ИИМдин ӨКҮЛДӨРҮ АКЧА КЫМЫРЫП АЛУУГА ШЕКТЕЛДИ

ИИМдин ички аскерлеринин жооптуу кызмат адамдары атайын машыгууга деп бөлүнгөн акчаны кымырып алышканы аныкталды. Бул тууралуу 10-ноябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка таянсак, окуя 2022-жылдын июнь айында болгон. Тактикалык машыгууну өткөрүүгө керектүү каражаттарды сатып алууда документтерди жасалмалап, бааларды жогорулатып, техникалык талаптарга жооп бербеген каражаттарды сатып алышып, мунун натыйжасында мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени айтылды.

Факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 346-беренеси – кызматтык жасалмачылык, 210-беренеси – ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Азыркы тапта тергөө иши жүрүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан