СЕМАНГ – ТОКОЙДО ЖАШАГАН ТАРМАЛ ЧАЧТУУ ЭЛ

Семанг – Мьянма, Таиланд, Малайзиянын аймагындагы калың токойлордо жашаган эл. Тай тилинен которгондо семанг “тармал чачтуу” дегенди билдирет. Малай эли аларды “оранг хутан” (токой адамдары), “оранг улу” (жогорку дарыя адамдары) деп аташат.

Бирок алар өздөрүн “меник”, “менди” деп аташат. Семанг тилинде сүйлөшөт. Тили жагынан кхмер, вьет, мыонг элинин тилине окшошуп кетет.

Алар узак кылымдар бою көчмөн болуп жашап, XX кылымда гана отурукташа башташкан. Учурда алардын саны 8000 адамдын тегереги. Эркектери аңчылык, балык уулоо, дыйканчылык менен алектенсе, аялдары жер-жемиш терип, сувенир жасап, үй кызматын кылышат. Токойдон бамбук жана башка баалуу дарактарды кыркып алып аларды күрүч, темир жана башка нерселерге айырбашташат. Түшүм жыйноо кезинде малай элине жалданып иштеп акча табышат.

Жашаган турагы негизинен шыргый колдонулуп тургузулган, үстү пальманын жалбырактары менен жабылган алачык. Чоң ата жана чоң эне уул, келин, неберелери менен үйлөрүн бир катарга салып же тегерете тургузуп жакын жашашат.

Үңкүрдө, жыгачтан заманбап үй салып жашагандар да кездешет.

Уруунун башчысы болуп шаман эсептелет. Уламыш боюнча шамандар гана жолборско айланат, арбактар менен сүйлөшө алышат жана дары чөптөр менен дарылашат. Семангдардын негизги Кудайы болуп чагылгандын жана күндүн күркүрөшүнүн каардуу духу Карей эсептелет. Ал өзүнө жакпаган адамды жазалайт деп чагылгандан коркушат. Өлгөндөр батышка карай кетишет, кайра канаттууга айланып тирилип келип тирүү адамдарды коркутат деп ишенишет.

Сулуу болуш үчүн тиштерин учтуу кылып өгөөлөшөт, мурдун тешишет жана денелерин тилип, тырык калтырышат.

Колдонгон дини анимизм (жандын жана духтун бар экенине, жаратылыш тирүү экенине ишенүү), ошондой эле ислам, буддизм, христиан диндерин тутунгандар да бар.

Ыйык тоосу – Бату Рибн. Айрым уруулар ыйык тоо деп Гунонг Берапини (Күрүч тоосу) айтышат жана ал жер алгачкы адамдардын турагы болгон дешет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан