Биз социалдык тармакта

СЕМИЧКЕ: ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Күн карама данында организмге керектүү жарым каныккан май кычкылдары, көптөгөн витаминдер жана микроэлементтер бар. Ошол эле учурда анын терс жактарын да эске ала жүргөнүңүз туура.

ПАЙДАСЫ

• Жарым каныккан май кычкылдары зыяндуу холестериндин дэңгээлин азайтуу менен жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактайт;

• E витамини бырыштын жана жүрөк ооруларынын алдын алат;

• A витамини терини жана көрүүнү жакшыртат;

• B витамини чачты какачтан, бетти безеткиден сактайт;

• D витамини сөөктөрдүн калыптагыдай өсүшүн камсыздайт, остеопороздун жана рактын алдын алат. Иммунитетти бекемдейт, калкан сымал бездин иштешин жакшыртат, кан басымды калыпка келтирүүдө башка дарылар менен кошо колдонсо пайдасы чоң;

• Цинк тырмакты бекемдейт. Чачты кулпуртуп өңүнө чыгарат;

• Магний булчуңдардын өсүшүнө жана иштешине, артериалдык кан басымды калыпка келтирүүдө жардам берет.

ЗЫЯНЫ

• Тиш менен чакканда анын эмалын бузат. Эмаль жабыркаганда кариес жаралат;

• Калориялуулугу жогору болгондуктан толук адамдарга жана арыктайм дегендерге болбойт. Анткени 100 грамм күн карама даны 580 килокалорияга ээ;

• Тазаланбаган чаңдуусу ашказанга, ичегиге зыян. 1 стакан чаң семичке чагуу 1 чарчы метр полду тил менен жалоого барабар;

• Ашыкча куурулган семичке зарна жаратат, ичти көптүрөт, ашказан, ичегини жабыркатышы мүмкүн;

• Ашыкча жеп алганда сиңирүү кыйындап, ашказан ооруйт;

• Боор жана ичеги-карын оорулары кармаганда чакканга болбойт. Ооруларды курчутат.

ЖЫЙЫНТЫК

Семичкени кез-кезде ашыкча куурулбаганын чакканга болот. Анан тиш менен эмес, кол менен чагууга үйрөнүү зарыл. Атайын өнөр жайда даярдалганын сатып алган оң. Бир чакканда 2-3 аш кашык чаксаңыз жетет, мында 200 килокалория бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан