ТҮРК ТИЛДҮҮ ӨЛКӨЛӨРДҮН ЛИДЕРЛЕРИ САМАРКАНДДА ЖОЛУГУШАТ

11-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммити өтөт.

10-ноябрда президент Садыр
Жапаров
Өзбекстанга учуп кетти. Саммитте өлкө президенттери уюмдун 2022-2026-жылдарга карата декларациясын жана стратегиясын бекитишет. Чөлкөмдөгү жана эл аралык аренадагы саясий окуялар талкууланып, экономика, бажы, транспорт жана соода тармагында документтерди карап, бир катар чечимдерди кабыл алышары күтүлүүдө. “Түрк цивилизациясынын жаңы доору: жалпы өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолуна карай” деген темада атайын талкуу болору да айтылды.

Аягында уюмга төрагалык кылуу Түркиядан Өзбекстанга өткөрүлөт.

Айта кетсек, Түрк мамлекеттери уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. Түркмөнстан менен Венгрия уюмга байкоочу статусунда. Венгриядан саммитке өлкөнүн премьер-министри, Түркмөнстандан парламентинин төрагасы катышмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан