Жамиля Муратова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЖҮРӨГҮМДӨ АР ДАЙЫМ МУЗЫКА, КАЙРЫКТАР ЖАШАЙТ”

Композитор, педагог, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Жамиля Муратова маек төрүбүздө. Көптөгөн таланттарга чыгармачылыкка чыйыр жол салып, музыкалык билимин өркүндөтүп, талыкпай эмгек кылып келе жаткан ырчы айым эмнеге сахнадан алыстап кетти? Учурда кандай иштер менен алек? Бул суроолорго жоопту маектен табасыз.

– Саламатсызбы, Жамиля айым, ден соолугуңуз жакшыбы?

– Саламатсыздарбы? Жакшы.

– Акыркы жылдары сизди сахнадан көп көрбөй калдык. Жеке чыгармачылыкка эмес, педагогдук ишке басым жасайын дедиңизби?

– Туура, экран аркылуу менин ырларыма кезигүү бир аз сейрек көрүнүш болуп калды. Мунун да себеби бар. Кесибим, алган билимим боюнча бир нече музыкалык багыттагы мугалиммин. Андыктан билген музыкалык тажрыйбамды 1985-жылдан бери жаштарга үйрөтүп келе жатам. Жаштарды тарбиялоо – бул эң негизги максаттарымдын бири. Чыгармачылыктын башаты мугалимдик иш менен үзөңгүлөш. Албетте, ырларым да, композитордук өнөрүм да көз жаздымда калып калган жок.

–Дээрлик 40 жылдан бери мугалимдикти аркалап келе жатыпсыз, биздеги музыкалык педагогикага кандай баа бересиз?

– Бизде музыкалык билим берүү системи Совет доорунан бери күчтүү. Бир гана эстрадалык вокал багытындагы билим берүүдө өзгөрүүлөр болуп келе жатат. Анткени эстрада жанры бир орунда турбай, дүйнөлүк алкакта улам жаңыланып тургандыктан бул багытта билим берүү да өзгөрүп турушу шарт. Ал эми эстрадалык вокалды үйрөтүү бизде жаңыдан гана калыптанууда.

– Байланышканымда “оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатам” дедиңиз эле, студияңызды чоңойттуңузбу?

– Ооба. Бир аз өзгөрүүлөр болду, окутуу студиябыз чоңойду. Иш жүргүзүү багытыбыз да кеңейди. Окуучулар көбөйүп, бир аз шарттарды өзгөрттүк.

– Сизди композитор катары да тааныйбыз, бул жаатта кандай эмгектерди жараттыңыз? Иш графигиңиз канчалык жыш болсо дагы жеке чыгармачылык менен иштөөгө убакыт тапсаңыз керек?

– Албетте, композиторлук иштер да уланууда. Биздин студияда окуган окуучуларга ыр даярдап берип, жаңы үн, жаңы ысымдарды жаратуудабыз. Өзүмдүн да көңүлүмдү шыктандырып, жаңы ырлардын үстүнөн иштеп келе жатам. Виолончель аспабы үчүн "Улуу тоо ыры" деген бир композиция жараттым. Аны алыскы Америкада жашаган таланттуу мекендешибиз Нурмира Салимбаевага сунуштадым. Нурмира ушул жайда балдары менен Кыргызстанга келип кетти. Ошондо экөөбүз чыгармачылык жагдайда жакшы баарлаштык. Буюрса, эми "Улуу тоо ырын" жаңыртууга даярданып жатабыз.

– Эргүү сизге кандай учурда келет? Эмгек жаратуу үчүн эргүүнү күтүш керекпи же издене бериш керекпи?

– Эргүү келе жатам дебейт экен, качан келерин өзү билет.

Эргүүнүн жан дүйнөгө келишин күтүш керек. Бирок жүрөгүмдө, оюмда түрдүү кайрыктар, музыка ар дайым жашайт.

Фольклор, джаз, жаңы заманбап чыгармаларды, классикалык, айтор, ар кыл багыттагы музыканы көп угам. Класста отуруп музыкалык аспапта ойнойм, күндө эле музыка. Андан тышкары ар дайым акындардын чыгармаларын окуп турам. Кайсы чыгармалар жүрөгүмдөн түнөк тапса, таасирлентсе, сөзсүз ага обон жаралат.

– Көп жылдан бери жаштарга билим берип келесиз, шакирттериңиздин ийгилигинен ырахат алсаңыз керек?

– Албетте, ансыз болбойт го. Шакирттеримдин чыгармачылыктагы, жеке жашоосундагы ар бир ийгиликтүү кадамын, жаңылыктарын кубануу менен кабыл алам.

– Адам кандай деңгээлге жеткенде устаттык кылып, шакирт тарбияласа болот деп ойлойсуз?

– Устаттык кылуу – чоң жоопкерчилик. Өз кесибиңдин чыныгы профессионалы болгон кезде гана шакирт тарбияласаң болот. Ошону менен бирге бир орунда турбастан, замандын агымы менен кошо кесибиңди өнүктүрүшүң керек. Бүт баарын билем деп айтуудан алысмын, баарын билүү мүмкүн эмес. Ар дайым изденип туруу шарт.

– Азыркы учурда музыкалык сынактарга анчейин басым жасалбай калгандай. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Мындай көрүнүштүн себеби бар. Негизи көптөгөн сынактар өтүп келе жатат, чоң өзгөрүүлөр жок эмес. Дүйнөдө глобалдашуу процесси жүрүп жатат. Пандемия да өз таасирин көрсөттү. Менимче, дүйнөлүк сынактарга чыныгы өзгөчөлүгү бар жаштарды даярдаганга да убакыт келер.

– Келиниңизге кандай кайненесиз?

– Экөөбүз сыйбыз, ынакпыз. Келинимдей деле эмес, мамилебиз эне-кыздыкындай эле.

– Неберелердин кылык-жоругуна тойбой турган учуруңуз болсо керек. Канча небереңиз бар?

– Кудайга шүгүр, азыр үч неберем бар. Неберелерим – жашоомдун улануусу. Аларга акыл кирип, эс тартуусу, ар бир өзгөрүүсү, өсүүсү мен үчүн абдан кызык. Үчөөнүн тең музыкага сезимдери күчтүү.

– Жашоодон алган чоң сабагым деп эмнени айтар элеңиз?

– Дагы да көптү көрө элекмин дейт элем. Жашоо дагы да билбеген, күтүлбөгөн нерселерди көрсөтө берет го... Ошондуктан жашоодо сабак ала турган жагдайлар улам жаңыланып турат. Баарына шүгүрчүлүк дейм.

– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан