Телибайдай тентек АРАШ

Сыртынан тентек көрүнгөн Араш бала чагында ушунчалык шок болгон. Кыздардын чачын тартып тийишмек тургай, өрттөп да жиберчү экен.
Акыркы хит ырларынын бири – Хелена менен чогуу аткарган “Жараланган периште” (“Broken Angel”) ыры. Баса, жакында ырчынын жашоосунда чоң өзгөрүү болгону турат.

Толук аты-жөнү – Араш Лабаф
Туулган жылы – 1977-жыл, 23-апрель
Туулган жери – Иран, Тегеран
Жактырган ашканасы – Тай ашканасы
Бош убактысында баскетбол, футбол ойнойт жана сууда сүзүүгө барат

АРАШ ТУУРАЛУУ КОШУМЧА...

  • Өзүнүн кемчилиги деп ашыкча сезимталдыгын айтат. “Бир нерсе болсо эле жүзүмө жазылып калат, аны жашыра да албайм”,- дейт.
  • Жакында Араш Москвадан батир сатып алды. Ал Орусияга көп келгендиктен, мейманканада жашоодон тажап сатып алгандыгын билдирет.
  • Дайыма жанына ачкыч илгич (брелок) алып жүрөт. Аны сүйгөн кызы жаман көздөрдөн сактасын деп белек кылган.
  • Тай массажын ушунчалык жактырат. Сүйгөн кызынан “тай массажын үйрөнчү?” деп суранып жүргөн чагы.

ХЕЛЕНА МЕНЕН АРАШТЫН МАМИЛЕСИ КАНДАЙ?
2008-жылы Араш менен Хеленанын аткаруусунда "Таза сүйүү" ("Pure love") ыры хит болгону эсимде. Арадан эки жыл өтпөй, ушул эле аткаруучулардан дагы бир хит ыр жаралды. Канчалаган жаштар бул ыр менен жашап жатат деп да айтууга болот. Негизи, чогуу ырдоо тууралуу сунушту 32 жаштагы швед ырчысы Хелена Юсефссонго Араш өзү киргизген. Албетте, Хелена мындай сунушка каршылыгын билдирген эмес. Сыягы, бүтүндөй Европага тааныларын ошондо эле сезген көрүнөт.
Эгер Хелена менен Араштын ортосунда таза сүйүү бар десеңиз, жаңыласыз. Анткени Хеленанын сүйүктүү жолдошу, мөлтүрөгөн уулу бар. Экөөнү чыгармачылык гана байланыштырат. Ал эми Арашты буга чейин кимге гана жабыштырышкан жок. Ким менен дуэт ырдабасын, “ортодо мамилеси бар көрүнөт” деген сыяктуу сөздөр калың элге тез тарачу. Мисалы, Орусиянын популярдуу жылдызы Анна Семенович менен ырдап чыкканда да ушул сыяктуу сөздөр ырчыга жабышкан. Бирок ырчы “ортобузда чыгармачылыктан тышкары мамиле жок” деп кутулган.
Баса, кара тору ырчы жигитке орусиялык ырчылар менен ырдоо ушунчалык жаккан экен, айтор, айланчыктап эле кете албай жүрөт. “Блестящие” тобунун ажарлуу кыздары менен “Чыгыш жомогуна” (“Восточные сказки”) чөмүлсө, “Фабрика” тобунун суйкайган сулуулары менен өзүн “Али-Баба” (ырдын аты) сезди.
Айттык го, айланчыктап эле ырчы айымдар менен дуэт ырдай берет деп. Дагы бир мисалды эринбей айтып өтсөк, бул – Айсель Теймурзаде менен аткарган “Дайыма” (“Always”) аттуу ыры. Баарыбызга белгилүү болгондой, аталган ыр менен Айсель экөө Азербайжандын атынан чыгып, 2008-жылы “Евровидение” сынагына катышышкан. Жыйынтыгында коло медалды илип кетишкен.

“ИРАН МЕНЕН АЗЕРБАЙЖАН ДАЙЫМ МЕНИН ЖҮРӨГҮМДӨ”
"Көп жылдан бери Швециянын Мальмё шаарында жашап келген Араш эмне үчүн Азербайжандын желегин желбиретип, сынакка катышат?" деген суроо козголбой койбойт. Араштын чоң атасынын жерлиги – Ардебилден (Азербайжандын түштүк жагындагы шаар). Ал эми ата-энеси Араш төрөлгөндө Ирандын Тегеран шаарында жашашчу. Бир нече өлкөнү мекендеп келсе да, ырчы өзүн патриот деп эсептеп, “Иран менен Азербайжан дайым менин жүрөгүмдө” деп айтуудан тажабайт.

КЛАССТАШ КЫЗЫНЫН ЧАЧЫН ӨРТТӨП...
Араш 10 жашка чыкканда Ирандан Швецияга көчүп келишкен. Ошондо Лабафзаде деген фамилиясын оңой болсун деп Лабаф деп кыскартышкан. Жаңы жерде ырчы тил жагынан кыйналчу. Мектепте балдар швед тилин чала сүйлөгөнү үчүн көп мыскылдашчу. Бирок жөндөмдүү балакай тез арада тилди да, окууну да өздөштүрүп, алдыңкы окуучулардын катарына кошулган. “Жакшы окуганы курусун, тентектигинде чек жок” деп мугалимдери ата-энесине көп даттанышчу. Бир күнү сабакта ойноп отуруп алдыңкы партада отурган классташ кызынын өрүлгөн чачын өрттөп салган. Кызга убагында жардам көрсөтүлгөндүктөн, жаракат алган эмес. Ал эми тентек Араш тиешелүү сөгүштү алган.

МУЗЫКА ДҮЙНӨСҮНӨ КАНДАЙЧА КЕЛГЕН?
Башынан ойго келгенди жасап көнгөн Араш ырчы болуп, топ түзүүнү туура көрөт. Анда ал 14 гана жашта эле. Мектеп курагындагы музыкага кызыккан балдар топ түзүү сунушун колдошкон. Жардам сурап чиркөө үйүнө кайрылганда, баш тарткан эмес. "Кыбыраган кыр ашат" дегендей, теңтуштардын арасында ырдап, чакан концерт коюп жүрүп эле чоң сахнага кантип келип калганын байкабаганын айтып келет.

“ТЕГИМДЕ АРТИСТ БОЛБОСО, ЭМИ БОЛОТ”
"Ата-энем артисттикти кесип деп санабайт. Улуу агам Швецияда белгилүү врач, кичүү иним Швециянын АКШдагы элчилигинде юрист болуп иштейт. Бир жолу апам “тукумубузда артист деген деги эле жок, каякка мурдуңду тыктың?!” деп катуу урушканында анын көңүлүн алып, Мальмёдогу ЖОЖдордун бирине тапшырып, окуумду бүтүрдүм. Кесибим боюнча архитектор-дизайнермин, бирок иштеп көргөн эмесмин. Тегимде артист болбосо эми болот да, кесибим менен иштебейм го”,- дейт Араш.

ЖАКЫНДА ҮЙЛӨНӨБҮ?
Жолборс жылы узап жатканда “Араш Москвада зер буюмдарды саткан дүкөнгө кирип, нике шакегин алып кетти. Демек, сүйгөн кызы Беназга турмушка чыгуу сунушун киргизет” деген маалымат тарады. Мунун чын-бышыгын ырчы ачыктай элек. Өзүн чыгыш мырзасы деп баса белгилеген ырчы сүйүүгө туруктуу экенин да тастыктап келет. Дегеним, Беназ менен таанышканына бир нече жыл болду. Экөөнүн буга чейин Таиландда, Филиппинде, Индияда, Африкада, Түштүк Америкада чогуу эс алгандары тууралуу ачык айтылып келет. “Бир жылда жок дегенде 5 өлкөгө барып эс алып келебиз”,- дейт ырчы.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 427, 7-13-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан