Шайырбек Абдырахман, журналист: “БИЗ МААЛЫМАТТЫ ТАКТАП, ЫЛГООНУ БИЛБЕЙБИЗ”

Тилдин күчүн, касиетин ушул адамдан байкасак болот. Маектешинин жарпын жазат, муюта сүйлөйт, сөздүн баркын билет, кыскасы, чечендик өнөрү бар кызыктуу инсан. Журналист Шайырбек Абдырахман редакциябызда адаттагысындай бакылдап кеп салып, өткөн-кеткенди, келечекти 2 саат талкууладык.

– Куш келипсиз, Шайырбек мырза, учурда эмне иш менен алексиз?

– Саламатсыздарбы, рахмат. Учурда өзүмдүн жакшы көргөн хоббилерим менен алектенип жүрөм. Азыр элдин китеп окуганга убактысы жок, ошого Ютуб каналымда көрүүчүлөргө кыска аңгемелерди айтып берип жатам. Ушул тармакка абдан кызыгам. Кыргызда “бекер жүргөнчө, бекер иште” дейт эмеспи, элдин руханий азыктануусуна бир аз болсо да салым кошуп жаткан болсом, бул мен үчүн чоң жетишкендик. Чет өлкөдө жүргөн мекендештер да “манасчылардын “Манас” айтканын балдарыбыз жакшы түшүнө бербейт, “Манасты” да аңгеме айткандай кыска-кыска үзүндү кылып айтып берсең” деп сунуштап калышты. Жакында “Манасты” башынан баштап айтып берсемби деп турам.

– Убагында мамлекеттик кызматтарда жүргөнсүз, тажрыйба бар, азыркы бийлик сиздин күчтү пайдаланса кандай болот эле?

– Пайдаланса ким кой деп жатат (күлүп)? Президент өзү баш болуп кызматташалы деп чакырган. Албетте, буга чейин журналистика тармагында топтогон тажрыйбамды колдонуп иштесе иштейт элек.

– Жетекчилик кызматта турганда ишти жыйыштырып, Орусияга билимди тереңдетүүгө кеткенсиз. Ошол окуунун пайдасы тийчүдөйбү?

– Пайдасы жок окуу болбойт негизи. Өзүмдүн алгачкы билимим филолог, көп жыл КТРде, ЭлТРде иштедим. 2013-жылы кызматымды тапшырып, окууга кеткенимдин себеби да ошол. Москвадагы дипломатиялык академияга тапшырып, магистратурасын окуп бүттүм. Бул окуу мага маалыматтык коопсуздук, дүйнөдө болуп жаткан окуялардын келип чыгуу тарыхы, себептери, коомго тийгизчү таасирин түшүнүүгө, деги эле эл аралык мамилелер, дүйнөлүк саясатты терең аңдоого, журналисттик ой-чабытымдын кеңейүүсүнө салым кошту. Азыр эми психология илимине кызыгып, аны тереңдеп окуп, казып жүргөн кезим. Лекцияларды угуп, курстарга барып жатам. “Кылым жашасаң, кылым бою оку” деген кеп бар эмеспи, билимдин пайдасы тийсе тиет, эч качан зыяны тийбейт.

– Канчалык эркин адамсыз? Сиз абдан сыйлаган адам мамлекетке олуттуу зыяны тийчү иш кылып койсо, сын айтууга эркиңиз жетеби же адамгерчиликтен аттап өтө албайсызбы?

– Мамлекетке зыян келтирип, туура эмес иштерди жасаган адамдарды айтып эле жүрөбүз. Анан жөн эле кара пиардын курмандыгы болуп, эл арасында “ушунча жеп коюптур” деген жалаага кабылган адамдар да бар. Көпчүлүктүн шары менен агымды ээрчип кете берүүдөн алыс болушубуз керек. Өлкөгө зыян келтиргени тастыкталса, ким болбосун сын айтууга эрким жетет.

– Бир жылдары депутаттыкка талапкерлигиңизди коюп саясатка аттанып калдыңыз эле, азыр саясат менен мамилеңиз кандай?

– Саясатка барсам деген максатым азыр деле бар. Бирок негедир саясаттын эшиги мага ачылбай жатат (күлүп). Сыягы, Кудай мени бир нерседен сактап жатат же "коё тур" деп жатат.

– Кыргыздагы эркиндиктин абалы ар дайым талаш жаратып келет. Сөз эркиндиги, мисалы. Сиздин баамыңызда, адамга эркиндик менен жоопкерчиликтин чек арасын билүү кыйынбы?

– Муну тереңирээк караш керек. Ар бир өлкөнүн ата-бабадан калган жолу, салт-санаасы, өмүр таржымалы, баалуулуктары бар. Сөз эркиндиги, адам эркиндиги ар бир элдин улуттук менталитетине, өзгөчөлүгүнө жараша калыптанат. Мисалы, башка өлкө сөз эркиндиги деп эсептеген нерсени биз ээн баштык, адепсиздик деп түшүнүшүбүз мүмкүн. Анан бирөө келип “силер эркиндик деп эсептеген нерсе эски, эркиндик мына биздикиндей болушу керек” деп өзүнүн стандартын бизге таңуулаганы да туура эмес деп эсептейм. Азыр айрымдар эркиндик деген ушундай болот деп коомго өкүмзордук менен бирдемелерди таңуулап жатышат. Эркиндик менен жоопкерчиликтин чек арасын билүү адамдын маданияты менен билиминен көз каранды. Жакшы түшүнбөй, окуяны тереңден билбей туруп эле айгай сала берүү да одоно иш. Бизде окуянын чын-бышыгын тактоо, ак-караны айырмалоо маданияты аң-сезимибизде калыптана элек. Бирөө бир нерсе деп койсо эле ошонуку туптуура деп ээрчигендер толтура. Ал ээн ооздорду жоопкерчиликке тартуудан да эч пайда таппайбыз, жоопкерчиликти адам өзү сезиши керек. Психология илиминен кабары бар адам катары айтсам, тилекке каршы, биз көп учурда эки көзүбүз менен алдыны гана тиктейбиз, адам биринчи өзүн тиктеш керек. Бирок биздин түркөйлүгүбүз, шайтаныбыз өзүбүздү каратпайт. Башка адамдардын кемчилигин көргөнгө устабыз, ошол кемчиликти биринчи өзүбүздөн көрө алсак, мына ушуну аң-сезимдин ойгонушу дейт.

– Өнөр тууралуу сүйлөшпөсөк болбос. Кыргызда айтыштын деңгээли эмнеден аксап жатат? Калыстар тобунда отурганда даана байкалса керек?

– Мурдагылар укмуш эле, азыркылар начарлап кетишти дегенден алысмын. Бизге бардык нерсенин мурдагысы жакшы көрүнө берет. Азыркылар деле аракет кылып жатышат. Барына шүгүр кылып, колдо бар алтынды баалабасак, айтыш өнөрүн ким улайт? Мен сындагым келбейт, тескерисинче, ата-бабадан калган айтыш өнөрүн сактап, өнүктүрүү үчүн акындарга дем берип гана туруш керек.

– Азыркы бийлик маданият өкүлдөрүнө жакшыраак көңүл бура баштадыбы же ошондой түр көрсөтүп жатабы?

– Өлкөбүз эгемендик алгандан бери маданиятка жетиштүү көңүл бурулбай келет. Бул тармакты бийлик укмуш кылып да жибере албайт. Анткени рынок шартында жашайбыз, бул деген бир чети, кайсы бир окумуштуу айтмакчы, рыноктун көрүнбөгөн колу баарыбызды өз ордубузга коюп жатат десек да болот. Мындай шартта маданият адамы көрүүчүсү менен угуучусун өзү табат. Албетте, бийлик таптакыр көңүл бурбай коюш керек дебейм, маданиятка көңүл бурууга элди үгүттөө, китеп окууга элди чакырып туруу, илим-билим, маданият адам баласынын негизги баалуулуктары экенин ар дайым белгилеп туруу – бул мамлекеттин иши. Мына, киного эл кызыгып эле барып жатпайбы, бул тармак жанданып режиссёрлордун эмгеги актала баштады. Манасчылык өнөр жанданды, эмнеге? Анткени жаманбы, жакшыбы, элди үгүттөө, мыкты эмгектерди жарнамалоо жакшы жүрүүдө. Азыр эң чоң курал – бул туура пиар, жарнама, үгүт иштери.

– Эркекте 45 жаштан кийинки абал кандай экен? Жаш эмес же кары эмес, ортодогу абал деп калышат го...

– Туура айттыңыз, бул ары же бери эмес курак (күлүп). Мен азыр 46 жаштамын, улуу катары сүйлөсөм агай-эжейлерим “Шайыр, койчу айланайын, сага муну айтканга али эрте” дешет. Жигит катары шаңыраңдап сүйлөсөм менден кичүүлөр “калжаңдап..” деп күлүшпөсүн дейт экенсиң. Ошондуктан 45-50 жашта аркандан басып бараткан дарчыдай жүрөт экенсиң.

– Балдар чоңоюп калгандыр. Алардын кызыгуулары, кыялдары, келечеги тууралуу ойлор кандай?

– 4 балам бар. Улуусу 20га чыгып азыр студент, экинчи уулум 10-класста, кызым 5-класста окуйт. Кичүүсү Аиша 6-7 айлык. Балдарыма катуу элемин, кыздарыма жакынмын. Улуу кызымды апасы зымга тизгендей тарбиялап жатканда боорум ооруп кетип болушуп жибермейим бар.

Биз, кыргыздар, балага көп акыл-насаат айтабыз. “Тигиндей бол, мындай бол” дей беребиз. Менимче, балага сүйлөй бергенден бала тарбияланбайт, бала көбүнчө ата-энесинин жүрүм-турумунан тарбия алат.

– Жан дүйнөңүз эмнеден ырахат алат?

– Биринчиден, жан дүйнөм тирүүлүктөн ырахат алат. Экинчиси – өзүм билбеген жерлерди көрсөм, кызыккан маалыматтарды таап окусам ырахат алам. Анан жан дүйнөм менен Жараткандын байланышын сезүү чоң ырахат тартуулайт. Бала-чака, дос-жар, эл-журттун арасында жүрүү мен үчүн чоң бакыт!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан