Кыргыз-Тажик чек арасы: ТАЖИКСТАН АСКЕРДИК ДАЯРДЫК КӨРҮҮДӨ

Кыргызстан Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыңалган кырдаалды жөнгө салууда Орусиядан жардам сурады. Бул тууралуу 17-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов радиолордун бириндеги түз эфирде билдирди. Айтымында, президент Садыр Жапаров Астанадагы жолугушууда Орусия президенти Владимир Путинге чек ара маселесин чечүүдө ортомчулук кылууну сунуштады. Путин бул сунушту кабыл алганын белгилейт Иманкулов. Аталган жолугушууда Путин Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча Москвадагы архивдик документтерди карап чыгуу керектигин айткан эле.

19-октябрда коргоо министри Бактыбек Бекболотов Бишкекте маалымат жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын тил табышуусу кыйын экенин айтты. Ушул эле күнү УКМКнын Чек ара кызматы "Тажикстан аскердик даярдык көрүп, чек арага курал-жарак сактап жатат" деп билдирүү жасады. УКМК Тажикстан тарап ортодогу макулдашууну бузуп жатканын эскертти.

Тажикстан 25-сентябрдан бери Кыргызстандын аба мейкиндиги бузуп, чалгындоо ишине дрондорду пайдаланганын ырастаган 10дон ашык факт бар экени айтылды. Кыргыздын чек ара кызматы Тажик тарапты кол коюлган протоколдун талаптарын аткарууга, абалды курчутуучу аракеттерин токтотууга чакырды.

Парламенттин 20-октябрдагы жыйынында депутаттар Кыргыз-Тажик чек арасындагы шектүү жагдайлар боюнча тез арада сүйлөшүү жүргүзүү керектигин айтып чыгышты. Депутат Балбак Түлөбаев Борбордук Азиядагы мамлекет башчыларын Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалга кайдыгер карабоого чакырды.

– Кыргыз-Тажик согушуп кетчү болсо, бул жалпы Борбордук Азияга тарайт, баарыбыз өрттөнөбүз. Эки өлкө согуша берсин, биз сырттан карап турабыз деген туура эмес. Орто Азиядагы стабилдүүлүк Кыргызстан менен Тажикстандан башталат,- деди Түлөбаев.

Кыргыз-Тажик чек арасына БУУнун же ЖККУнун аскерлерин киргизүүнү сунуштаган депутаттар да болду. Чек ара аймагына ортомчу күчтөрдү киргизүү керектигин буга чейин Кыргыздын Коргоо министрлиги да айтып чыккан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан