БИР БҮРКҮМ. УЛУТТУК БАНКТА 24,8 ТОННА АЛТЫН БАР...

  • “Түндүк электр”: Электр энергиясына карызы бар 4300дөн ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт.
  • Өлкөдө фармацевтикалык компанияларды жана дары-дармектер боюнча департаменттин ишин УКМК текшерип жатканы айтылды.
  • Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.
  • Москвада банктан чыгып келе жаткан Кыргыз жаранынын 70 миң долларын каракчылар тоноп кетишти.
  • Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп дайындалды.
  • Таласта баңгизат кылмышына шектелип кармалган жарандын үйүнөн 10 килограммдан ашык марихуана табылды.
  • Учурда Улуттук банкта 24,8 тонна алтын запасы бар экени айтылды.
  • Омар Султанов Кыргыздын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды.
  • Депутат Чыңгыз Айдарбеков бир нече күнгө кабарсыз кеткени боюнча “чет өлкөдөмүн, жакында барам” деп кайрылуу жасады.
  • Акылбек Жапаров 29-ноябрда Японияга иш сапары менен барды.
  • Сталбек Ахунбаев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.
  • Парламенттин айрым депутаттары “Бишкек менен Оштун мэрлерин эл түз шайлашы керек” деп жатышат.
  • 2022-жылдын 9 айында Бишкек ШИИББинин 17 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылды.
  • Аскер прокуратурасы “бюджетке зыян келтирди” деп Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна кылмыш ишин козгогону айтылды.
  • УКМК: "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын 3 мүчөсү Жогорку Кеңеште мыйзамсыз иштеп жүргөн".
  • ӨКМ: Бийик тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
  • Бишкек жана Ош шаарларынын борбордук аянттарына Жаңы жылдык балаты орнотула баштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан