ӨЛКӨДӨ 200 ЧАКЫРЫМ ЖОЛ АКЫ ТӨЛӨНҮҮЧҮ ЖОЛГО АЙЛАНЫШЫ МҮМКҮН

Кыргызстан жолдордун сапаты боюнча акыркы 20 өлкөнүн катарында. Бул тууралуу “Автоунаа жолдору жөнүндө” мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Дүйнөлүк экономикалык форум жарыялаган акыркы статистикада Кыргызстан 137 өлкөнүн ичинен 131-орунду ээлеген. Министрлик “аталган мыйзам эскирди, заманбап талаптарга ылайык эмес” деп жатат. Акы төлөнүүчү жолдорду, көпүрөлөрдү, туннелдерди түзүү, алардан түшкөн акчаны жолдорду оңдоп-түзөөгө жумшаса болот дейт. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда кандай жолдор акы төлөнүүчү жол болот, аларда жүрүүдө кимдерге жеңилдик берилет, түшкөн акча кантип бөлүштүрүлөт деген сыяктуу жагдайлар эске алынары айтылды.

Жыл сайын жолдорду оңдоого бюджеттен орточо 3 миллиард сом бөлүнөт. 30 жылда жетиштүү каржыланбаганы үчүн жолдордун тез-тез бузулушунан бюджет 195 миллиард сом жоготту дейт министрлик. Тагыраагы, жылына 6,5 миллиард сомдон.

Расмий маалыматка таянсак, учурда Кыргызстанда жалпы пайдаланууда 18 850 чакырым жол бар. Мунун 200 чакырымы акы төлөнүүчү жолго айланышы мүмкүн. Коомдук унаалар, ошол аймакта жашагандардын унаалары, “Тез жардам” сыяктуу атайын унаалар төлөмдөн бошотулат.

Айта кетсек, акы төлөнүүчү жолдорду түзүү демилгеси буга чейин жарандык коомдун кескин сынына кабылып, министрлик долбоорду артка кайтарып алган. Кайрадан талкууга коюлду, 15-ноябрда бул боюнча парламенттик угуу өткөнү жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан