АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Разия менен бат эле тил табышып кеттим. Ал деле атасына чоңойгондо келгени үчүн коомай мамиле жасап жүрөрүн билдим. Менден эки гана жашка кичүү, колледждердин биринде студент. Ачык айтпаганы менен, мени аяй берет. “Ата-энеси көңүлүнө карабай туруп улуу кишиге күйөөгө берип коюшту” деп ойлойт. Мейли, мага ошентип ойлогону ыңгайлуу. Айтор, бул кыз мага баш оору болгон жок. Ошентсе да анын өзүнүн дүйнөсү, тели-теңтуш, достору, өз кызыкчылыгы бар.
Элдар болсо эртеден-кечке жумушта. Кечкисин келип тамакты да жарытылуу ичпейт. Кичине ооз тийимиш этет да, бир колуна гезит, экинчи колуна стакан кармап алып уктоочу бөлмөгө жөнөйт. Кечкисин коньяк же шараптан бир стакан ичмей адаты бар экен. Анан диванга кыйшая гезиттерди барактап “качан келет?” деп мени күтүп отура берет. А мен... Заматта бүтүрө салчу жумуштарды деле кыбырай жай жасап, эптеп убакытты созуу менен убарамын. Кээде “күнү бою бош отурганыңда ушул иштерди бүтүрүп салсаң болбойбу?” деп буркулдай колумдан жетелеп кетет. Тилин албай койсом, “эртең кызматчы аял жалдайм. Үйдөгү бир да жумушка колуңду тийгизбейсиң” деп ачууланат. Кайдан? Мени каалаганча өпкүлөп, көңүлү тынчып уйкуга кеткенде эле үй кызматчы жалдамакчы болгонун унутуп калат.
Бир айдан соң күнү кечке төрт дубалдын ортосунда жалгыз отура берүүдөн тажап, “окуйм” деп Элдардын мазасын ала баштадым. Канткен менен эркек да, оюна койсоң, мени ушул үйдөн карыш жылдыргысы жок. Бирок мен андайга көнмөк белем?! Акыры айылга барып, директор менен сүйлөшүп аттестат жасатып келди да, мени Медициналык академияга өткөрүп койду. Дайыма журналист болууну каалап жүрүп, дарыгерликти тандаганымды атам башкача түшүнгөн сыяктуу. Окууга өткөнүмдү билип кубанып отурсам, телефон чалды.
– Кызым, атаңдын илдетинен чочулай бербе. Ал деген карылык. Атаң деле карыды. Жакшысы, өзүңдүн көңүлүңө жаккан окууга тапшырсаң болмок. Менин айымдан дарыгер болом дедиңби?
– Коюңузчу, ата, өзүмө жаккан үчүн тандадым да.
– Журналист болгуң келчү эле го, кызым?
– Элдардын дарыканалары көп экен. “Окуп, ошолорду башкарууну колго ал” дейт. Ошон үчүн да Медакадемияны тандадым.
– Элдар көңүлүңдү оорутпай элеби? Капа кылган жокпу?
– Жо-ок, менде баары жакшы, сиз өзүңүздү жакшы караңыз. Эң жакыным өзүңүзсүз, ата.
Тамагым жашка муунуп, сөзүмдү аягына чыгара албай калдым. Жанымда карап отурган Элдар шашып трубканы ала коюп, атам экөө кобурашып калышты. Эптеп атамдын көңүлүн жайгарды окшойт. Сүйлөшүп бүткөн соң мени кадимкидей зекип урушуп калды.
– Кары кемпир болсоң түшүнөр элем, жапжаш кызсың. Атаңдын жанында эле жашап жатасың. Акыры мен сени Африкага же Антарктидага алып кеткен жокмун го. Эмнеле сүйлөшкөн сайын ыйлай бересиң? Же чын эле капа кылып жатамбы?
Кантип айтам, “атамдын илдети үчүн сага турмушка чыктым. Болбосо, жаныма жолотмок эмесмин” деп. Болгон күчүмдү ыйдан чыгарып, буркурап ыйлаган бойдон жатып алдым.
Башка учур болсо, балким, ойлонмокмун. Ыйдан көзүмдү ачалбай отурган тейден телефонумду катып койгон жеримден сууруп чыктым. Күйөөгө чыгар күнү үнүн өчүрүп, чемодандын тээ түпкүрүнө салып салган элем, заряды түгөнүп, өчүп калыптыр. Ушул телефонду иштетсем эле көңүлүм тынч ала түшчүдөн бетер болкулдап ыйлап жүрүп заряддагычка туташтырдым. Кудай сакта! Арстан жүз ирет чалганбы? Чалып отуруп чарчап, анан СМС жазган окшойт. Окулбаган билдирүүлөр толуп кетиптир.
Акмак кыз, “атам ооруп калды. Ошого жардам керек” десең, башка жолун деле издештирбейт белек. Неге мага айткан жоксуң?”
Уф, деги кайсы Кудай урган күнү мага жолуктуң эле? Бир кайрылбай басып кете турган жан экенсиң, анда мени не мынча алдадың? Ушулбу сенин сүйүүң? Оюңда “туура кадам таштадым. Туура чечим чыгардым” деп ойлоп жаткандырсың. Кантип? Айтчы, кантип башка адамдын колун кармап кеттиң?”
“Жок, бул иштерге чекит коюу керек. Өзүмдү колго албасам, жакында акылдан азып кетем. Башка бирөөнүн кучагында жатканыңды элестетсем, денеме чок тийгендей ыргып кетип жатам. Айдай, Айдай, акмак кыз, жаным, айтчы, кай күнөөм үчүн мени мынчалык азапка салдың?”
“Бүгүн Маралга жолуктум. Кайдан укканын билбейм, “Айдай, Айдай, дечү элең, аның күйөөгө тийип кетиптир го. Көрдүңбү, сенин кадырыңа мен эле жетем” деп күйгүздү”.
Марал экөөбүз ичтик. Тимеле торопой биякта калсын, боортоктоп калгыча ичтим. Тиги келесоо жабышып, жанымдан кетпейт. Бирок колум барбады. Мен сендей эмес экенмин. Ичип мас болсом да, ызадан, кызганычтан өрттөнүп баратсам да, сендей болуп башка адамды кучактай албайт экенмин. Маралды ыйлатып туруп түн ортосунда таксиге салып жибердим. Бир чети ага да боорум ооруп кетти. Ал бечара да мага окшоп сүйүүсүнүн кадырына жетпеген адамдын айынан азап тартып жүрөт”.
“Айдай, Айдай, Айдай... Атыңды канча ирет атабайын, сүрөтүңдү канча кайрылып карабайын, кылган жоругуңа канчалык жаным кашайбасын, баары бир сени сагынып, жанымды коёрго жер таппай жатам. Сени сагындым. Угуп жатасыңбы, сени сагындым”.
“Чыккынчылыгыңды эч качан кечирбейм. Сени сүйбөй да коё албайм! Сүйүү деле өтөт дешет го. Былжырашат! Ал жүрөгүңө бир жабыштыбы, ошол боюнча сени менен өтөт. Мага окшоп алданып калгандар ызасына чыдабай чыгарышкан окшойт “сүйүү деле өчөт” деген кепти. Калп айтышат, ишенбе. Сүйүү өчпөйт. Сенин деле көкүрөгүңдү өмүр бою «Арстан» деген сөз өрттөп жүрүп өтөт, көрөсүң го. Акмак кыз, ошону ойлодуң бекен?”
Ушуларды окуп жатып, Элдардын кирип келгенин байкабай калыпмын.
– Болду, жетет! Өзүңдү азапка салган сага жакса, мага жакпайт. Мага күйөөгө чыгарда ойлонушуң керек болчу. Ырас чыктыңбы, эми мындай көз жаштарды көрсөтпө. Жетет!
Элдар колумдагы телефонду жулуп алып, мени булка ордумдан тургузду да, шарылдап агып жаткан душка тургузуп койду. Муздак суу мээме чыгып кетти.
– Эль-Элдар, телефон!..
– Коркпо, телефонуңду жеп койбойм. Өзүңө келмейинче душтан чыкпайсың. Жуунуп-таранып чык, бүгүн экөөбүз конокко барабыз.
Кабагын чытыган боюнча чыгып кетти. Далай билдирүүсү окула элек телефонум да анын колунда кетти.
Өлдүм! Муздак суунун алдында туруп ойлогонум эле ушул болуп жатты. Демейде баарыбыз эле кыйынбыз. Бирок күйөө дегендин да сүрү болот экен, достор. Жана эле Арстанды ойлоп, эзилип ыйлап жаткан жаным, эми “билдирүүлөрдү окуса эмне болот?!” деп Элдардан коркуп, ваннадан эки саат бою чыкпай койдум. Айласы кеткен Элдар “азыр эшикти талкалайм” деп кыйкырып жатып араң чыгарды. Жараткан менин бактыма ак көңүл, боорукер, кечиримдүү эркектерди туш кылган окшобойбу. Канчалык катуу көрүнбөсүн, атам дайыма мага жумшак, кечиримдүү. Арстанды айтпасам да белгилүү. Эми Элдар дагы. Ваннадан чыгарым менен колуна шак көтөрүп алып уктоочу бөлмөгө жөнөдү. Тыбырчылап каршылык көрсөткөнүмө болбой алпарып диванга ыргытып жиберип, күлүмсүрөп туруп калды. Кайрылып карасам, сонун көйнөк жатат. Ошону барып эринбей сатып келиптир. Ой-боюма койбой кийинтип алып жетелеп чыгып кетти. Ушунчалык шаштырганынан саамга жанагы күнөөмдү да унута түшүптүрмүн. Качан гана машинада экөөбүз калып, тамагын кыра жөтөлгөндө жүрөгүм болк эте түштү.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
aku
2011-01-07 18:45:33
daaaaaaa soz jok.jashhoo da ushundai bolot beken?
0
salidat8087
2011-01-07 18:59:31
Бул сериял кундон кунго кызык болуп баратат го чиркин...
0
akylbekkg
2011-01-07 19:00:42
Аябай жакшы чыгарма!Жаны саны чыкканча чыдамсыздык менен кутом!
0
Arstan
2011-01-07 23:23:55
Бул сериалга соз жокда....
0
nensi
2011-01-07 23:43:39
otkon sanda jazbagansyzdar,bul sanynda koburook jazsanyzdar bolmok eken .
0
aika li
2011-01-08 09:27:39
дагы бир жума эх.....
0
Nuraia
2011-01-09 17:47:13
иий эми эмне болот.Сериал буткучокту ойлонуп жатып чачым агармай болду
0
angel
2011-01-10 09:41:58
эх, жашоо, суйуу...аябай сонун чыгарма, бул чыгарманы чыдамсыздык менен кутом
0
Cyldyzka
2011-01-10 14:55:34
sonun çıgarma
0
№ 427, 7-13-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан