ТИКМЕЧИЛИК, МОНЧО, ГҮЛ ӨСТҮРҮҮ... Жылдыздардын хоббиси эмне?

Адатта, айрымдар ырдоону хобби катары санайт эмеспи. “Бош убакыт болгондо комузду колго алып кыңылдап калмайым бар” дегендер арабызда көп эле. Ал эми ырчылыкты негизги кесип катары алып жүргөндөрдүн, дегеле чыгармачыл инсандардын хоббилери кандай? Келиңиз, сурап көрөлү.

Алтынай Нарбаева, ырчы: «КУРУЛУШ ИШТЕРИНЕ АБДАН КЫЗЫГАМ»

– Мен гүл өстүрөм, ар кандай чачпактарды сатып келип, алардан буюм жасайм. Кийимдердин реставрациясын өзүм кылам. Керек болсо, бут кийимдерди дагы өзүмө ылайыкташтырып алам. Анан дагы жакшы сорттогу алма көрүп калсам, короомдогуларга кыйыштырып өстүрмөйүм бар. Курулуш иштерине дагы абдан кызыгам. Тооккана, итке уяларды өзүм жасай берем. Ушулар менин хоббим десем болот.

Нурлан Насип, ырчы: «БОШ УБАКТЫМДА PLAYSTATION ОЙНОЙМ»

– Чыгармачылыктан тышкары, бош убактымда PlayStation ойнойм. Кинотеатрларда жаңы чыккан тасмаларды көрөм. Албетте, тоого чыгып табият коюнунда эс алганды, Ысык-Көлдүн жээгинде убакыт өткөргөндү жактырам. Мындай тынч жерлер чыгармачыл адамга изденүүгө сонун шарт түзүп берет.

Гүлзада Рыскулова, ырчы: «КИЧИНЕМДЕН ТИКМЕЧИЛИККЕ КЫЗЫГАМ»

– Хоббим – кийим тигүү. Айрым кийимдеримди өзүм тигип алам. Мурун балдарыма да тигип берчүмүн. Бирок азыр убакыттын тардыгына байланыштуу кээде гана тикмечилик менен алектенип жатам. Негизи, тикмечиликке кичинемден кызыгам. Кийимди өзүм тигип кийгенди абдан жакшы көрчүмүн. 6-7-класс кезим болсо керек, атамдын жаңы шымын ага айтпастан бузуп, юбка тигип кийип алып уруш укканым эсимде. Бычканды өз алдымча эле үйрөнгөм, профессионалдык деңгээлде билбейм.

Ильяз Андаш, ырчы: «МОНЧОДО ДОСТОР МЕНЕН СЫРДАШЫП ОТУРГАН ЖАГАТ»

– Азыркы учурда студияда үн жазуу иши жагып жүрөт. Үн режиссёру болгонго абдан кызыгып калдым. Кандай жазыш керек, эмне кылыш керектигин бир досумдан үйрөндүм. Азыркы таптагы хоббим ушул десем болот. Өзүмдүн үн жаздыруучу жабдыктарым бар. Эми жок эле дегенде тойдо ырдайт элем дегендердин үндөрүн жазып бере баштайм. Анан спортко кызыгам, машыгуу залына барам. Андан тышкары бош убакытта достор менен мончого барып баарлашып отуруу да жагат. Негизи хобби убакыт өткөн сайын көбөйө берет экен.

 

Борончу Кудайбергенов, куудул: «ЭКИ ХОББИМ БАР»

– Менин эки хоббим бар. Бири – кино көрүү, экинчиси – китеп окуу. Кино көрүү, чынында, көп убакытты талап кылат. Ал эми эртең менен багымдат намазынан кийин сөзсүз китеп окуйм. Себеби таң эрте мээ сергип турганда кабыл алуу жакшы болот. Андан тышкары саякаттаганды жакшы көрөм.

Залина Касымова, кыл кыякчы: «САЙМА САЙЫП, КУРАК КУРАГАН УЧУРЛАРЫМ БОЛГОН»

– Ар дайым бир эле нерсе менен алектене бербейм. Маанайга, жагдайга, убакытка жараша болуп калат. Мисалы, кээде отуруп алып сүрөт тартканды, китеп окуганды жакшы көрөм. Бир кезде кызыгып сайма сайган, курак кураган учурларым болгон, бирок азыр буга убактым жок. Бир учурда бош болсом эле кроссворд толтурчумун. Азыр ойлосом, мындай нерселер менен алектенбей калыптырмын. Азыр бар убактымды чыгармачылыкка арнап, изденүүдөмүн. Жаңы музыкаларды жаздырып жатам.

Венера Назаралиева, ырчы: «БӨЛМӨ ГҮЛДӨРҮН ӨСТҮРГӨНДҮ ЖАКШЫ КӨРӨМ»

– Азыркы учурдагы хоббим – гүл өстүрүү. Бөлмө гүлдөрүн өстүргөндү абдан жакшы көрөм. Гүл саткан дүкөндөргө тез-тезден барып турам. Мурун колумдан гүл жакшы өсчү эмес. Бирок аракет кыла берсең өсөт экен. Азыр үйгө батпай калган гүлдөр кайненемдикинде. Кудай буюрса, жер үйгө көчсөк сонун гүлдөрдү өстүрүп, үйдү гүл бакча кылам деп максат кылып жатам.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baktyluu_bolgum_kelet
2022-11-28 09:17:00
Алтынай эле чыныгы сонун аял
0
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан