Жан шерик
“Махабат Эверест сыяктуу. Эвересттин чокусуна саналуу гана адамдар чыгышкан. Чокуга чыкпай этегине кулагандар арбын”,- деп айткан экен атактуу жазуучу Мухтар Шаханов. Менин алдымда ушул чокуну багындырган эки жаш отурду.
Рубрикабыздын бул жолку коноктору ырчы Бекчоро жана анын сүйүктүү жары Назгүл болмокчу.
– Жакында башыңарга баш кошулганы жаткан экен, даярданып жатасыңарбы?
Бекчоро: – Бала төрөлмөйүнчө ага арнап бир нерсе албайт дешет го. Азырынча өзүбүздү моралдык жана материалдык жактан даярдап жатабыз. Ата-эне болуу статусу деле оңой эмес экен, чыдамсыздык менен күтүп дегендей.
– Бекчоро, адатта, эркектер тун наристесинин уул болушун каалашат эмеспи. Кыз күтүп жатасыңбы же уулбу?
– Мен мурда эле кыздуу болгум келчү. Анткени пайгамбарыбыздын осуяттарында “тун наристесин кыз төрөгөн аялдар – берекелүү аялдар” деген нерсе бар. Менин аялым да берекелүү аялдардан болот окшойт, биринчибизди кыз төрөлөт деп жатышат. Бир нече кызды тарбиялап өстүргөн ата-эненин бейишке кирүү мүмкүнчүлүгү да көбүрөөк делген. Тунубуз кыз экенине сүйүнүп жатам.
– Менимче, экөөңөрдүн биринчи таанышкан күнүңөр эсиңерде болсо керек. Ошол күндү эстеп берсеңер...
Б: – Мындан беш жылдай мурун кафеде ырдап жүргөн учурумда таанышып калдык. Курбусунун туулган күнү болуп, Назгүл ошол кафеге кирип калды. Мурун эле активдүү издөөдө элем, бир көрүп "менин форматым" деп ойлодум. Баскан-турганы, кийингени, өңү, көзү дегендей, айтор, баары жакты. Сүйлөшүп көрүп ого бетер жактырып калдым.
Назгүл: – Мага деле бир көргөндө жаккан. Эмнеси менен экенин айта албайм, бирок аны көргөндө бир жакындык пайда болду.
– Төрт жарым жыл бири-бириңерди жакшы эле сынаган экенсиңер да...
Б: – Чындыгында, 4 жыл бою экөөбүздүн мамилебиз тууралуу көп ойлондум. Ал кезде мен жалаң чыгармачылык менен алектенип, башка дүйнөнү унутуп койгон экем. Анан калса Назгүл ал кезде ашыкча эле кызганчаак болчу. Экөөбүз урушуп кетчүбүз, кайра жарашчубуз. Ошондогу урушубузга, элдешүүбүзгө сан жетпейт. Төрт-беш ай, кээде жарым жылдап сүйлөшпөй калчубуз да, кайра эле табышып алчу элек. Көрсө, көңүлүңө бир орноп калган адамыңдан жөн салды гана коштошуп кете албайт экенсиң. Эсимде, бир жолу аябай уруша кетип, машинаны токтотуп туруп, “түшүп кал” деп жибердим. Түшүрүп коюп, машинаны катуу айдап кетип калдым. Боорум ооруп, аяп, кыйналып бара жатам...
– Акыры үйлөнүүгө биринчи кадамды ким жасады?
Б: – Намаз жасады. Намаз окуп калгандан кийин адамдын баркын, сүйүүнүн баркын, үй-бүлөнүн баркын түшүнө баштадым.
– Акыркы кездерде көрүнбөй калдың, сахнадан кетейин деп жүрөсүңбү?
Б: – Быйыл үй салуу менен алек болуп жүрүп көп көрүнбөй калсам керек. Концертке чакыруулар болуп жатты, бирок элдин көзүнө көрүнбөй турайын деп чечтим. Ал эми келечекте сахнаны таштайм деген оюм бар. Бул кадамыма ислам дининин таасири чоң.
Ырчылык – менин кумарым. Ал үчүн көп курмандык кылгам, убактымды акчамды, энергиямды сарптагам. Ошондуктан баарын таштап басып кетүү мен үчүн оор. Учурда кыргыз жыттанган ырларга шыктанып жүрөм.
– Кичине мамлекетиңерде мыйзам жагын ким карайт да, тиричилик жагын ким тейлейт?
Н: – Үй-бүлөбүздө мыйзам жагын да, каражат жагын да Бекчоро тейлейт. А мен анын айтканын угам. Үй тиричилиги менен алек болуу, күйөөмө жагымдуу атмосфера түзүү – менин милдетим.
– Таарынышуу деген нерселер болот эмеспи. Ошондо ким биринчи сөз баштайт?
Б: – Үйлөнгөндөн бери, көз тийбесин, такыр уруша элекпиз. Мурун Назгүлдүн кызганчаактыгы көп ойлонтчу. Көрсө, жакшы сүйлөшүп койсо болот экен да (күлүп). Азыр ынтымакта жашайбыз.
– Ылайым махабат отуңар өчпөсүн.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg