ЖЕР-ЖЕРДЕГИ ДЕМИЛГЕЛЕР: Көп жыл миграцияда жүрүп, өз айылын өнүктүрүү үчүн кайтып келген кыргызстандык

Кыргызстанда жарандык демилгелерди колдоого багытталган USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору өз ишин улантууда. Тротуар куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, оюн аянтчаларын уюштуруу жана музыкалык мектептерди ачуу – мунун баары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнестин жана бейөкмөт уюмдардын өнөктөштүгүнүн натыйжасында ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан аймактардагы жарандык демилгелердин бир гана бөлүгү болуп саналат.

Жарык жол

Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айылы. Бул жерде 2245 адам жашайт. Өткөн жылы декабрь айында бул айылда көптөн күткөн окуя болуп өттү – буга чейин кеч кирери менен караңгылык каптаган жалпы узундугу 10 чакырымды түзгөн 11 көчө жарыктандырылды.

“Союз маалында борбордук көчө гана жарыктандырылып, акыркы 30 жылдын ичинде бул көчө да караңгы болуп келген. Ошондуктан жергиликтүү тургундар кайсы маселени эң биринчи кезекте чечүү керектигин талкуулаган учурда баары бир ооздон Ак-Жарга жарыктандыруу керек деген пикирге келишкен”,- дейт демилгелүү топтун лидери Улукбек Чымынтаев.

Мындай чечимди ишке ашыруу 2,5 миллион сомдон ашык каражатты талап кылды. Ошондуктан баары биригип акча топтой башташты. Каражат чогултуу марафонуна жергиликтүү тургундар, чет өлкөдөгү мекендештер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да кошулушту. Жергиликтүү бийлик жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлүп берсе, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык пландоо тапшырмасы жана долбоордук-сметалык документ даярдалды. Жабдууларды сатып алуу жана топографиялык сүрөттөрдү даярдоого кеткен кээ бир чыгымдарды “Жигердүү жарандар” долбоору жапты. Ушул эле долбоор активисттерге кеп-кеңеш, багыт берип, туура жолду тандоого жардамдашты.

Ак-Жар айылынын демилгелүү тобу менен “Жигердүү жарандар” долбоорунун жергиликтүү координатору Манас Сатыбалдиев тыгыз иштешип жатты. Ал 15 жыл бою Москвада ашпозчу болуп иштеп, мекенине кайтып келген. 2020-жылы болсо Ак-Жарда “Жигердүү жарандарга” жергилик тандалып алынгандан кийин ал ак-жарлыктар менен биргеликте көчө жарыктандыруу демилгесин ишке ашыруунун бардык этаптарына катышып, ресурстарды мобилизациялоо жана мамлекеттик органдар менен иштешүүгө колдоо көрсөтүп иш алып барган.

Активдүү жарандар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматташуусу жакшы натыйжаларга алып келгенден кийин Манас экономист болууну каалап, жогорку окуу жайга тапшырган. “Мен мындан ары да бул жаатта иштегим келет. Жергиликтүү деңгээлдеги жакшы өзгөрүүлөргө көмөктөшсөм деген оюм бар”,- дейт Манас. “Маанилүү процесстерди аңдап-билүү үчүн мага терең билим алуу керектигин түшүнүп, университетке сырттан окууга тапшыргам”.

Ошентип активдүү жарандарды колдоо долбоору Манастын жеке жашоосундагы жолун жарыктандырды. Манас жана анын санаалаштары өздөрүнүн коомдук уюмун каттоодон өткөрүп, өз аймагын мындан ары да жаңы деңгээлде өнүктүрүүгө ниеттенишүүдө.

Окутууга негизи басым

“Жигердүү жарандар” долбоорунун эң негизги багыты – бул окутуу, билим берүү десек болот. Долбоордун өнөктөш айыл-шаарларында демилгелүү топтор жарандар тарабынан көтөрүлгөн демилгелерди пландаштыруу, муниципалдык жана мамлекеттик органдар менен эффективдүү иштөө, бизнес секторун жана коомдук уюмдарды кызматташууга тартуу жана маалыматты мекендештерге туура жеткирүүнү үйрөнүштү. Долбоордун дагы бир маанилүү жагдайы: каражатты түзмө-түз акчалай түрдө бербестен, жабдуулар же техникалык иштер түрүндө жардамын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомчулуктун мүчөлөрү жана жеке ишкерлер салым кошкондон кийин берет.

“Эки жылдын ичинде “Жигердүү жарандар” долбоору коомчулукка тренинг өтүп, кеңеш берүү жана тажрыйба алмашуу аянтчаларын уюштуруп берди. Биз жергиликтүү лидерлердин жер-жерлерде жашаган калк үчүн маанилүү болгон демилгелерди ишке ашыруусуна салым кошконубузга кубанып жатабыз. Алган билимдери алар үчүн башка актуалдуу маселелерди чечүүдө пайдалуу болот деп ишенебиз”,- дейт USAID`дин “Жигердүү жарандар” долбоорунун жетекчиси Наталья Пипия.

Чынында эле, активдүү жарандардын алган билими, аракети жана демилгечилдиги өз жыйынтыгын берди. Алсак, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарынын бир катар айылдарында кечки жарыктандыруу ишке кирди, Куршабда негизги көчөсүн бойлогон 3 чакырым узундуктагы тротуар пайда болду, Тоңдо музыкалык мектептин филиалы ачылды, ал эми Чүй облусунун Дөң-Арык жана Ош облусунун Шагым айылдарында балдар үчүн заманбап аянтча тургузулду.

Октябрь айынын аягында Бишкекте “Аракет сөзсүз акталат!” аттуу атайын уюштурулган конференциянын жүрүшүндө Кыргызстандын бардык аймагынан келген активисттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрациялардын, жарандык коом уюмдарынын жана бизнестин өкүлдөрү “Жигердүү жарандар” долбоору колдогон эң ийгиликтүү демилгелерди талкуулашты. Анда жергиликтүү өз алдынча башкарууга караштуу маселелерди чечүүдө жарандардын катышуусу өтө чоң ролду ойной тургандыгы, ошондой эле мамлекеттин жана бизнестин кызматташуусунун маанилүүлүгү тууралуу сөз болду. Негизи идеалдуу формула боюнча, тургундар артыкчылыктуу көйгөйлөрдү тандап, аларды жергиликтүү кеңештин жана айыл өкмөттүн катышуусу менен чечишет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калк менен достук мамиледе болуп, ачык-айкын иштешет. Ал эми бизнес социалдык долбоорлорду колдоого алуу менен, өзүнүн кадыр-баркын көтөрүп, элдин жашоосун жакшырткан бизнес катары таанылат. Куршабдыктар дал ушундай жолду тандап, жакшы натыйжага жетише алышты. Бул жерде жергиликтүү ишкерлер менен бейөкмөт уюмдун активдүү катышуусунун натыйжасында айылдын борбордук көчөсүнө тротуар салынды.

Ишенүү илими

Бирок баары эле ойдогудай боло берген жок. Демилгелерди жүзөгө ашыруу учурунда бир нече кыйынчылыктар жаралды, мисалы, бош жер тилкелерин табуу. Ошентсе да маселени чечүү жолдору табылды. Дөң-Арык айылындагы жергиликтүү тургун балдар аянтчасын курууга жер тилкесин айыл өкмөттүн балансына акысыз өткөрүп берген. Демилгелүү топ мунун баарын мыйзам чегинде жүргүзүү үчүн юридикалык процедуралардын бүтүшүн чыдамкайлык менен күттү.

Элдин ишениминин жетишсиздиги дагы бир ири көйгөйгө айланды. Мурда айтылган демилгелер ишке ашпагандыктан, көпчүлүктүн бул жолу да жумуш аягына чыгарына көзү жетпей жатты. Элди демилге тууралуу талкууларга тартуу кыйынчылык жаратты. Ушундай учурларда натыйжага жетүү өзгөчө баалуу болот. Мындай окуя Дөң-Арыкта болду. Жергиликтүү тургундар активисттерге ишеним берип,
3 миллион сомдон ашык каражатка бааланган балдар аянтчасын куруу демилгесин колдоп чыгышты. Кошуна жайгашкан Буранада да күн батареясы менен иштеген жарык берүүчү жабдыктар менен көчөнү жарыктандырышты. Аны тургузууга айылдыктар жана жергиликтүү ишкерлер
117 миң сом чогултуп, айылдык кеңеш болсо жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом бөлүп берди. Ал эми “Жигердүү жарандар” долбоору 380 миң сомго жарык берүүчү жабдууларды сатып алууга, ошондой эле юридикалык кеңештерди берип, коомчулуктун башын кантип эффективдүү бириктирсе болорун көрсөтүп көмөктөштү.

Демилгелүү топтун мүчөсү Мурат Макеевдин айтымында, Бурана айыл өкмөтүнө караштуу төрт айылда 6 миң адам жашайт. Дөң-Арык аймактын борбордук айылы болуп саналат.

“Балдар аянтчасынын курулганына абдан сүйүнүп жатабыз. Кошуна айылдарга мактанып коёбуз. Айылда ичүүчү суу, таштанды чыгаруу маселеси бар. Спорт зал, бала бакча куруу керек. Мунун баарын акырындык менен чечебиз”,- дейт аксакал.

Мурат Макеев белгилегендей, “Жигердүү жарандар” долбоору элдин башын бириктирип, өз күчүнө ишенүүгө жардам берди. Бирок муну менен токтоп калууга болбойт дейт ал. Алдыга жылып, мамлекеттик органдар менен биргеликте айылдарды өнүктүрүү жана жашоонун сапатын жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө керек.

Жаңы лидерди таап, тарбиялоо

“Аракет сөзсүз акталат!” конференциясынын жүрүшүндө бийлик органдары менен калктын ортосундагы ишенимди түзүү жана бекемдөөнүн маанилүүлүгү да талкууланды. Бул максатта жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчылары, долбоор ишке ашкан райондордун акимдери атайын чакырылган.

“Биз үчүн мындай пикир жана тажрыйба алмашууну уюштуруу, ресурстарды мобилизациялоодо жана калк менен иштөөдө жергиликтүү бийликтер кабылып жаткан кыйынчылыктарды талкуулоо өтө маанилүү. Райондук администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү өздөрү белгилегендей, биринчи кезекте ишеним маселеси чечилиши керек. Кээ бир айыл өкмөттөрүнүн эл менен иштөө боюнча тажрыйбасы жетишсиз. Андыктан жергиликтүү тургундар менен конструктивдүү диалог түзүү үчүн тажрыйба алмашуу, ачык-айкын болуу маанилүү”,- дейт “Жигердүү жарандар” долбоорунун жарандык катышуу боюнча улук менеджери Эльмира Жолдошева.

Жыйында активдүү жарандар аз болгон жерде иш оорчулук жарата турганы да айтылды. Жаңы лидерлерди өстүрүү, жоопкерчиликти бөлүштүрүү – ийгиликке жетүүнүн негизги шарттарынын бири. Андыктан өзү жашаган көчө, айыл же шаары үчүн жакшылык кылууга умтулган жарандардын демилгесин жана дилгирлигин колдоо маанилүү. Бирок ошол эле учурда өзүбүз да четте калбай, коомдук жыйындарга, бюджеттик угууларга, шайлоого катышуу аркылуу жергиликтүү деңгээлде кабыл алынган чечимдерге таасир этүүгө аракеттенүү да керек.

Кийинки этапта “Жигердүү жарандар” долбоору өлкөнүн бардык аймактарындагы 20 муниципалитетте иштеп, анда тиричилик калдыктарын башкаруу жол-жоболорун жакшыртууга байланыштуу демилгелерди колдомокчу. Ортодо долбоор ийгиликтүү демилгелерди чагылдырган жана “Аракет сөзсүз акталат!” деген ураанды далилдеген видеолор жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мыкты тажрыйбалар порталында жана социалдык тармактар аркылуу жарыяланат.

USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоорунун Инстаграм баракчасы: www.instagram.com/jigerduujarandar

Фейсбуктагы баракчасы: www.facebook.com/jigerduujarandar

Бул макала USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоорунун жардамы менен даярдалды. Бул макалада камтылган көз караштар USAIDдин, АКШ өкмөтүнүн же FHI 360 уюмунун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан