ЛИТВА – ЭМИГРАЦИЯ КҮЧТҮҮ ӨЛКӨ

Бул жолу таза, кооз жана тарыхый жайларга бай мамлекеттердин катарына кирген Литвага сапар алалы дедик. Башка мамлекеттерден эмнеси менен айырмаланат? СССРдин курамында болуп, бирок азыр өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулган Литвага чогуу саякаттайлы.

ТАРЫХЫ

Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан Литва Республикасы Польша, Беларусь, Орусия, Латвия менен чектешип турат. Кум дөбөлөрдүн, кеме жасоочу карагайлардын, орто кылымга таандык сепилдердин, даамдуу сырдын жана тунук янтарлардын өлкөсү.

13-кылымда түндүк-батыш беларусь жерлеринде жашаган ятвяг, литва деп аталган майда элдер Литва княздыгын негиздегени летопистерде маалымдалат. Ал княздык 1795-жылы Екатерина IIнин жарлыгы менен Орусия империясынын катарына кирген да, өз алдынча мамлекет болуу үчүн 1915-жылдан тартып күрөш жүргүзүп, официалдуу түрдө 1918-жылы 16-февралда өз алдынча өлкө болушкан. 1939-жылы Балтика өлкөлөрү менен биргеликте СССРдин курамына кирип, 1989-жылы эгемендүү өлкө болгон.

ЭМНЕГЕ ӨЛКӨДӨН ЧЫГЫП КЕТИШҮҮДӨ?

Иликтөөлөргө ылайык, Литва калкынын саны тез азайып бараткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Мунун биринчи себеби – эмиграция болуп саналат. 1922-1940-жылдары 1 миллион литвалык чет өлкөлөргө, көпчүлүгү Америкага чыгып кеткен. Экинчи дүйнөлүк согушта да качып жана башка себептер менен өлкөдөн чыгып кеткендер көп болгону айтылат тарыхый булактарда. СССР кулап, андан соң Евросоюздун катарына кирип (2004-жылы), чек араларда чектөөлөр алынгандан кийин да эмиграциянын саны өсүп кеткен. 1993-жылдан бери Литва жарандарынын саны жыл сайын 1 пайыздан азаюуда. 1989-жылы 3 миллион 690 миң жараны болсо, 2021-жылкы каттоодо 2 миллион 800 миңге түшкөн.

“Эмнеге өлкөдөн кетип жатасыңар?” деген суроо менен кайрылганда өлкөдөн чыгып кеткендердин көпчүлүгү Литвада жашоо кымбаттыгын, жумушчуларга, жөнөкөй адамдарга карата сый мамиле жоктугун жана карьералык өсүү кыйын экенин айтышкан. Ошондой эле өлкөдөгү коррупция жана экономиканын туруксуздугу себеп болгонун белгилегендер бар. Өлкөдөн көбүнчө эркектер чыгып кетишет. 2012-жылдын башында Литванын президенти Даля Грибаускайте “Литвада кал!” кыймылынын ишине катышкан. Ал президенттик сарайда жаштарды батыш өлкөлөрүндө жакшы жашоого умтулбастан, Литвада өздөрүнө шарт түзүүгө көндүрүүгө багытталган кыймылдын уюштуруучулары менен жолугушкан. Президент мындай аракет Литвадан эмиграцияны азайтуу үчүн зарыл экенин билдирген. Мамлекет башчысы акциянын уюштуруучуларына “Литвада кал!” деген жазуусу бар символикалык стикерлерди тапшырып, алар Литванын тургундарына таратышкан.

ИДП КИШИ БАШЫНА 42 МИҢ ДОЛЛАР

Жогорудагы өлкөдөн чыгып кетүүнүн себептерине карабастан Литванын экономикасы Балтика өлкөлөрүнүн ичинен эң өнүккөн. Ички дүң продукция жан башына эсептегенде – 42 миң доллар, Евросоюздагы экономикасы эң тез өнүгүп жаткан өлкө. Кирешеси эле эмес, адамдардын акыл-эс деңгээли да алдыда турат. Литванын тургундарынын 93 пайызы кыймылсыз мүлккө ээ. Бул жерде кыймылсыз мүлк сатып алуу пайдалуу жана ишенимдүү инвестиция болуп эсептелет.

ТУРИСТТИК ЖАЙЛАРЫ

Канча кылымдык тарыхты алып жүргөн Литванын тарыхый-этнографиялык жайлары, музей, эстелик, мунаралары көп. Алгач эле Тракай ак сарайына көз түшөт. Ал 15-кылымга таандык. 14-кылымда негизделген Тракай шаарчасында салынган. Туристтер эң көп каттаган тарыхый-улуттук парк.

Ошондой эле Вильнюстагы тарыхый эски шаар менен жаңы курулган шаар кызыктуу жайлардын бири. Эки шаардын ортосун Неман жана Нерис дарыясы бөлүп турат да, аларды көпүрө байланыштырат.

Крест дөбөсү – Литвадагы зыярат кылуучу жер. Шауляй шаарынан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул көптөгөн крест орнотулган дөңсөө, алардын жалпы саны болжол менен жүз миңден ашат. Бул себептен коркунучтуу да, кызыктыруучу да жайлардын катарында.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Өлкөдө 15 пайызга аялдар басымдуу болгондуктан жуп тандоодо кыздарда көп атаандаштык жүрөт.
  • Баскетбол – Литванын улуттук спорт түрү болуп эсептелет.
  • Литвадагы эркектердин бою орточо 183 сантиметр, бул европалык орточо көрсөткүчтөн 6 сантиметрге жогору. Баскетболдун популярдуулугу ушуга байланыштуу болушу мүмкүн.
  • Литванын аймагында 106 шаар болсо, анын көпчүлүгүндө аз-аздан эл жашайт. Эң көп 200 миң киши – Вильнюс жана Каунас шаарында жашаса, Даугай, Прекуле шаарларында 1500 гана адам жашайт.
  • 1579-жылы негизделген Вильнюс университети учурда Европадагы эң эски университеттердин бири.
  • Улуттук символу болуп ак аист саналып, аны көбөйтүүгө жана сактоого жоопкерчилик алышкан.
  • Вильнюстун борборунда акындарга, сүрөтчүлөргө жана башка чыгармачыл адамдарга тиешелүү аймак бар. Ал аймак Конституциясы бар, көз каранды эмес Ужупис кичи республикасы деп аталат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан