БИР БҮРКҮМ. КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮ КОРКУНУЧУ ЖОГОРУ...

  • 8-ноябрда Бишкекке Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу иш сапары менен келип, өлкө жетекчилиги менен жолугушту.
  • Авариялык кырдаалдан улам жылуулук берүү токтотулганына байланыштуу Бишкекте 2 мектеп онлайн режимде иштөөгө өттү.
  • Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков 6-ноябрда Кабулда Ооганстандын өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.
  • Бишкекте коммерциялык эмес кооперативдердин бирин жетектеген аял алдамчылыкка шектелип кармалды.
  • Ош шаардык милициясы: “Ошто Кытай жараны айлыгын бербегени үчүн өз жетекчисин өлтүрдү”.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: “Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору”.
  • 15-ноябрда Жогорку Кеңеште өлкөнүн 2023-жылкы республикалык бюджетин талкуулоо үчүн парламенттик угуу өтөт.
  • Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн бирине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атасынын ысымы ыйгарылды.
  • Ош шаарында кышкысын жолго чачууга 112 тонна туз даярдалганы айтылды.
  • Төрага Нурлан Шакиев Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткендин айылдарын кыдырып чыкты.
  • Сузакта жергиликтүү тургунду тоноого шектелгендердин бири Бишкектен кармалганы 9-ноябрда маалымдалды.
  • Бишкек шаардык соту массалык түрдө кармалган жарандык активисттердин бир тобуна карата Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
  • Өлкөдө жылына профилактикалык эмдөөдөн баш тартуу боюнча 8 миңдей факт катталары айтылды.
  • Экономика министрлиги: 2022-жылдын январь-август айларында Кыргыз-Орусиянын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 2 миллиард доллардан ашты.
  • 2022-жылдын 9 айында аймактык милиция бөлүмдөрү 6929 кылмыштын бетин ачканы кабарланды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан