына койдук. Жакында дагы бир ырыбыз чыгат. Кайсы ыр экенин айтып салалыбы?

Айя: – Жоок. Элге сюрприз болсун. Мен иш жасалып бүтмөйүнчө анын жарыяланышын каалабайм.

– “Кыялымдагы жомокту” эмнеден улам ырдап калдыңыздар?

Талант: – Бул чыгарманы бала кезден жакшы көрүп укчумун. Нуриса Абазова ырдаган, Бек байкенин ыры экенин кийин билдим. Бул ырды чогуу ырдайлы деп Айяга сунуштадым. Айяга жакты, анан аранжировка жасатып, стилин тандап жаздырдык. Ыр да, клип да жакшы чыкты, элге жагып жатат. 2-3 айда эле 2-3 миллион көрүү топтоптур, сүйүнүп жатабыз.

Айя: – Талант мага көп ыр сунуштады. Баарын угуп талкууладык. Анан ушул ырга токтолдук. Ыр романтикалуу. Биздин репертуарга туура келет. Романтикалуу, уккулуктуу ырлар жагат бизге. Бек байкенин бардык ырлары сонун.

Талант: – Ооба, лирикалуу сонун ырлары бар. Иши кылса Бек байке ырларынын баарын бизге ылайыктап жазып бергендей сезиле берет. Кайсы ырды чыгарбасын биз ырдагыбыз келет. Чынында, ырларынын обондору, кайрыктары, сөздөрү баа жеткис.

Айя: – Бек байкеге чоң рахмат ушундай ырлары үчүн. Талант экөөбүз ушундай легенда жашаган заманда жашап жатканыбызга ыраазыбыз. Бек байке уруксат берсе, негизи дайыма эле уруксат берет, бардык ырларын ырдай бермекпиз. Бирок акыркы күндөрү өзүбүздүн автордук ырларыбызды чыгаралы деп айтып жатам Талантка. Биз деле жаза алабыз, чыга элек даяр ырларыбыз да көп. Бирок убактыбыз жок болуп жатат. Эски ырды ырдаган жеңил. Мен дайыма Талантка “атаң улуу композитор, өзүң да жакшы музыкаларды жазасың. Сен да өз ырларыңды чыгарышың керек. Балдарың, неберелериң кийин атам Талант Кадыров деп айтып, сыймыктанышы керек” деп калам.

– Ошондо автордук ырларыңыздарды качан угабыз?

Талант: – Айя экөөбүз эски ырларды жаңылап ырдайбыз да. Стилибиз ушундай болуп калды. 60-70 пайыз угармандарыбыз “эски ырларга жан берип чыкканыңар силердин стилиңер, бизге жагат” дешет. 30-40 пайызы “өз ырларыңар жокпу, жаңы ыр жаза албайсыңарбы” дешет. Эски ырларга басым жасай бергенибиз үчүн жаңы ырларга убакыт жетпей жатат. Атамдын обондору, Айянын, менин обондорум, жаңы да, эски да чыгармалар бар, толук иштеп чыгууга жетишпей жатабыз.

Айя: – Бирок автордук ырларыбыз такыр жок эмес, мисалы, “Мен сени, жаным, таптым, ай” ыры өзүбүздүкү.

– Сиздердин оюңуздарча, эски ырлардын кайсынысын оригиналына тең же ашырып ырдадыңар, кайсы ырды жеткире ырдай албай калдыңар?

Талант: – Ашып кеттик дей албайбыз. Колдон келишинче обондорун бузбаганга, сөздөрүн тагыраак ырдаганга аракет кылдык. Авторлор мага жакпай калды десе, ырдабайт болчубуз. Жаздыргандан кийин дайыма авторлорго угузабыз. Аларга жакса чыгарабыз. Жакпай калса чыгарбайт болчубуз.

Айя: – Көп ырларды башкача ырдасак деле болмок. Мен башкача ырдамакмын. Бирок Талант дайыма “назик үн менен ырда, эл ушундай ырдаганды жакшы кабыл алат” деп мага багыт берип турат. Кээде заманбап, динамикалуу ырдайбыз дейбиз да, аягында кайра эле гитара, пианино, скрипканы кошуп алабыз. Кайра эле романтикага өтүп алабыз. Анан бул биздин стиль экенин түшүндүк. Бирок баары бир бир күнү башкача ыр чыгарабыз.

– Экөөңүздөр чогуу иштеп жүрүп бир убакта таарыныша кеттиңиздер да, кийин кайрадан чогуу иштеше баштадыңыздар. Буга себеп эмне болду?

Айя: – Мен эс алгым келди. Талант иштегиси келди. Анан “мен эс алам” десем, таарынып калды. Эмнеге таарынды билбейм (күлүп).

Талант: – 2019-жылга чейин катуу иштедик. Күн-түн дебей студиялап, той, концерттерде жүрүп үйдө отурбай калганбыз.

Айя: – Жадакалса Жаңы жылды Орусиянын түндүгүндө тосконбуз, аябай суук болгон.

Талант: – Дагы да катуу иштеп салалы деп аракет кылып жатсам, Айя чарчап калыптыр. Мен аны түшүнбөптүрмүн. Ошонун айынан түшүнбөстүк болгон.

– Дуэтке караганда жалгыз ырдаганыңар элге жакшы кабыл алынбагандай сезилет. Кайрадан чогуу иштеп баштаганыңыздарга бул да бир себеп эмеспи?

Талант: – Андай деп айта албайм. Айя 1-2 ыр чыгарып ырдады. Мен дагы жекече ырдап, клип тартып жүрдүм. Себеби ал кезде пандемия болуп эл музыкага кызыкпай калган кез болчу. Ага чейин өзүбүзчө эле ырдап жүрчүбүз да. Өз атыбыз бар болчу. Жеке ырдасак деле угармандарыбызга жетет ырларыбыз.

– Шоу-бизнестеги эң чоң түйшүк эмне сиздер үчүн?

Талант: – Жолдо көп жүрөбүз, мен үчүн түйшүгү ошол. Жеке учагыбыз жок да (күлүп), унаада жүрүп жолдон эзилип калабыз. Кээде бир күнү Жалал-Абадда тойдо болсок, эртеси күнү Ысык-Көлгө барыш керек болуп калат.

Айя: – Мен үчүн дагы жолдо узак убакытка жүрүү оор. Талант чарчап калганда унааны мен айдап алам. Жалгыз иштегендерге аябай эле оор болсо керек. Алыска узак убакытка гастролго чыгуу да оор. Мырзалар костюмун кийип алып кете беришет да. Биз, кыздар, кийинишибиз керек, жасанышыбыз керек. Көбүнчө барган жерибизде шарттар болбой калат. Ошондон кыйнала берем. Бирок баары жакшы, бизди уккан, чыгармачылыгыбызды сыйлаган күйөрмандарыбыз бар, баарына ыраазыбыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Sakubek
2022-10-24 16:47:00
Экөө эрди катынбы же о лордонбу
-1
aidai_suluukyz
2022-10-25 18:38:00
Sakubek Аны бир Аллах анан экоо билет. Таланттын аялы унчукпайт бекен деп эле ойлоно берем. Аянын го кой деген кожосу жок.
-1
Sancho-
2022-10-27 00:43:00
Чогуу ырдап койушса эле. Эрди катын болуп калмак беле.
+4
AiKur
2022-10-28 02:19:00
Ырлары сонун. Акыркы чыккан ыры да жагат. Бирок Айянын уну жок такыр
0
Гулнура
2022-10-31 00:29:00
Ийгилик каалайм. Ырларыңарды сүйүп угабыз.Таланттын аялы түшүнүктүү.Талант таланты,ырлары,менен үй бүлөсүн багып жатканын түшүнөт.Дагы жакшы ырларды күтөбүз.Ар дайым чогуу иштерине.
0
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан