ЧЫҢГЫЗ АЙДАРБЕКОВ КОМИТЕТ ТӨРАГАЛЫГЫНАН КЕТЕТ

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков 19-октябрда “комитет жетекчилигинен кетем” деп билдирүү жасады. Айтымында, ага кызматты тапшыруу талаптары айтылып жатат, себеп – Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору.

– Өткөн аптада өкмөт келишимдин долбоорун комитетке алып келип, макулдук бергиле деп сурады. Документтер толук берилген жок, бизди шаштырышты. Мен кол койгон жокмун, баарын регламенттин негизинде жасадым. Учурда мени комитет төрагалыгынан кетиши керек деген сөз пайда болду. Ээлеген кызматты тынч тапшырып берейин деп чечтим, арыз жазууга даярмын,- деди Айдарбеков.

Айта кетсек, 10-октябрда Айдарбеков жетектеген комитетте Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору талкууланган. Келишим долбоорун 6 депутат колдоп, 4 депутат каршы болгону айтылган эле. Комитет төрагасы катары Айдарбеков дагы каршы добуш берип, комитеттин чечимине да кол койбой турганын билдирген. Себебин “документтер менен толук таанышкан жокмун” деп түшүндүргөн болчу.

18-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чыңгыз Айдарбеков комитеттин чечимине кол койбой, өзүнө упай топтогусу келип жатат” деп билдирген эле. Парламенттеги 5 фракциядан Айдарбековду комитет төрагалыгынан чакыртып алуу боюнча сунуш түшүп, 20-октябрда кызматтан бошотулду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан