“КУМТӨРДҮН” АЛТЫНЫ КАЙДА ЭКЕНИ АЙТЫЛДЫ

"Кумтөр” боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия баарын дыкат изилдеп, жыйынтыгын элге ачык жарыялашы керек. Мындай пикирди президент Садыр Жапаров 2-ноябрда ЖМКлардын бирине курган маегинде билдирди.

Аталган комиссияга Адахан Мадумаровду төрага кылууну сунуштаганын, бирок Исхак Масалиев төрага болгонун айткан президент буларды белгиледи:

– Айрымдар “Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур” деп жалаа жаап баштаганда депутаттык комиссия түзүүнү сунуштадым. Канча алтын казылып, канчасы сатылыптыр, канчасы Улуттук банкта сакталуу экен, баарын айтып беришсин. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тарыхында чогулбаган алтын чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат. Өз көздөрү менен көрүп келишсин.

Садыр Жапаров буга чейин “Кумтөрдү” жетектеп турган Теңгиз Бөлтүрүк ишенимге шек келтиргенин ачыктады.

– Таза иштеңиз, буга чейин “Кумтөрдөн” жеп келгендердин оозун тигиңиз. Мамлекеттин укуругу узун, бир сомдун да артынан издеп барат дегем. “Таза иштеп жатам” деп бизди ынандырып келди. 3 айлык текшерүүдө коррупциялык элементтер аныкталды. Тергөө жүрүп жатат, баарына жооп берсин,- деди өлкө жетекчиси.

Эскерте кетсек, Бөлтүрүк үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Башкы прокуратура тарабынан кармалып, камакка алынган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан