Бүдөмүк себеп
Депутат Медер Алиев 30-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрагасы кызматынан кеткенин жарыялады.
– Эч ким мажбурлаган жок. Кыскасын айтканда, өткөндөгү Кемпир-Абад маселеси себеп болду,- деп билдирди Алиев трибунадан.
Парламент 17-ноябрда Кемпир-Абад суу сактагычы басып жаткан жерди Өзбекстанга өткөрүү, суу сактагычты чогуу башкаруу боюнча келишимди ратификациялаган. Депутат Медер Алиев добуш берүүгө катышкан эмес.
Дал келүүбү же атайынбы?
Буга чейин депутат Эльвира Сурабалдиева Кемпир-Абад боюнча каршы добуш берген депутаттарга бийлик тараптан кысым жасалып жатат деп чыккан. Бийлик бул айыптоону четке кагып, Сурабалдиевага караштуу “Кудайберген” базары салыкты толук төлөбөй жүргөнүн билдирди. Каршы добуш бергендердин бири – депутат Өмүрбек Бакиров 2 жумадан бери өзүнүн иш бөлмөсүнө кире албай жатат. Кемпир-Абад келишими ратификациялангандын эртеси президенттин иш башкармалыгы Бакировго башка иш бөлмө берилерин айтып, депутатты буга чейин иштеп келген кызматтык бөлмөсүнөн кууп чыккан. Бул окуя боюнча парламентте депутаттык топ түзүлдү. Бакиров башка иш бөлмөгө көчүүнү же көчпөөнү аталган депутаттык топтун иликтөөсүнүн жыйынтыгына карап чечерин билдирди.
Кемпир-Абад боюнча каршы добуш берген депутат Эмил Жамгырчиев 27-ноябрь күнү Кыргыз-Казак чек арасынан өтүп жатканда кармалып, кайра коё берилген.
Каршы добуш берген дагы бир депутат Исхак Масалиев “Кумтөрдүн” ишин иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагалыгынан кетти.
30-ноябрда депутат Жанар Акаев фракциялашы Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан үн жаздыруучу аппараттар табылганын айтып чыкты. Айтымында, Жамгырчиевге карата мурда козголгон кылмыш ишин кайра жандантуу аракети жүрүп жатат.
Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты айткан пикири, берген добушу үчүн кысымга алынбашы керек.
УКМК төрагасы эскерткен
Өткөн аптада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин бир нече депутаты оор кылмышка шектелип жатканын, аларга карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгошу мүмкүн экенин эскерткен эле. Депутат Жамгырчиевдин өлкөдөн сыртка чыгышына тыюу салынган деген маалыматтар чыкты, бул боюнча тийиштүү органдар маалымат бере элек.
Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоо, Кемпир-Абадды бирге башкаруу боюнча келишимдерди ратификациялоо тууралуу мыйзамдарга президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кол койду.
Теманы улай...
30-ноябрда парламенттин 2 депутаты Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Сурактан чыккандан кийин 2 депутат тең социалдык тармактагы баракчаларына пост жазып, башкы прокурор Курманкул Зулушевге тиш кайрашты. Алар суракка чакырылышын парламенттен прокуратурага сын айтканына байланыштырышып, социалдык тармактагы баракчалары аркылуу билдирүү жазышты. Токторбаев “мени мындай жол менен коркута албайсыңар” десе, Атазов “силерден кыйындарды да көргөм, бийлигиңер бүгүн бар, эртең жок” деп жазды. Көп өтпөй бул жазгандарын өчүрүп салышты. Аталган 2 депутат 30-ноябрда парламент жыйынында прокуратура органдарын коррупцияга күнөөлөгөн.