Кийинки учурларда телевидениеден биринин артынан бири жаңы клиптер көрсөтүлүп жаткандыгы маалым. Мындан аз гана жыл мурункуга салыштырганда клип тартуу жагынан өсүп баратканыбызды далилдеген бул көрүнүш албетте, кубантпай койбойт. Даяр болгон клипти көргөн адамга бул өнөр жеңил туюлганы менен анын ичиндеги түйшүктү көпчүлүк сезе бербесе керек...
Клип тартууга болгон биринчи кадам
Ырына клип тартууга көңүлдөнгөн ырчы клипмейкерди, башкача айтканда, клип тартуучу адамды тандоого киришет. Андай клип тартуучу адамдарга Мырзабек Айдаралиев, Азарио, “DDD”, Канат Култаев, Амир Кадыров, Гүлсина Чотонова жана башкалар кирет. Аталган клип тартуучулардын акысы сюжетке, жеке мамилеге карата болот.
Клипмейкер адегенде эле клип тартуу үчүн ырчынын ырын угуп көрөт. Ыр жагып, хит болооруна көзү жеткенден кийин гана бул клиптин сценарийи жөнүндө ойлонот. А эгерде ыр жакшы болбосо, көпчүлүк учурда клипмейкерлер ал ырга клип тартуудан баш тартышат. Кээде ырчынын ыры жакпай калса, анын көңүлүн калтыра албай аргасыз макул болуп калган учурлары да кездешет. Мындай учурларда клип өз максатына жетпей калуусу толук мүмкүн.
Сценарийин түзүү
Ырды жактырган соң анын мазмунуна карата сценарий түзүлөт. Клип тартуучу алгач ырчынын оюн угуп көрөт да, анан өз оюн айтып, экөө кеңешип бир чечим кабыл алышат.
Каармандарды тандоо
Клиптеги окуяларга байланыштуу каармандар көбүнчө кастинг аркылуу тандалып алынат. Негизги каарманды ырчы өзү эле тандабастан, сөзсүз түрдө режиссёр менен кеңешүүсү зарыл. Анткени, чындап табиятынан сулуу болгону менен кээ бир адамдар камеранын көзү менен караганда сулуу эмес көрүнүп калышы мүмкүн. Бул каарманга 1000 сомдон 5000 сомго чейин акча төлөнөт.
Тартыла турган аймак
Клипти кайсы жерде тартуу маселеси каралат. Дүкөндө, ресторанда же студияда болобу, ага 200 сомдон 10 миң сомго чейин аренда төлөнөт.
Клип тартууда клипмейкерлер үч түрдүү жол менен иштешет:
Белгилүү клипмейкер, 50 дөн ашуун
клиптин автору МЫРЗАБЕК АЙДАРАЛИЕВди
сөзгө тартканбыз.
– Мырза, азыркы клиптер менен мурдагы клиптердин айырмачылыгы барбы?
– Албетте, чоң айырмачылыгы бар. Мурда тоого чыгып же болбосо арчанын жанына туруп алып ырдачу эмес беле. Учурда өзүңөр күбө болуп жаткандай эле клиптердин сапаты өсүүдө. Жергебизде жаш таланттардын толкуну менен кошо шоу-бизнес өнүгүп жатат. Демек, клиптердин да сапаты өнүгүп жатканына күбө болуп жатабыз. Азыркы тартылып жаткан клиптерди коңшу өлкөлөрдүн, Өзбекстан, Казакстандын клиптерине салыштырууга жарап калды десек болот.
Бирок, чет элдегидей болуп кымбат техника, стилист формасын карап, операторлор тартып, монтажёрлор монтаждабаса дагы биз өзүбүз стилист, өзүбүз режиссёр, оператор болуп тартып жатып, Кудайга шүгүр эле клиптер жаралууда.
– Эң жакшы клип тартуу үчүн эмне кылуу керек?
– Эң биринчиден, акча каражаты керек. Элдер ырчылардан жаңы клип күтүшөт. А ырчы жаңы, сапаттуу клип тартуу үчүн ага акча керек. Акча табуу үчүн концертке эл көп келиши зарыл. Демек, биринчи эл бай болсо анан ырчылар байыйт да, элге сапаттуу клип сунушталат деп айтат элем.
– Сиз тарткан эң кымбат клип деп кайсыны көрсөтө аласыз?
– Мен үчүн элдин көңүлүнө жаккан клип кымбат. Ал эми акча каражаты көп кеткен жагынан мен тарткан клиптерден Семанын “Кызганба”, Артык, Сапардын “Атага кат”, Эмил Балтагуловдун “Ичпечи, апа” клиптери. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн клиптерине Султандын “Досума”, Мирбектин “Не моя”, Эмил Балтагуловдун “Ичпечи, апа” жана башка ушулар сыяктуу клиптерди салыштырууга болот деп айтаар элем.