Парламент спикери Нурлан Шакиев мыйзам жазууда кыргыз тилине артыкчылык берилиши керек деген пикирде. Бул тууралуу төрага
18-октябрда Жогорку Кеңештин бөлүм башчыларын кабыл алууда билдирди. Шакиев мамлекеттик тилди колдонууда парламент бийликтин башка бутактарына үлгү болушу керектигин айтты.
– Бардык мыйзам актылары адегенде мамлекеттик тилде даярдалып, андан кийин расмий тилге которулушу керек. Парламент мыйзам чыгаруучу жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү орган катары мыйзам долбоорлорун кароодо мамлекеттик тилдин талаптарын жана эрежелерин эске алышы зарыл. Орфографиялык, стилистикалык жана пунктуациялык каталарды кетирбеши кажет,- деди төрага.
Ошондой эле Шакиев парламенттин аппарат кызматкерлерин ыкчам иштөөгө, бюрократияны жоюуга чакырды. Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү боюнча элге так жана туура маалымат жеткирүү зарыл экенин да белгилеп буларды айтты:
– Коомчулук менен иштешүү бөлүмүн күчөтүү керек. Өз убагында берилген ишенимдүү маалымат парламенттин ишине ачык жана туура баа берүүгө шарт түзөт.