Үмүтай Суванова, интернет жылдызы: “КЛАССТАШТАРЫМ МЕНИ САБАП САЛЫШЧУ”

Каарманым Үмүтай Суванова блогер, интернет жылдызы. Жеңил форматта, тамаша-чыны аралаш маек куралы дегенбиз. Бирок маектин нугу Үмүтайдын жашоосундагы оор күндөрүнө бурулуп кетти.

– Социалдык тармакта өзүңүздү эрке, жаш кыздай алып жүрөсүз. Бул атайын образбы же табияттан ошондойсузбу?

– Менимче, өзүмө ишенбөөчүлүк бар. Бир аз өзүмө ишенсем, мындан башкача болмокмун.

– Буга эмне себеп деп ойлойсуз?

– Ошондой чоңоюп калыптырмын.

– Буга чейин ата-энеңиз, бир туугандарыңыз тууралуу сөз козгобоптурсуз. Себеби барбы?

– Эч ким сурабайт. Сураса айтып деле берем.

– Анда азыр айтып берсеңиз...

– Апам Орусияда, врач болуп иштейт, атам жок. Апам эжем экөөбүздү өзү жалгыз чоңойткон. Эжем менден 8 жаш улуу. 16 жашка чейин апам менен жашап, андан кийин Кыргызстанга келдим.

– Атаңызды көргөнсүзбү?

– 18 жашымда апам тааныштырган. Атам деп кабыл ала албай койдум. Чоочун адам болуп калыптыр мен үчүн. Келбетибиз окшош экен, мен атамдын көчүрмөсү экенмин. Анын башка үй-бүлөсү бар, алар атамды менден кызганышат тура. Ошондуктан сүйлөшпөй калдык.

– Атаңыз катташалы деген жокпу?

– Жок, деген жок.

– Катташкыңыз келеби?

– Мурда сүйлөшкүм келчү, катташкым келчү. Азыр андай каалоом жок.

– Жигиттериңизди элге ачык көрсөтө бересиз. Мунун келечекте жашооңузга зыяны тиет деп коркпойсузбу?

– Жок. Жигит мен кандай болсом ошондой кабыл алышы керек. Эч нерсе жашырбайм, калп айтпайм, ушинтип баарын ачык эле элге көрсөтүп коём.

– Алдыда, буюрса, кайын журтуңуз болот. Алар муну кандай кабыл алат деп ойлойсуз?

– Алар менен деле түшүнүшөбүз деп ойлойм. Алар мени камерадан эле билишет да. Жашоодо башкачамын.

– Кандай?

– Уялчаакмын, жаңы кампанияга барсам телефон чукуп бир бурчта отура берем. Өзүмө ишенбейм. Өзүмдү сүйөм деп айта албайм. Ошон үчүн башкаларга жабыкмын. Инстаграмда болсо өзүмдү сүйгөн адамдай көрсөтөм элге.

– Дагы эле себебин сурагым келип жатат?

– Орусияда чоңоюп калганым үчүн. Мени мектепте “чурка” дешчү. Классташтарым басынтып, таарынтышчу. Мени менен эч ким сүйлөшчү эмес. Сабап да салышчу. Бирөөнүн колу же денеси мага тийип кетсе, чуркап барып самын менен жуучу. Акыркы партада отуруп, мага эч ким көңүл бурчу эмес. Курбум жок болчу. Апам экөөбүз эле жашачубуз. Анан кийин өткөөл курак болуп, апам менен урушуп кеткенде приютка алып кетишкен. Анда 13 жашта бочумун. Ал жерде 2 жыл жашадым, 15 жашка чейин.

– Ал окуяда апаңыз сизге капа болсо керек?

– Болсо керек. Апам мени аябай катуу сүйөт. Мен өзүм жинди болчумун. Өткөөл курак болуп, апам мага керек эместей сезилчү. Менин оюмда баары артымдан чуркап, айтканымды айтканымдай аткарып жүрүшү керек болчу, аалам менин айланамда айланышы керек эле. Чоңойгондо ошол кылыктарым үчүн өкүндүм.

– 20 жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

– 40 жашка чыгып калат экем, ээ? Картайсам деле бийлеп жүрө берем, Тикток тартам, пранк тартам кемпир болуп алып. Эл көзүндөгү эле адам элестетем өзүмдү.

– Үй-бүлөңүздү, жолдошуңуз, балдарыңызды элестетпейсизби?

– Жок, элестете албайм. 40 мышыгым болот. Ошолор менен жашайм. Мен турмушка чыккандан корком. Тийбешим керек же тийсем баарына чыдап ошол адам менен жашашым керек деп ойлойм. Ал адамды сүйбөй калсам деле, ал мени урса деле жашай берет болушум керек. Тийип алып ажырашкан жакпайт.

– Айылда жашай бересизби?

– Жок, саат алтыда тургум келбейт. Уктаганды жакшы көрөм. Көп айтышат го айылда эрте туруп эшик шыпырасың деп. Бирок заманбап үй-бүлө болсо жашай берсем керек.

– Мырзалардын акчасына кызыгам дегениңиз бар. Оюңуз өзгөрө элекпи?

– Оюм өзгөргөн жок. Биринчи кезекте жигиттин акчасына карайм. Акчасы бар жигит мени бага алат да. Күйөөсү жок өзүмдүн акчама деле жашай берем дечи. Күйөөң болсо анын акчасына жашаган сонун да.

– Капчыгынан башкасы кандай болушу керек жаныңыздагы адамдын?

– Популярдуу эмес, эмоционалдуу эмес, жоош болушу керек. Мен сүйлөсөм ошого күлсө эле болду. Үй-бүлөдө бир эле популярдуу адам болушу керек экен, ошону түшүндүм. Анан боорукер болушу зарыл. Ал бирөөгө жардам берип жатса, мен аны карап туруп “бул менин жигитим” деп сыймыктангым келет.

– Айрым жигиттер сиздин жаныңызда популярдуу болуп алып, анан кетип калып жатышпайбы?

– Ооба, ошонусу жаман экен. Аларды популярдуу кылып жатсам, демек, жакшы продюсер болот экенмин да, жакында курс ачам (күлүп), тамаша.

– Клипте же кинодо ачык кадрларга тартылуу сунушу түшсө тартыла бересизби?

– Ооба, анткени бизде аябай деле ачык кадрлар тартылбайт.

– Сыдыман менен куда экенсиздер...

– Ооба, Сыдымандын бир тууган эжеси менин жеңем. Апамдын инисинин келинчеги. Жеңем менен жакшы сүйлөшөм. Азыр Орусияда, апамдын жанында жашайт.

– Мурун маанилүү даталарды досторуңуз менен белгилечү экенсиз. Акыркы кезде аныңыз да байкалбайт...

– Бирөө менен сүйлөшпөй калсам, жигитпи, курбумбу, ажырашууну оор кабыл алам. Бир мезгилде жигитим Нуржигит менен да, курбум Ажара менен да сүйлөшпөй калдым. Эч кимге ишенбей калдым. Экөө тең жүрөгүмдү оорутуп салышты. Ошондон бери эми өзүмө келип, элге ачылып баштадым. Ушул себептүү Кыргызстанга келгим келбей, Филиппинде жүрдүм.

– Ачык кийимдер менен түшкөн сүрөттөрүңүздү жүктөйсүз. Кандай комментарийлер жазылат, алар капа кылбайбы?

– Мен үчүн купальник кийген сүрөттөрдө уят жок, мен Орусияда чоңойгондуктан жана “эл эмне дейт?” деген түшүнүк жок болгондуктан, чек кайсы жерде экенин билем жана чектен ашпайм. Менимче, адамды обложка менен баалоого болбойт окшойт, анткени көбүнчө менден да начар инсандар олуттуу аккаунттун артына жашынышат. Ар кандай комментарийлер келет, 70 пайызы жакшы сөздөрдү айтса, 30 пайызы мага кантип жашоону үйрөтөт. Бирок мен комментарийлерге анча деле көңүл бурбайм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан