“АЯЛЫМ АЖЫРАШАМ ДЕП ЖАТАТ, ҮЙ КИМГЕ ӨТӨТ?”

 Адистин кеңеши рубрикабыздын алкагында окурмандардан келген суроолорго жооп издеп келебиз. Бул жолу укуктук, мыйзамдык талаадагы суроолорго “Келишим” юридикалык борборунун директору Чыңгыз Иманбеков жооп берди.

– Аялым ажырашам деп сотко арыз менен кайрылыптыр. Үйдөгү мал-мүлктү, үйдү тең бөлөбүз деп жатат. Үйдүн кызыл китеби жок. Мен болсо ажырашууну каалаган жокмун. Бул учурда кандай чечим чыгышы мүмкүн?

Азамат, Бишкек шаары

– Ажырашууну каалабай жатсаңыз, мамилени жакшыртууга аракет кылыңыз. Сотко барганда өтүнүч келтирип, элдешүүгө мөөнөт берүүнү сураныңыз. Эгер мөөнөт берсе андан пайдаланып үй-бүлөңүздү сактап калыңыз. Ал эми үйдүн документи жок болсо аны юридикалык жактан бөлүүгө мүмкүн эмес. Жер участогунун документи болсо жер бөлүнүшү мүмкүн. Бирок ал мүлк ЗАГСка чейин же кийин сатылып алынганбы, же белекке берилгенби, кимдин акчасына алынган деген тактоочу жагдайлары бар.

“Аталык укукту кайтара аламбы?”

– Аялым менен ажырашып кеткем. Ортобузда 2 балабыз бар болчу, ооруп жүрүп аларга алиментти убагында төлөй албай калганыма байланыштуу сот мени аталык укуктан ажыратып койду. Аталык укукту кайтара аламбы? Алар менен мамилемди жакшырткым келет.

Жапар, Сокулук району

– Соттун чечимин андан жогору турган сот гана жокко чыгара алат. Андыктан жүйөлүү себептерди көрсөтүп, азыркы чыгарган соттун чечимине даттануу келтирип көрүңүз. Кандай болсо да ата катары балдарыңызга каралашып, алар менен мамилени бекемдегенге аракет кылыңыз. Алимент төлөбөй, балдарды камсыздоодон качкан туура эмес.

“Дарыгерлердин үстүнөн сотко арыздансам болобу?”

– 2 жыл мурун Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринен өтүмдү алдырткам. Бир айдан бери ичим оорутуп жатканынан текшертсем операция убагында ичегини териге кошуп тигип кетишиптир, ошол жер оорутуп жатыптыр. Кайрадан операция жасоо керек деп жатышат. Менин ден соолугум оюнчук эмес, кайра наркоз алгым келбейт. Ишине кайдигер мамиле кылган дарыгерлердин үстүнөн сотко арыз менен кайрылсам болобу? Кандай жаза беришет?

Жылдыз, Кара-Суу району

– Албетте, болот. Бирок дарыгер кетирген катачылыкты так аныкташыңыз керек, балким, операциядан кийинки режимди туура сактабай койгонуңуздан болуп чыкпасын. Дарыгердин катачылыгынан ден соолугуна зыян келтирилгени чын деген далилди алып сотко арыз менен кайрылыңыз. Далилденсе дарыгерге чара колдонулат. Аныкталган фактыларга жараша келтирген зыяндын өлчөмүнө юридикалык баа берилет.

“Кандай жол менен алимент төлөбөй койсом болот?”

– Жолдошу менен ажырашып кеткен аялга үйлөнгөм. Анын ошол кезде 7 айлык баласы бар болчу, биринчи жолдошу менен никеге турушпаптыр. Биз нике күбөлүгүн алып, баланы мага каттаткан элек. Бирок ал 2 жыл жашаган соң башка менен мамиле түзүп алып, ажырашып кеттик. Эми мага алимент төлө деп сотко кайрылып жатат. Кандай жол менен алимент төлөбөй койсом болот?

Жоомарт, Кара-Балта шаары

– Сиздин балаңыз эмес экенин ДНК аркылуу аныктап, сотко кайрылып далилиңизди көрсөтүңүз. Атасы эмес деген юридикалык маанидеги факт аныкталат жана жарандардын абалын каттоо реестрине өзгөртүү киргизилет. Ушундай жол менен алимент төлөөдөн бошотуласыз.

“Кичи ишкерликти баштоо үчүн кимге кайрылам?”

– Чакан кийим тигүүчү цех жана дүкөн ачып иштетейин дегем. Айылда турам. Буларга алгач кандай документтер керектелип, кимдерге кайрылышым керек? Жол көрсөтүп берип коёсузбу.

Камила, Нарын облусу

– Район боюнча салык кызматына кайрылып, жеке ишкер катары катталып, ишиңизди расмий жүргүзө баштасаңыз болот. Калган майда-чүйдө деталдарын салык кызматкерлери ордунан түшүндүрүп беришет.

“Соттун чечиминен кийин кандай аракеттерди көрүү керек?”

– Үй алабыз деп бир курулуш компаниянын директоруна бөлүп төлөө шарты менен ири суммада акча бергенбиз. Бирок ал үй курулган жок, соттошуп, сот акчабызды кайтарып берүүгө 1 жылдык мөөнөт берген. 5 ай өттү, 1 сом да кайтара элек. Биз кандай аракеттерди көрүшүбүз керек?

Миргүл, Бишкек шаары

– Эгер соттун чечими күчүнө кирген болсо аткарууга жөнөтүңүз (арыз жазылат), ал эми аны аткаруу процесси атайын мыйзамга ылайык ар кандай жүргүзүлөт. 5 айдын ичинде соттун чечимин аткарууга жөнөтүү боюнча арыз жазбасаңыз ал ошол бойдон тура берет. Демек, кызыкдар тарап аткарууну сурап, аткаруу процессине жөнөтүшү керек. Ар нерсенин тартиби, процедурасы, мыйзам талап кылган баскычтары бар. Андыктан мүмкүн болсо юрист менен иш алып барууну сунуштайм.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан