ООРУНУН ОЧОГУН ИЗИЛДЕГЕН ЛАБОРАНТ

21-кылымды “лабораториялык диагностика” кылымы дешет. Анткени улам жаңы оорулар жаралып жатат, аларды изилдөө, дарылоо ыкмалары табылууга тийиш. Оорунун так диагнозу бейтаптын анализдеринин жыйынтыгына карата коюлары белгилүү. Анализди болсо лаборанттар жүргүзөт. Ушундай милдетти 26 жылдан бери аркалап келе жаткан Гүлзат Абдраимова Бишкектеги Жугуштуу оорулар ооруканасынын бактериологиялык лабораториясынын врач-лаборанты.

“Какырык, ириң, кан, жүлүндүн сары суусун изилдейбиз”

– Биздин оорукананын 2 лабораториясы бар: бактериологиялык жана клиникалык-биохимиялык. Лабораторияларга ооруканага ар кандай жугуштуу оорулар менен жаткан бейтаптардын, ооруканага келип текшерилип, анализ тапшырып кеткендердин анализдери жөнөтүлөт.

Мен иштеген жер – бактериологиялык лаборатория. Биздин лабораторияга оорусун микроорганизмдер (микроб, бактерия) козгогон бейтаптардын анализдери келет. Башкача айтканда, ич өткөк, менингит, ботулизм, тамак-аштан уулангандар, пневмония, ангина, көк жөтөл, пиелонефрит, цистит сыяктуу илдеттер менен ооругандардын анализдери түшөт. Демек, бактериологиялык лабораториянын изилденүүчү предмети болуп адамдын организминен бөлүнүп чыккан суюктуктар: заң, заара, какырык, ириң, кан, жүлүндүн сары суусу, тамактан жана кеңилжээрден алынган кырынды (мазок), кусунду, ууланганда ашказанды жууганда чыккан суюктук эсептелет.

Бейтаптардан алынган анализдерди текшерип, ооруну кайсы микроорганизм козгогондугун жана алар кандай антибиотиктерге сезгич экендигин аныктап, жыйынтык чыгарып беребиз. Врачтар ошого жараша бейтаптын диагнозун так коюп, ага керектүү антибиотиктерди жана дарыларды жазып берип айыктырышат.

Мисалы, ангина менен келгендердин тамагынын кырындысы, какырыгы, заарасы, пиелонефрит, цистит менен келгендердин заарасы, ХОБЛ, пневмония, COVID менен түшкөндөрдүн какырыгы изилденет. Тамакка уулангандардын кусундусу, каны, заарасы, менингит менен ооругандардын кеңилжээрден алынган кырындысы, каны, жүлүндөн сордурулган сары суусу анализге келет. Ич өткөк менен ооруган бейтапта ооруну кайсы бактерия, мисалы, сальмонеллез, стафилококк, дизентерия козгогондугун жана алар кайсы антибиотикке сезгич экендигин аныктайбыз.

1 суткада биздин лабораторияга 180-200дөй анализ алып келинет. Жекшемби жана дүйшөмбүдө алардын саны 220-240ка чейин жетет. Июнь айынан тартып октябрдын аягына чейин ич өткөк (ичеги инфекциясы), тамакка уулануу, кышта сасык тумоо, ботулизм менен көп келишет.

“Лаборанттар формачан сыртка чыгышпайт”

– Лабораторияда изилдөө жүргүзүүчү атайын бөлмөлөр бар. Сырттан бөтөн эч ким киргизилбейт. Анда иштеген кызматкерлерге күнүгө жумушка келгенде 1 жолу колдонулуучу чепчик, халат, кол кап, бахила берилет. Кызматкер ошол кийимдер менен гана лабораторияга кирет жана ал форма менен сыртка чыкпашы зарыл. Жумуш эртең мененки саат 7:30да башталып, кечки 5:30да бүтөт. Формалар кечинде утилизацияга кетет. Колдор бат-баттан дезинфекцияланып турат.

Анализди изилдөөнүн биринчи күнү

– Лабораторияда микроорганизмдердин түрлөрүнө жараша упа түрүндө атайын чыгарылган азык-заттар, башкача айтканда, “тамагы” болот. Алар реагенттер деп аталат. Биз анализдерди изилдөө үчүн алгач микроорганизм үчүн “тамактарын” даярдайбыз. 1 литр атайын тазаланган сууга 36 грамм реагент салып кайнатабыз. Суутуп, температурасы +45 градус болгондо стерилизацияланган атайын идишке 3 миллилитрден куябыз. Атайын илмек шиш аспап менен анализдеги микроорганизмден 2 тамчы илип алып тигил идиштерге тамызабыз же сүртөбүз. Ар бир илип алууда аспап дезинфекцияланып турат. Анан идиштерди термостат аппаратына 24 саатка коёбуз. Ал жерден микроорганизмдер “тамагын” жеп, көбөйүшөт.

Экинчи күнү

– Бул күнү да микроорганизмдер үчүн “тамагын” даярдайбыз. Анан автоклав аппаратына 15 мүнөткө салган соң пробиркаларга бөлүштүрүп куябыз.

Термостаттан кечээ күнү салынган идиштерди алып чыгабыз, анда көбөйүп калган микроорганизмдердин бир нече колониясы бар. Алардын ичинде шектүү, өзүнчө четте турган колония болот. Ар бир идиштеги шектүү колонияларды илип алып, ичинде даяр реагенти бар пробиркаларга салабыз. Анан пробиркаларды жантыгынан жаткызып 24 саат термостатка коёбуз.

Үчүнчү күнү

– Үчүнчү күнү термостаттагы пробиркалар чыгарылып, биохимиялык көрсөтмөлөрү боюнча сорттолот. Кайсы пробиркадагы микроорганизмдердин шектүү колониясы көбөйүп калгандыгы жана башка белгилери билинсе, алар андан ары изилденет. Калгандары утилизацияга кетет.

Лабораторияда даяр ампулаларда сывороткалардын кургак түрү болот. Алардын башын сындырып, 2 миллилитр физикалык эритме куюп, аларды пипетка менен пробиркаларга куюп чыгабыз. Андан ары сары суу менен шектүү микроорганизмдерден илип алып, айнектин бетине тамызабыз. Ошондо алар аралашат. Микроорганизмдердин жабышып же түп жакка чогулуп калганы жана башкасына карап анализдин бир сыйра жыйынтыгын чыгарабыз. Мисалы, кайсы ооруну кайсы бактериялар козгогонун.

Андан ары микроорганизмдер кайсы антибиотикке сезимтал экендиги изилденет. Бул үчүн микроорганизмдердин шектүү колониясынан алып, ичинде даяр реагенти бар атайын идишке сүртүп чыгабыз. Идиштин ар кайсы жерине ар түрдүү антибиотиктер сиңирилген кичинекей кагаз дисктерди жайгаштырабыз. Кайсы дисктин тегерегинде микроорганизмдердин азайганы, же дисктен алыстап кеткенин карап кайсы антибиотикке сезимтал экендиги билинет. Ошентип, ооруну кайсы микроорганизм козгогонун, ал кайсы антибиотикке сезимтал экенин билүүгө 3 сутка кетет.

Ар күнү анализ үчүн колдонулган пробирка, идиштерди автоклавга салып, дезинфекциялайбыз. Андан ары жуучу машинага салабыз. Жуулгандан кийин 180 градус ысыкта иштеген стерилизациялоочу аппаратка салынат.

Оору жаратуучу микроорганизмдерди изилдегендиктен бизге да оору козгогучтардын жугуп калуу коркунучу бар. Этият болушубуз зарыл.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан