Бекдөөлөт Расулбеков, оор атлетчи: “ҮЧ САЛМАК ЧЕНИ БОЮНЧА РЕКОРД КОЙДУМ”

Жакынкы күндөрү Колумбияга Дүйнө чемпиондугуна бара турган оор атлетчилердин бири, эл аралык класстагы спорт чебери Бекдөөлөт Расулбековду кепке тарттык. “Олимпиада оюндарында медаль алууга мүмкүнчүлүгүм жогору болчу, ал учурду эстесем азыркыга чейин жаман болуп кетем” деген спортчу спортко кантип келип калганы, алдыдагы максаттары тууралуу кеп куруп берди.

Каарман тууралуу

Туулган жылы 1996-жыл, 12-сентябрь

Туулган жери Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Толук айылы

Бою – 176 сантиметр

Салмагы – 102 килограмм

Билими – Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетинин IT бөлүмүн жана Исхак Раззаков атындагы КМТУнун техникалык коопсуздук бөлүмүндө магистратураны бүтүргөн

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

Жетишкендиктери – Өлкөнүн 5 жолку чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун 1 жолку күмүш, Азия чемпиондугунун 2 жолку күмүш, 1 жолку коло медалчысы, Олимпиада оюндарынын катышуучусу жана башка

– Салам, Бекдөөлөт. Дүйнө чемпиондугуна даярдык кандай жүрүп жатат?

– Бир айдан бери Бишкекте окуу-машыгуу өткөрүп жатабыз. Буюрса, даярдыгыбыз жакшы. Бул Дүйнө чемпиондугу Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо берүүчү турнирлердин бири. Жолдомо рейтинг менен берилгендиктен, Олимпиадага жолдомону көздөп жаткан оор атлетчи алдыдагы 2 Дүйнө, 2 Азия чемпиондугуна сөзсүз катышуусу керек. Бул Дүйнө чемпиондугу Колумбиянын Богота шаарында 5-16-декабрь аралыгы өтөт. Кыргызстандын атынан Эмил Молдодосов экөөбүз барабыз. Буюрса, 2 күндөн кийин учабыз.

– Ийгилик каалайбыз! Буга чейин Бахрейнде өткөн Азия чемпиондугуна катыштың, ал тууралуу эмне айтат элең?

– Бахрейнде өткөн Азия чемпиондугунда түртүп көтөрүү, жулкуп көтөрүү боюнча жалпы жыйынтыкта күмүш медаль тагындым. Атаандаштарым абдан күчтүү болду. Кудайым мага күмүш медаль буюруптур.

– Спортчу болууңа, оор атлетиканы тандооңо эмне себеп болду?

– Мен Токтогулдун Кайрак деген айылында чоңойгом. Айылда жүргөндө темир-тезекке жакын болчумун. Апам “таятаң штангист болгон, турмуш-шартка байланыштуу спорттон четтеп кеткен” деп айта берчү. Анын айтканы кулагыма сиңип калганбы, айтор, чоңойгон сайын менин дагы штанг көтөргүм келе баштады. Анан дагы Токтогулдан чыккан Улан Молдодосов, Руслан Капаев, Изат Артыков, Бекзат Осмоналиев деген агаларыбыз чемпион болуп, аты Кыргызстанга эле эмес, Дүйнөгө таанылып турган учур болчу. Ошолорду көрүп оор атлетикага кызыгуум ого бетер күчөдү. Анан Токтогулдагы Руслан Капаевдин залына барып машыгууну баштагам. Руслан Капаев алгачкы машыктыруучум. Ал мени 2015-жылы улуттук курамга киргенден тартып азыркы машыктыруучум Өмүржан Молдодосовго өткөрүп берген. Машыктыруучуларыма терең ыраазычылык билдирем, менин ар бир ийгилигимдин аркасында алардын зор эмгеги турат.

– Машыгууну баштагандын баары эле спортчу болуп кетпейт да, сени спортто эмне кармап калды?

– Мен айылда кара жумуш жасап өскөн баламын да. Руслан агай “сенден чемпион чыгарам” деп кызыгып калды. Өзүм дагы салмакты жактыргандыктан бул спортто калдым десем болот. Штангист болуу үчүн оор көтөргөндү сүйүп, эрктүү болуш керек. Агайдын айтканын угуп, режимди карманып машыгып бир ай ичинде жыйынтык көрсөтүп, айылдан келгениме карабай атаандаштарымды ута баштадым. Руслан Капаев менин жөндөмүмдү байкап, көзү жетти окшойт, үйдөгүлөрдү чакырып “мындан чемпион чыгат, жакшылап көңүл буруп, машыгууга шарт түзүш керек” деп айткан. Андан бери жакындарым жумуштардан бошотуп, мага машыгууга шарт түзүп, колдоо көрсөтүп келе жатышат. Агай мага дайыма “режимди карма, машыгууну калтырба, сен далай ийгиликтерге жетесиң” деп дем берип турчу.

– Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына катыштың, медалга дагы мүмкүнчүлүк бар эле. Ошол тууралуу сүйлөшсөк.

– Олимпиада оюндарына жолдомо берүүчү рейтингдик турнирлер башталганда атаандаштарымдын саны 90 болчу. Анын ичинен 14 спортчу жолдомо алдык. 90 спортчунун ичинен суурулуп чыгып жолдомо алуу деле оңой болгон жок. Анын үстүнө 96 килограмм салмак ченинде атаандаштык жогору, кызыктуу салмак болду. Башка салмактарда 40тай эле спортчу жолдомо үчүн күч сынашты да. Олимпиадага колдон келишинче бар күчүмдү салып жакшы даярдангам. Менде медаль тагынууга толук мүмкүнчүлүк бар болчу, аны колдон чыгарып алдым. Бир аз эле жерден алдырып жиберип, 6-орун болуп калдым. Ал учурду эстегенде азыр да жаман болуп кетем. Анан дагы Олимпиаданын алдында 7 килограмм салмак куугам, ошого да бир аз кыйналып калдым окшойт. Ал жакта түртүп көтөрүүдөн штанганы түшүрүп алгам. Олимпиададан келгенден кийин эс албастан ошол катамдын үстүнөн иштеп, Ташкентте өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагындым. Муну менен тарых жараттым десем болот. Өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери оор атлетикада Дүйнө чемпиондугунан медаль алган эч ким болбоптур.

– Жакшы. Оор атлетика боюнча Кыргызстандын рекордун көп эле жаңылап келе жатат окшойсуң?

– Кудайга шүгүр, мелдештерде мурдагы рекорддорду бузуп келе жатам. Азыркы учурда 3 (96, 102, 109) салмак чени боюнча рекорд жасадым десем болот. 96 килограммда рекорд жаңылап, Олимпиадага барып келгенден кийин 102 килограммга өттүм. Эл аралык чемпиондуктарга 109 килограмм ченинде катышып, рекорд жаңылагам. Буюрса, алдыдагы турнирлерге 102 килограмм салмакта катышам. Бул өзүмө ыңгайлуу салмак. Салмак ташташ керек деген маселе көп болбойт. Азыр өзүмдү толук түрдө спортко арнап жатам. Башкы максатым – Париж Олимпиадасына жолдомо алуу жана Кыргызстандын желегин желбиретүү. Анткени Токио Олимпиадасын көрдүм, көп нерсени түшүндүм. Буюрса, даярдыктабыз.

– Оор көтөрүп белин оорутуп алгандар көп. Аларга кандай кеңеш бересиң?

– Оор көтөрүү деле өзүнчө кызык, улам мурункудан оорун көтөргүң келе берет. Көпчүлүк балдар машыктыруучуну укпай оор салмакты көтөрүп салып, бир жерин оорутуп алышат да, штанг көтөргөн жаман экен дешет. Негизи, машыктыруучуну угуп, акырындык менен көтөрүүнүн ыкмаларын жакшы өздөштүрүп, булчуңдарды, денени даярдап, анан оор салмактарды көтөрүш керек. Анан да оорду бүкүрөйүп көтөрбөш керек. Маселенин баары ошол бүкүрөйүп көтөргөндөн жаралат.

– Жаңы эле “апам телефон чалып жатат” деп калдың. Ал сен тандаган спорт түрүнө кандай көз карашта?

– Жакындарым баары эле колдоп турушат. Эч качан каршы болушкан эмес. Апам “машыгууларың кандай болуп жатат, жаракаттан алыссыңбы?” деп дайыма телефон чалып сурап турат. Апам бул спортту сүйүүчүлөрдүн бири. Мелдешке барарымда атаандаштарым тууралуу дагы маалымат алып “баланча деген барат экен” дейт. Мелдештеримди калтырбай көрөт. Кээде “сен көтөрүп жатканда көзүмдү жумуп жиберем” деп айтып калат.


– Маегиңе рахмат. Ийгилик жарата беришиңе тилектешпиз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан