Ошентип, Жолборс жылы эстафетаны Коён жылына өткөрүп берди. “Кыргыз спорту” деген 1 жылдык эстафета эмнеси менен эсте калды? Албетте, Данияр менен Каныбектин триумфу жана "нефтичилердин" революциясы. Жыл жыйынтыгына назар салып отуруп, 2010-жыл Кайра жаралуунун жана Ачылыштардын жылы болгонуна ынандык. Ушул “Кайра жаралуу доору” келечекке чоң негиз болсун деген тилек менен жылдын каармандарын эске салабыз.
КАЙРА ЖАРАЛУУ
Кайра жаралуу деп спорттон алыстай түшкөн спортчуларыбыздын кайра кайтып, жетишкен ийгиликтерин айтсак болот. Алсак, бильярдчы Каныбек Сагынбаев 4-жолу дүйнөнү багынтса, 2 жолку Азия чемпиону, балбан Данияр Көбөнов Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынып, Азия оюндарынын чемпиону аталды. Ал эми Евгений Ваккердин Азиададагы күмүш медалы анын Азия оюндарындагы катары менен 5-байгеси болду. Булардын катарына Азиаданын коло медалчысы Жанарбек Кенжеевдин да ийгилигин кошсок болот.
АЧЫЛЫШТАР
Талашсыз түрдө жылдын ачылыштары Калыбек Жолчубеков менен Александр Пароль болушту. Калыбек буга чейин жаштар арасында бир катар жеңиштерге жетишип келсе да, анын Гуанчжоудогу күмүш медалы – чоңдор арасындагы алгачкы ири жеңиши. Кайык менен жарышууда Азиадада Александрдын 3-орунду ээлегендиги да өлкө үчүн жагымдуу белек болду. Сингапурда өткөн өспүрүмдөр арасындагы туңгуч Дүйнөлүк Олимпиадада жаш спортчуларыбыздын жылдызы жанып, кыргыздын туусу дагы бир ирет желбиреди. Алар: Урматбек Аматов (грек-рим күрөшү боюнча 1-орун), Шадыбек Сулайманов (грек-рим күрөшү, 3-орун) жана Болотбек Токтогонов (дзюдо, 3-орун). Аталган каармандарыбыздын баары убада кылынган акчалай сыйлыктарына ээ болушуп, Кыргызстанды 65 миң долларга “банкрот” кылышты.
КИМДЕР МЫКТЫ?
Төмөнкү маалыматтардан спорттун кайсы түрүнүн өкүлдөрү өткөн жылы өлкөбүздү даңазалагандыгын билип алсаңыз болот.
Күрөш. Жогоруда өзүңүз байкагандай, күрөш боюнча жеңиштердин баары “Гуанчжоу-2010” жана “Сингапур-2010” мелдештери менен байланыштуу. Анан дагы ийгиликтерге грек-рим күрөшчүлөрүбүз гана жетишишти. Ал эми эркин күрөшчүлөрүбүз эркин эс алышты десек болчудай. Болгону, Александр Крупняковдун Дүйнө чемпиондугундагы коло медалын айта кетпесек болбос.
Футбол. Футбол күйөрмандары үчүн жылдын сенсациясы Бакиевдин кетиши же “Ата Журттун” жеңиши эмес, кочкор-аталык “Нефтичинин” чемпион болушу болду. Чынында, “нефтичилер” темирдей тартип жана максаттуу жүрүшү менен өлкөнүн 6 жолку чемпиону болгон “Дордойду” токтото алышты. Чемпиондукту тарттырып жиберген “дордойчулар” биринчи жолу клубдардын дүйнөлүк рейтингине киришти.
Жылдын мыктыларын сыйлоо салтанатында КРнын Футбол федерациясы “2010-жылдын мыкты футболчусу” наамын “дордойчу” Азамат Байматовго ыйгарды. Ал эми улуттук курама командабыз АФКнын Чакырык кубогуна жана Гуанчжоудо өткөн Азия оюндарына катышып келди.
Бокс. Ата мекендик мушкерлер быйыл да салтты бекем сактап, эл аралык аренада салмактуу жеңишке жетише алышкан жок. Коңшу өлкөлөрдө өткөн мелдештерде Чингис Борбашев менен Эрмек Сакенов өзгөчөлөнүшүп, бир катар жеңиштерге жетишишти. Мушкерлерибиздин Азиададагы эң мыкты жетишкендиги чейрек финал болду. Ошондой эле биринчи жолу аялдар арасында КРнын чемпиондугу өткөрүлгөндүгүн кошумчалай кетели.
Бильярд. Бильярддагы ийгиликтер Каныбек Сагынбаевдин ысымы менен байланыштуу. Каныбек бильярддын айкалышкан пирамида түрү боюнча Дүйнөнүн вице-чемпиону, ал эми эркин пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиону аталды. “Бильярд спорт” басылмасынын 2010-жылкы мыкты бильярдчыларынын рейтингинде 2-орунду ээледи. Айта кетчү нерсе, “Супер-Инфонун” “Жылдын спортчусу” наамы үчүн Каныбек башкы талапкер болду. Бирок Данияр Көбөновдун Азиададагы жеңиши тараза ташын балбан тарапка оодарды.
Кикбоксинг. “Гермес-профинин” өкүлү Алексей Федосеев профессионалдар арасында Евразиянын чемпиону наамын ийгиликтүү коргоду. Ноябрда өткөн өлкөнүн кезектеги биринчилигинде командалык эсепте “Маралбек” клубу “Гермес-профини” артта калтырып, 1-орунду илип кетти.
Дзюдо. Дзюдочулардын арасынан эң көрүнүктүү жеңишке Таалай Масабиров ээ болду. Ал дзюдо чеберлеринин арасында Дүйнө чепиондугун багынтты. Чингиз Мамедов Минск жана Абу-Дабиде өткөн Дүйнө кубокторунда коло медалдарды тагынды.
Самбо. Дүйнө чемпиондугунда Нурлан Эралиев коло медаль тагынса, Анара Эстебесова күмүш медалга татыды. Ал эми Чыгыш Азиянын биринчилигинде Жаныбек Маматов менен Азамат Асакеев чемпион болушса, Анара 3-орунга илинди.
Баскетбол. Студенттер арасында өткөн “Түрк дүйнөсү” Олимпиадасында мекендештерибиз чемпион болушту.
Вале Тудо. Спорттун бул түрү боюнча эң ири жетишкендик Мирлан Асековдун (Монгол) КМШнын чемпиондугун жеңип алгандыгы болду.
Улуттук оюндар. Көк бөрү боюнча 2010-жыл революциялык жыл болду. КРнын чемпиондугунда көп жылдардан бери биринчиликти бербей келген айтылуу “Бөрүлүнү” Ысык-Көлдүн “Кабыланы” алып түштү.
Ордо боюнча өлкө биринчилигин Талас облусу жеңип алса, “Жылдын мыкты ордочусу” деп Мыктыбек Асылбеков табылды.
"Тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпиону" наамы эркектер арасында Анарбек Жамакеевге (Бишкек) буюрса, кыздар арасында Нурбек кызы Айдайга (Өзгөн) эч ким тең келген жок. Кызыгы, экөө тең 10-класстын окуучулары.
Балбан Кубанычбек Макешов алыш күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугун басып жыгылды.
Ванкувер-2010. 12-28-февралда Ванкуверде өткөн XXI Кышкы олимпиадалык оюндарына 2 спортчубуз катышып келишти. Алар: Ольга Решеткова (лыжа жарышта 54-орунду ээледи) жана Дмитрий Трелевский (слалом, 76-орун).
Ошондой эле... Калыс Бахадыр Кочкаров “ЮАР-2010до” Кыргызстанды бүт дүйнөгө жарнамалады. Бул үчүн президенттин колунан "КРнын Дене тарбия жана спортунун отличниги" деген наам алды.
Тынып-тынчыбаган жана жаңы жеңиштерге суусап турган Валентина Шевченко тай бокс боюнча быйыл да Дүйнө чемпиондугун 8-ирет жеңди.
Жылдын сенсацияларынын катарын айтылуу Алмаз Акундун жеңилиши да толуктайт. Кармашып мушташуу боюнча Бишкекте өткөн мелдеште Бөрү аталган спортчубуз Жаныбек Маматовго жеңилүүгө аргасыз болду.
МИНИСТР АЛМАШТЫ
Кыргызстандын саясий системасындагы өзгөрүүлөр кыргыз спортуна да таасирин тийгизди. КРнын Дене тарбия жана спорт агенттигин апрелден тартып Айдарбек
Керимкуловдун ордуна Алмазбек Касенов жетектеп калды.
Алмазбек Апышевич буга чейин аталган агенттиктин директорунун орун басарынын милдетин аркалап келген. Грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чеберинин нормативин 9-классында эле толтурган. Бир катар союздук мелдештердин жеңүүчүсү, КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу болуп саналат.
Катардагы кыргыз мектеби. Жаңы келген жаш мугалим окуучулар менен жакындан таанышууну чечет.
– Атым – Асан, жашым 11де, атам почточу болуп иштейт!
– Атым – Айша, жашым 11де, атам – айдоочу!
– Атым – Камчы, жашым 11де, атам көгүштөрдүн клубунда стриптиз бийлейт...
Таң калган мугалим танапис учурунда Камчыны чакырып:
– Сенин атаң чын эле стриптиз бийлейби?
– Жок. Чынында, атам – футболчу. Улуттук курама командада ойнойт. Бирок мен аны айткандан уялам!
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg