Жогорку Кеңештин 4 жолку депутаты, саясатчы Каныбек Иманалиев менен кеңири баарлашып отурдук. Каныбек мырза акыркы учурда чыгармачылык орбитада жүргөнүн, аны менен катар саясий процесстерге да сырттан баам салып турганын билдирди.
– Саламатсызбы, Каныбек мырза? Саясий майданда көп көрүнбөй кеттиңиз, учурда эмне иштер менен алексиз?
– Арыбаңыз, биз эми колдон келишинче аракет жасадык. Парламентаризмди сактап калууга аракет кылдык, бирок эл президенттик башкарууну тандады. Элдин тандоосун сыйлашыбыз керек, эл өзү тандаган башкарууну да көрөлүчү. Жаштарга иштегенге мүмкүнчүлүк берели. Саясатта мен азыр байкоочу катары элемин. Саясаттан тышкары менин чыгармачылык деген да дүйнөм бар. “Кыргыздар” деген китебим 7 тилде чыгып, эми дагы 3 тилге которулуп басылып жатат. Жакында атамдын элесине арналган “Нарк-Нааме” аталышындагы китебим жарык көрөт. Ичинде 100дөй чакан аңгеме бар. Бул чыгармада кыргыздын баалуулугун, наркын, дөөлөтүн, жаратылышын, аялзатына болгон сый мамилесин, кыргыздын жалпы эле мусулман, түрк элдерден өзгөчөлүгүн, айырмаланып турган бийиктигин айтып берейин дедим.
Көп жыл саясатта жүрүп өзүмө жетишерлик көңүл бөлбөй калган экенмин, спорт менен да машыгып жатам. Күн алыс сууда сүзүүгө барам. Кыскасы, чыгармачылык менен спортко баш-отум менен кирдим. Кээде жаратылышка чыгып келем, тоо аралайм. Саясаттан ырахат ала албайсың, ырахатты искусстводон, көркөм өнөрдөн, китептерден, руханий дүйнөдөн гана аласың. Азыр мен ошол дүйнөнүн орбитасында жүрөм.
– Саясатка сырттан баам салып турам деп калдыңыз, Кыргызстандын эл аралык саясаттагы орду, таасири кандай болуп жатат, сиздин оюңузча?
– Тиги-бу дебейин, мен азыр кардиналдуу сын-пикирден алысмын. Эл аралык саясатта улуттук кызыкчылыкты колдоодо жылыш бар. Кытай менен мамиле жанданып келе жатат. Акыркы Тажикстандын агрессиясында бизди 4 эле өлкө колдоду: Кытай, Пакистан, Түркия, Азербайжан. Демек, ушул өлкөлөр менен жылуу мамиледе болуу зарыл. “Кумтөрдүн” улутташтырылганы жакшы көрүнүш. Алдыда масштабы жагынан “Кумтөрдөн” кем эмес “Жетим-Тоо” долбоору турат. Аны иштетүүдө “Кумтөрдөй” кылбай, 100 пайыз улуттун кызыкчылыгына иштей тургандай кылыш керек. Ошондо экономикада секирик болот. Биздин экономикада 10-13 пайыз өсүү Усубалиевдин мезгилинде гана болгон. Андай өсүүгө жетүү үчүн чоң реформалар керек. Биринчиден, Грузиядагыдай либералдуу өзгөрүүгө баруу зарыл. Мамлекет жеке менчикке көп эркиндик берип, аны коргоонун кепилдиги болушу зарыл. Экинчиден, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун тез бүтүрүү керек. Үчүнчүдөн, коррупция менен реалдуу күрөшүп, “Жетим-Тоону” ишке киргизүү зарыл. Анын элге тийчү пайдасы, экологиялык кесепети эске алынуусу шарт.
– Жаштарга мүмкүнчүлүк берели деп калдыңыз, бирок үмүт артылып кызматка дайындалган жаштар деле пара алууга шектелип кармалып жатпайбы? Дегеле саясий муун кантип алмашуусу керек?
– Буга бүгүнкү бийлик гана эмес, баарыбыз күнөөлүүбүз. 30 жылда системдүү түрдө кадрларды эч ким даярдаган жок. 2000-жылдарга чейин президенттик аппаратта 2-4 жыл иштеп, анан аким, губернатор, министр болуп кетишчү да. Азыр ал тажрыйба иштебей калды. Менимче, 3 багытта иш алып барышыбыз керек. Биринчиси, Орусиядагыдай программа киргизүү зарыл, алар мамлекеттик кызматкерлерди атайын сынак менен тандап, 1000 адамдын арасынан алдынкы орундарды алгандарды жалаң губернатор, министр кылышты. Биздегидей окууну бүтүп эле дароо чоң орунга барып отуруп калбайт. Экинчиси, мамлекеттик кызматкерлерди даярдоочу дүйнөлүк мектептер бар. Мисалы, Татарстан өз кадрларын Сингапурдан окутуп жатат. Үчүнчүсү, Кытайда мамлекеттик кызмат – бул чоң искусство. 18-60 жашка чейин атайын окутуп, даярдалып, 60 жаштан кийин саясатка кирише алат.
Кыргызстан саясатчылардын саны жагынан биринчи орунда турса керек. Саясат – бул күнүмдүк саясий кызыкчылык. Черчилдин “саясатчы шайлоо үчүн иштейт, ал эми мамлекетчил адам мамлекеттин келечеги үчүн иштейт” деп айтканы бар. Андыктан кадр тандоодо Совет доорунун тажрыйбасын, моделин алсак болот. Айлыктарды көтөрсөк деле иштин натыйжасы болбой жатпайбы.
– Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыковдор кырчындай кезинде кыргыз мамлекетин түптөөгө, элди агартууга салымын кошушкан, балким, бизге ошондой тазалык менен мамлекетин сүйгөн кадрлар керек?
– Ар бир доордун өзүнүн кыйындары болгон. Биз ошол адамдардын эмгегин билмейинче азыркы эгемендигибиздин баасын, наркын түшүнбөйбүз. Болбосо Жусуп Абдрахманов 22 жашында кыргыз автономдуу облусун түзүүнү сурап Сталинге кат жазыптыр. Ошол доордо улут кыйналып, Үркүн болуп кыйын кезеңде эркек балдар эрте жетилсе керек. Билимдүү адамдар да аз болгон. Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбековдордун Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон салымы опол тоодой. Биз – алардын урпактары өмүр бою карызбыз. Булар кырчындай кезинде мамлекеттин пайдубалын түзүп коюп курман болушту. Азыр миңдеген саясатчыларыбыз бар, бирок Ж.Абдрахманов, Т.Усубалиев, И.Раззаковдун деңгээлинде бир да татыктуу мамлекеттик менеджерибиз жок. Биздин трагедия ушунда. Азыр эмне, чөнтөктө сотка, эки-үчтөн дипломубуз бар, айдаганыбыз кымбат унаа, бирок биздин азыр, 100 жылдан кийин да мамлекеттик түшүнүгүбүз, тазалыгыбыз, аң-сезимибиз ошолордун деңгээлине жете элек. Ошондо автономдуу облус болбогонубузда кийин союздук республика болбойт элек, союздук республика болбосо кантип Кыргызстан деген мамлекет жаралмак? Ошону сезе билип, бөлүнүп чыгышкан. Азыр деле "тиги же бул өлкөнүн карамагына кошулалы, алар жок күнүбүз бүтөт" дегендер бар. Бул кулчулук аң-сезим. Эгемендик биринчи адамдын мээсинде, анан жүрөгүндө болот. Саясий элита кулчулук аң-сезимден арыла элек, андан кутулмайын толук кандуу эгемен өлкө боло албайбыз.
– УКМК башчысынын жаңы “Байрактар Акынжы” менен түшкөн сүрөтүн айрымдар сындап жатышат. Кандай аскердик техника алганыбыз сыр бойдон калышы керек беле?
– Бизде атайын мамлекеттик сыр жөнүндө мыйзам бар. Бул сүрөт жарыялоонун тактикасы – коңшуларга күчүбүздү көрсөтүү белгиси болушу да мүмкүн. Минтип сүрөткө түшүп көрсөткөнү – өтө чоң кемчилик деле эмес. Эгер “Байрактар Акынжыны” алышса, анда жакшы иш болуптур. Бизде абадан сокку уруу техникасы жок эле. Тажиктер күчтү гана тааныйт. Андыктан аскердик техникаларыбызды, армиябызды күчтөп алганыбыз туура. 21-кылым атаандаштыктын кылымы, билимиң, куралың, өнөрүң менен атаандашасың.
– Өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча сурагым келип турат. Кыргыз-Тажик чек ара маселеси, Кемпир-Абаддын мындан аркы тагдыры тууралуу кандай ойдосуз?
– Бул суу сактагыч Кыргызстандын энчисинде экени Т.Усубалиевдин китебинде так жазылган. Мисалы, Казакстан каалаган учурда чек арасын жаап коюп жатпайбы. Ошондой рычаг бизде да болгону жакшы. Азыр 10 гектар чөлдөн бир кичинекей булак кымбат турат. Ал эми Кыргыз-Тажик чек ара маселеси боюнча, жогоруда айтканымдай, тажиктер күчтү гана тааныйт, аскер бөлүктөрүн күчтөндүрүш керек. Рахмон бийликте турганда опурталдуу. Бүгүнкү көйгөйлөр күнүмдүк. Суверенитет болсо түбөлүк оомат. Эгемен өлкөбүздү сактап, өнүктүрүү эң ыйык озуйпабыз.
– Маегиңизге чоң рахмат!
Лунара Бекиева