«МЕН АДАШТЫМ, СИЛЕР АДАШПАГЫЛА»

Мен мыкты жерлерде окугам. Билим алууда ата-энем менден акча аяган жок. Кичинемде курстан курс которуп окуп, бир жумушта иштеген кишидей эле таң эрте үйдөн чыгып кетип, бир нече сабактарга жетишип, андан ары мектептеги сабактарга кетчүмүн. Үйдө жумуш кылган жокмун. Айына акча төлөнчү мектеп-гимназияда окудум. Өздөрү кыйналса да, атам менен апам мен үчүн акча тапчу. Мектепти аяктагандан кийин чет өлкөгө окууга өттүм. Мен үчүн жеңил эле болду. Мага сабак берген күчтүү мугалимдердин жана окууга шарт түзүп берген ата-энемдин аракети менен болду бул. Бирок ал кезде муну кайдан түшүнмөк элем, баарын өзүм “кыйратып” жаткандай сезилчү. Чет өлкөдө бекер окудум. 5 жылдан кийин магистратурага тапшырдым. Акыры кыйын маркетолог болуп чыктым. Чет жакта жүргөн кезде ата-энемди сагынып кеттим. Алардын жанынан чыкпай чоңойгом. Жакшы жумуштарга сунуш түшсө да болбой мекениме кетем деп Кыргызстанга кайтып келе бердим. Ата-энем деле “кала бер жакшы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, бизге келгени жетишесиң” дешти. Алар менин келечегим үчүн өмүрүн берди да, жакшы жакта иштесин дешти, менин жакшы жашоомду көргүлөрү келди. Мен болсо кайда барсам да каалагандай жумуш таап алам деп ойлодум. Кыргызстанга келип 1 ай тайраңдадым да, жумуш издей баштадым. Кичинекей компанияга жумушка кирдим. 10 чакты киши иштеген чакан компания болчу. Дисциплина деген жок, ар ким каалагандай иштей берген жер экен. Буга чейин менден талап гана кылган, эрежелер катуу жерлерде окуган мага башында булардын баары кызыктай көрүндү. Бирок кийин көнүп гана калбастан, мындай эркиндикти жактырып да калдым. Ал жерде иштеген менден бир аз улуу 2 кыз менен жакын болуп калганбыз. Алардын катарына кошулдум. Алар барган жерлерге барып, алар кылганды кылып жүрө берип бир жылдан кийин өзүмдү түнү менен түнкү клубдарда жүргөн, спирт ичимдиктерине көнүп калган, айланамда жаман ойлуу эркектер жайнаган абалда таптым. Мунун баарын түшүнүп турсам да өзүмдү колго алууга эрким жеткен жок. Мага ушул жашоо жагып жатты. Бул аракет кылып көтөрүлүүгө караганда жеңил болчу. Бул аралыкта ата-энем менден чоң бурулуштарды күтүп жүрүштү. Мендеги бурулуш – мурдагыдан да көбүрөөк ичип калганым болду. Ошентип жумушка да барбай калдым. Менден көп убакыт кабар ала албай калган апам бир күнү шаарга өзү жетип келиптир. Чачылган үйдө бөтөлкө кармап уктап жаткан абалда тапты мени. Ошондогу апамдын көзүнөн көрүнгөн көңүл калуу менин тамагыма тыгылып калды. Андан кийин ал көз караш эч эле көз алдымдан кеткен жок. Андай көз карашты кийин атамдан да көрдүм. Экөөнүн менден бир нерсе чыгат деген үмүтү түп-тамыры менен үзүлдү. Экөө мени жашоого кайтарууга көп аракет кылышты. Майнап чыкпагандан кийин жайыма коюшту. Азыр мен кайдамын? Мен селсаякмын, көчөдө жашайм, таштандыдан нан таап жейм. Мен жолумду таппай калган эмес, көрүнүп турган жолдон өз эрким менен адашкан алсыз жанмын. Кезинде селсаяктарды көрүп жийиркенчүмүн, жаман көзүм менен карап, алардын жанынан мурдумду жаап өтчүмүн. Азыр мени ошентип карап өтүшөт. Мен аларды жаман көрбөйм. Мен азыр өзүмдү жек көрөм. Селсаяк болуш бир паста экен. Туура жолду таап кетүү ар кимдин өз колунда тура. Мен адаштым, силер адашпагыла. Ата-эненин нааразылыкка толо көз карашын көргөн дүйнөдөгү акыркы адам мен болоюн. Кезинде мага окшоп таң атканда мас абалында клубдан же кафеден үйүнө кайткан кыздарды көчөдөн көп көрчү болдум...


Селсаяк

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан