БУРУЛЧА

(Жапар Кенчиевдин варианты боюнча берилди)

“Кыргыздан чыккан Екатерина”... “Ашыктыгынын күчү Пушкиндин айтылуу Татьянасынан да күчтүү эле”... Мына ушундай салыштыруулар кыргыздан чыккан айтылуу Бурулчага карата айтылып келет. Ушундай кептерге татыган “менин атым Бурулча, мейли, салтың бузулса...” деген айтылуу Бурулча ким болгон? Баян ушул тууралуу болмокчу.

Маалыматтарга таянсак, Осмонбек кызы Бурулча 19-кылымдын 70-жылдары туулган.
Бурулча жашынан оюн-зоокко жакын, үнү коңгуроодой жан болот. Кыз-жигиттерди чогултуп, селкинчек тептирип же айлуу түндө ак чөлмөк ойнотуп, же кыз оюн баштап, айтор, жаштардын да, өзүнүн да жарпын жазат. Бир сөз менен айтканда, ургаачыдан чыккан асыл десек жарашчудай.
Жазы маңдай, субагай бет, ак жуумал, дене мүчөсү келишкен Бурулча оттуу көз карашы менен жигиттерди өзүнө арбап алчу. Андыктан ботодой көздүү сулуунун жанынан жигиттер үзүлбөгөн. Анын шыңгыр күлкүсү, кылыгы эркектердин кумар отун жандырып, арбачу.
Алты бакан селкинчек салдырып, түнкүсүн оюн курганда айлуу түн махабат мазарына айланчу. Ушундан улам “Бурулчанын селкинчек” күүсү чыгарылып, эмдигиче комузда аткарылып келет.
Ал эми Бурулча тууралуу чыгарылган ыр 3 бөлүмдөн турат:
1) “Пайдаңды көрбөй тыйынча”
2) “Бурулчанын селкинчек”
3) “Бурулчанын акышы”.

“ПАЙДАҢДЫ КӨРБӨЙ ТЫЙЫНЧА”
Бурулча көзгө көрүнүп калгандан тарта ага көптөгөн жигиттердин көзү түшөт. Бирок ал Телгара дегенге буюрат. Күйөөсү Бурулчаны жаш алып, “Бурулча азыр жаш, койнуна жатууга болбойт” деп аяп жүрөт. Бир күнү үйдө экөө эле калганда күйөөсү колуна комузун алып, Бурулчанын чачынан сылап, аны төшөктө баса калгысы келип турса да чыдап, кучактап, өөп, делебеси козголуп мындай деп төгөт:
Жаш алганым, Бурулча,
Пайдаңды көрбөй тыйынча.
Сабыр кылып турайын,
Жаштыгың бар го быйылча.
Алгандан бери бир жатпай,
Актайсыңбы үмүттү?
Арманым бойго жыйылса.
Пайдаңды көрбөй тыйынча,
Байкайынчы быйылча.
“Байкелетип” жыргатып,
Кыздыгыңды тешермин,
Кудай насип буюрса.
Алган жарым, Бурулча,
Аяйынчы быйылча.
Ак шейшептин үстүнө,
“Акырын, байке!” дедиртип,
Алып жатам, буюрса.
Секелек кыз, Бурулча,
Үстүңө чыкпайм быйылча.
Жалооруйсуң, кантейин?
Жатпай ыйлап кыйылса.
Буларды укканда араң турган Бурулча күйөөсүнүн мойнуна асылып, өөп-жыттайт. Анан тикчийип турган анын “алигисин” кармалап, комузу менен айтып турган жери:
Менин атым Бурулча,
Кудай насип буюрса.
Эки түртүп жиберчи,
Эл аягы тыйылса.
Алты кара кой союп,
Атымды койгон Бурулча,
Алтымыш киши кезекке турса да,
Кудай урсун жырылса!..
Алты жашка чыкканда,
Апакем жүрдү Кудайлап,
Айылдагы боз балдар,
Алдап мени чурайлап.
Тогуз жашка чыкканда,
Эмчегимди безеттим,
Көтөн жагым көзөттүм...
Бектур деген “бер” деди,
“Белгилүү жерге кел” деди.
Белгилүү жерге мен барсам,
Беш ирет бүтүрө албай тердеди.
Бакирдики барпак баш,
Байкебайым, моокум бас!
Баса калып жасоого,
Башынан бери болгон маш.
Бүткөн боюм чымырап,
«Алигим» ичи кыбырап,
Жаным жыргап баратты,
Белинен сыга кучактап,
“Түртө көр” деп шыбырап.
Эсимден кетпейт Эсеним,
Көйнөктүн түрүп этегин.
Дамбалды чечип ыргытып,
Өткөрдүк түндүн неченин.
Кандырып жанды жыргатчу,
Кайрылып көрөр бекенмин?..
Көңүлүм ага берилди,
Көп эстеймин Керимди,
Үстүмөн түшпөй үч жасап,
Таркатчу эле черимди.
Бутумду өйдө көтөрүп,
Түпкүчтөй ийип белимди.
Менин атым Бурулча,
Жасабайм дейсиң быйылча.
Ардактаган, алганым,
Акылың жок тыйынча.
Кантип болсун ырахат,
Төшөк ойну тыйылса?!
Атак-даңкым угулса,
Кудай насип буюрса,
Көзөмөлдөп көп жигит,
Мага көңүл бурулса,
Жетимиши кезектешсе да,
Кудай урсун жырылса!- деген экен Бурулча.

(Уландысы келерки санда)

Астра Айдарова

erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (62)
Aybekk
2011-10-26 03:35:44
ваай. менин бурулча деген аяшым бар да. хе-хе-хее
+2
Aybekk
2011-10-26 03:37:20
бурулчаа-бурулча шумдук бурулча. бирок азыр бурулчалар коп го.
+1
Azamat1
2011-10-26 14:11:13
мында азыркы замандагы бир бурулчаны т.е. толуп кеткен бурулчаларды кейип айтып жазган тура)
0
ergazy.kgz
2011-10-29 11:51:32
вай еее жырылса ?не жырылса )) куйоосунон ответ жокко)))
0
sharana
2011-10-30 22:20:15
Atyn chykpasa jer ortto - degen eken Burulcha
0
kgboy3239
2011-11-02 23:40:07
kuday saktay kor.azyr kr.da 25000 soyky bar eken.al emi chet jerde kanchooo.chachtary orulgon yimanduu kyzdarybyz azaidygoo.tameki arakty erkekterden kalywpayy ichip kalywty.iuyat kyrgyz kyzdaru uyat.evropaga tenelbegilechi
0
kuba8787
2012-02-13 03:26:31
болуп турат
0
Ханбийке
2012-05-12 01:43:54
Байкуш куйоосуно эле жаман болуптур))))))))))))))))
0
Aby_elli
2012-07-29 12:38:47
Кыздарыбызга ыйман берсин!
0
Kudaikul
2012-11-18 18:23:24
Уландысы качан болот?
0
lazy_boy.kg
2014-05-15 00:25:37
Азыркы кыздар Бурулчадан кем эмес болуш керек менин оюмча :)
0
Zaida
2018-05-30 16:20:47
lazy_boy.kg,беш кол тен эмес баары эле сен ойлогондой эмес
0
lazy_boy.kg
2014-05-15 00:31:15
Астра эже Бизди алдады окшойт. Уландысы корунбойтко эмнегедир?
0
aianaaiana
2016-06-08 11:20:38
Жалпак дептер жөнүндө да жазгылачы
0
admin_superstan
2016-06-08 11:43:49
aianaaiana,саламатсызбы? Сунушуӊузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Афродита
2023-06-21 16:54:00
Супер инфо, бул эмне деген уятсыздык? Акылман Бурулча энебиздин арбагы урат, бул маалыматты кимдин калеми жазса дагы...
0
Афродита
2023-06-21 16:56:00
Биз мындай улуттун сыймыгы болгон адамдарыбызды даңазалап алышыбыз керек. Жаш муундарды, коомчулукту ирээнжиткен жалган маалыматтарды жарыялабай, ададмдардан уялгыла! Кудайдан корккула!
0
№ 427, 7-13-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан