АКЖОЛ МАХМУДОВ МЕНЕН ЖОЛАМАН ШАРШЕНБЕКОВ UWW'ДАН АКЧАЛАЙ СЫЙЛЫК АЛЫШАТ
Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунан (UWW) 5 миң доллар акчалай сыйлык алат. Мындай маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, аталган уюм күрөш сезону жабылгандыгына байланыштуу ар бир салмактык категорияда рейтингде алдынкы үчтүккө кирген балбандарга акчалай сыйлык, тагыраагы, 10 миң доллардан бөлгөн. Рейтингде биринчи орунда тургандар 5, экинчидегилер 3, үчүнчү орунда тургандар 2 миң доллардан алышат.
Жоламан Шаршенбеков быйыл Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда чемпион болуп, рейтингде биринчи орунга көтөрүлгөн.
Ал эми 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов учурда өзүнүн салмак категориясында 2-орунда. Ага 3 миң доллар акчалай сыйлык берилет.
"АК ШУМКАРЛАРДЫН" КАТАРЫН ДАГЫ БИР БЕЛГИЛҮҮ ФУТБОЛЧУ ТОЛУКТАДЫ
Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубунун жарым коргоочусу Магамед Узденов Кыргыз жарандыгын алды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
– Жыл башында Узденов Кыргыз Республикасынын жарандыгын кайтарууну чечип, өлкөбүздүн улуттук курамасы үчүн ойноого өз каалоосун билдирген. Буга байланыштуу КФС Эл аралык футбол федерациясынан
(ФИФА) оюнчунун өлкөбүздүн башкы футболдук командасында ойноо мүмкүнчүлүгүнө уруксат алуу үчүн иш жүргүзгөн. ФИФА КФС жөнөткөн оюнчунун документтерин изилдеп жана
ФИФА уставынын жоболорун эске алып, Узденов Кыргыз улуттук курамасында ойной ала турганын ырастаган расмий кат жиберди,- деп билдиришти футбол союзунан.
Футболчу коңшу Казакстандын жарандыгын алып, буга чейин аталган өлкөнүн жаштар курамасы менен жолдоштук беттештерде ойногон.
Учурда "Абдыш-Ата" футболдук клубунун оюнчусу. Узденов быйыл канттык клуб менен өлкө чемпиону аталды.