9 АЙДА 675 МИҢ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ОРУСИЯГА ИШТЕГЕНИ БАРДЫ

2022-жылдын январынан октябрь айына чейин Кыргызстандан Орусияга 675 968 эмгек мигранты барды. Маалымат Орусия ИИМинин миграциялык абал боюнча 9 айдын жыйынтыгын камтыган статистикасында жазылды. 9 айда 25 952 Кыргыз жараны окууга, 3270 жаран турист катары, 2474
жаран иш сапары, 80 592
жаран жеке иштери,
14 851 жаран башка себептер менен Орусияга барган. Жыл башынан бери 820 786 мекендешибиз Орусиянын миграциялык каттоосуна алынды. Мунун ичинен 17 659 жаран туруктуу жашаган жери боюнча, 803 127 жаран убактылуу жашаган жери боюнча каттоого турган. Ошол эле учурда 722 066 Кыргыз жараны миграциялык каттоодон чыгарылды. 9 айда 16 404 мекендешибиз Орусия жарандыгын алууга жетишти.

Коңшуларга салыштырганда: Өзбекстандан 9 айда 4 миллион 465 миң, Тажикстандан 2 миллион 714 миң, Казакстандан 118 417 адам Орусияга жумуш издеп барганы айтылды.

Орусияга окууга баргандардын саны боюнча Тажикстан алдыда, 9 айда 81 671 жаран барган. Казакстандан 71 568 жаран, Өзбекстандан 55 388 жаран барганы айтылат министрликтин маалыматында.

Иш сапары менен Орусияга Кытайдан көп барышкан:
23 763 жаран. Түркиядан 21 785 жаран, Беларустан 10 505 жаран, Казакстандан 9646 жаран, Германиядан 6220 жаран Орусиянын чек арасын “иш сапары” деген жүйө менен аттаган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан