(Башы өткөн сандарыбызда)
Айдана кыл кыягын колуна алды. Музыка адам тагдыры болуп сүйлөп, адам жүрөгү болуп сыздап турду. Cыбызгыган обон албууттана түшүп, кайра ындыны өчкөндөй сызылып тез эле бөлмөгө толо түштү. Арманы кыл кыяктын кылдары менен сүрүлүп, толкун болуп агылып жатты. Бир кезде кыякта ойноону Рустамдан үйрөнгөн эле. Ойноп бүтүп көзүн көтөрө берип, өзүн угуп дубалга шалдая сүйөнүп отурган Рустамды көрдү. Унчукпай түшүнүштү. Жанына барып ийинине акырын башын койгон Айдана акырын кеп баштады.
– Арыктап кетипсиң.
– Айка, тагдыр деген эмне? Эмне үчүн экөөбүзгө мынчалык касын тигип калды? Сени ушунчалык кыйнадым. Билбейт дейсиңби?
– Жакында баары бүтөт.
Айдана ордунан туруп, сумкасынан билет алып сунду.
– Бул эмне?
– Мен кетүүнү чечтим. Айтпа, эч нерсе дебе. Эки ортодо кыйналып кеттиң. Мен да кыйналдым. Тагдырыбызды экинчи жолу сынап көрдүк. Сен айткандай, тагдыр касын тигип калса керек. Жаны, антпе, башыңды чайкабачы. Мен сага миң-миң-миң жолу ыраазымын. Аттиң, эгерде сенин жарың болсом, кандай гана бактылуу болмокмун?! Балким, анчалык ашыкча бакыт адамга оордук кылар... Сен айткандай, кыйналдым. Кетүүдөн башка жол калбады. Шаарда болсок, баары бир үзүлбөгөн чынжырдай болуп бири-бирибизди кыйнай беребиз. Кечээ күйөөм акыркы жолу суранып жатканын айтып, билетти таштап кетти. Алдымдан андан башка жол көрбөй турам.
– Айка, мени укчу. Мен көп күн ойлондум. Мен... Мен аялымды мындай абалга таштап кете албайм. Ал айыкканча эле эмес, өмүр бою жанында болушум керек. Анткени... Мен... Кеп анда эмес. Бирок сен минтип кетпе. Жок дегенде ал адам менен кетпешиң керек.
– Эмне кылайын анан?
Рустам отуруп калды. Чын эле эмне кылат? Эмне кыла алат? Тагдыр биротоло айрылдым деген адамын экинчи жолу алаканына салып берип жатат. Кайра коё береби? Оорулуу аялын ара жолго таштап, жоготкон сүйүүсүнүн аркасынан кетеби? Анда адамдык ишенич, адамгерчилик кайда калат? Башы маң... Колдорун катуу кармашкан алар үн-сөзсүз отура беришти.
Табышмактын жандырмагы табылбай канча жүрөт эле ким билсин? Айнура тааныш курбусунан Айдананын кетип жатканын угуп, деңгиреп отуруп калды.
Эсин жыйнай калып, тез кийимдерин кие сала сыртка жүгүрдү. “Дем алыш күн эмеспи, демек, үйүндө...” деп ойлоду. Эшикти шарт ачып, энтиге кирип барып, Айдананы көрүп теңселе түштү.
– Айнура?! Сенби?
– Айтчы, сен кайда кетмекчисиң? Сен менин акыркы үмүтүм экениңди унутуп калдыңбы?
Эки каруудан мыкчый кармаган анын көздөрү жаалданып кетти.
– Кечир мени, мен сенин аманатыңды аткара албайм. Сүйүүгө кара көлөкө түшүргүм келбейт.
– Урдум мен силердин сүйүүңөрдү! Сен кетсең, мен өлсөм, Рустам эмне болот, билесиңби? Сен! Түшүнүп жатасыңбы? Эмнени түшүнөт элең?
Айнуранын көздөрү ызадан, каардан жалтылдап жатты. Айдана эмне кыларын билбей калды. Эрксизден теңселип турган Айнуранын алсыз денесин кучактай калды. Айнуранын көзүнөн жаш сызылды. Эх, канча жыл жек көргөн душманы, канча жылдан берки атын укса жаны кашайып кеткен адам кыйын кезеңде ийинин тосуп, кайгысын кошо көтөрүп, жубатат деп ким ойлоптур?! Табышмагы көп дүйнө деген ушул!
Рустам дендароо абалда. Эшикти шарт ачып кирип келип, кучакташып ыйлап жаткан экөөнү көргөндөн бери ушул абалда... Түшүнбөй бирде аялын карап, бирде Айдананы тиктеп, экөөнүн ортосунда эмне деп сүйлөп, эмне кылышты билбей турду. Үчөө үч жерде катып калышты.
– Бул кандайча?..
Оор үшкүрүп алган Айнура күйөөсүнө тике карады.
– Сен адамгерчилигиң менен мага жардам кылып жатам деп ойлодуңбу? Жасалма сүйүүң менин дартыма даба боло албасын ойлодуңбу? Эми мага эч кимдин курмандыгынын кереги жок. Рустам, мени дүйнөдөгү эң бактысыз адам кылдың. Өзүм байкабай, бул адамды сенин жашооңдон сүрүп чыгаргам. Жандан кечип кылган кылыгым үчүн жакшы жаза алдым. Эми...
Айнура чечкиндүү басып келип, Айдана менен Рустамдын колун бириктирип кармап турду.
– Эми мен силерге бакыт каалайм. Уулумду силерге тапшырдым. Айдана, эне болуу бактысы ар кимдин эле шыбагасына жазылган эмес. Мен ишенем, мен билем. Сен менин уулума эң жакшы эне болосуң. А мен... Тагдырым менен дагы күрөшөм. Балким, жеңилермин, балким, жеңермин.
Нуржамал Жийдебаева
(Уландысы кийинки саныбызда)