“Жубайымды биринчи көргөн учур “Титаниктегидей” болгон” дейт стендапер Азимхан Рахатов. “Жакшы адам болгону үчүн жолдошумдун оор мүнөзүн да көтөрөм” дейт жубайы Мээрим Жооданбекова. 8 жылдан бери чогуу түтүн булатып, 2 кызды тарбиялап жаткан сонун үй-бүлөнүн каармандарынын сүйүү баянын сунуштайбыз.
– Куш келипсиздер! Бири-бириңерди биринчи көргөн учурду эстеп айтып берсеңиздер...
Азимхан: – Экөөбүз тең “Манас” университетинде окуганбыз. “Манаста” окуу 1-сентябрда эмес, 10-сентябрда башталат. 1-курста 10-сентябрда университетке барсам киши көп экен. Биринчи жолу Мээримди көргөнүм “Титаниктегидей” элес калтырган. “Титаник” тасмасында кыз тепкичтен түшүп келе жаткан учур сонун берилет го. Мен тепкичтен чыгып баратып үстү жакта турган Мээримди көргөм. Азыр кандай ажарлуу болсо, ошондо деле ушундай болчу. Көп кыздар-балдардын арасынан башкача сонун көрүндү. Ошондо көрүп жакшы кыз экен деп койгом. Андан кийин коридордон, буфеттен көрүп калчумун. 2-курста тааныштык анан.
Мээрим: – Азимхан 10-сентябрда көргөм деп айта берет. Мага бир жыл өткөндөн кийин жаза баштады. Жазышып коё берчүмүн, Одноклассникиден сүйлөшчүбүз. Күнүнө бир сүрөтүмө лайк басып койчу. Жолугушууга көп чакырды, 5-6 жолу барам деп коюп барбай койдум. Ал кезде жолугушуу, сүйүү менен ишим жок болчу. Окуп, иштеп жүрдүм. Бир жолу да жаан жаап жатканынан барбай койсом, бул кол чатыр көтөрүп алып күтүптүр. Ошондо “кол чатыр көтөрүп алып күтсөм сен келбей койдуң” деп уят кылганынан, “мейли, анда эмкисинде сөзсүз жолугабыз” дегем.
– Жолугушууга кайсы жактарга чакырчу эле?
М.: – Экөөбүз тең студентпиз. Көчөдөн эле жолугуп, сейилдеп жүрө берчүбүз. Биринчи жолукканыбыз эсимден кетпейт. Апрель айы болчу, күн ысык. Суу ичким келип жаткан. “Жүрү, дүкөндөн бир нерсе алып берейинби?” деди. Дүкөнгө кирсек, “кыскасы, менде 100 сом бар, 10 сомун жол киреге калтырып кой, калган 90 сомуна каалаганыңды ала бер” деп коёт. Ичимден күлкүм келген, бирок ачыктыгы жаккан.
– Мээрим жолугушууларга келбей коюп сизди көп күттүрүптүр да...
А.: – Мындай кыз өмүр бою күткөнгө татыктуу. Менин оор мүнөзүмдү ушул эле көтөрөт. Досторум да “Мээримге рахмат, сени менен биз араң сүйлөшөбүз. Башка бир да аял чыдабайт болчу сага” деп калышат.
– Оорбу мүнөзү?
М.: – Ар бир адамдын жакшы, жаман жактары бар. Азимхан жакшы адам, мага кылган мамилеси, колдоп турганы, мага деген сүйүүсү оор мүнөзүн жаап кетет. Ошондуктан анысын байкабаганга аракет кылам.
– Эмнеси менен оор?
М.: – Ачууга бат алдырат. Андайда тирешип туруп алсам, урушуп кетебиз. Күлүп алдап койсоң, алданып калат.
– Жубайыңыздын мүнөзү кандай?
А.: – Өтө сонун. Башкаларга окшоп телефон чалып “каяктасың?” деп башты оорута бербейт. Түшүнүктүү, мени колдоп турат.
– Байкашымча, Азимхан көбүрөөк кызганат окшойт?
М.: – Чынында Азимхан аябай кызганчаак. Кээде телефон чалбай туруп жумушума келип алат. Каякта, ким менен жүргөнүмдү, эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканымды дайыма билип турушу керек. Мына, аларды айтпа деп мени көзү менен коркутуп жатат (күлүп).
– Сиз кызганбайсызбы?
А.: – “Сенин эмнеңди кызганам, сени эч ким деле карабайт” деп тамашалай берет.
М.: – Кызгануу деген сезимди көп түшүнө бербейм. Кээде калп эле кызганымыш болуп коём.
– Үйлөнөбүз деп качан чечтиңиздер?
М.: – Биз сүйлөшүп жүргөндө эле ата-энелерибиз таанышып коюшкан. Алар өздөрүнчө сүйлөшүп жүрүшчү экен. Бир күнү эле апам “кудалар менен сүйлөшүп келдим, 3 жумадан кийин үйлөнүү тоюңар болот” деди. Ошентип эле үйлөнүп калдык.
– Жаңы келин болуп барганда көнүү оор болдубу?
М.: – Анчалык деле оор болгон жок. Кайнене, кайнатам сонун адамдар. 5 жыл чогуу жашадык. Апамдан бир да жолу жаман сөз уккан жокмун.
А.: – Апам экөө жакын курбулардан, чогуу бир жактарга чыгышат, чогуу кийим алышат. Жубайыңдын ата-энеңе жасаган сый мамилесин көрүп сүйүүң күчөйт экен.
– Үй-бүлө болуп жашап баштаганда экөөнүн тең мурда белгисиз сапаттары чыгат дешет го...
М.: – Азимхан кандай болсо ошондой калды.
А.: – Мен таң калдым, мындай экенин билгенде эрте эле үйлөнүп алмак экенмин дедим. Мыкты кожойке, тамакты аябай сонун жасайт. Жоктон бар кылат. Мамилеси жакшы, дайым жылмайып турат. Кыскасы, үйгө эртерээк эле баргым келет. Мээрим барда үй адаттагыдан 20-30 градуска жылуу сезилет. Көз тийбесин, биздин сүйүү убакыт өткөн сайын күчөп жатат.
– Сизге караганда Азимхан көбүрөөк романтик көрүнөт, ошондойбу?
М.: – Ошондой көрүнөт, бирок такыр романтик эмес. Романтикалык сөздөрдү көп сүйлөйт, баары ишке ашпайт. Мен романтикмин, бирок тирилик деп жүрүп аны көрсөтүүгө убакыт болбой калып жатат. Сүйлөшүп жүргөндө көп эле сюрприздерди кылчумун. Майда-чүйдө белектерди берчүмүн, кат жазып, аны башкача ороп бере берчүмүн. Кызык болот деп ойлочу окшойм. Бул анча деле баалачу эмес. Бирок тажабай эле кыла берчүмүн.
– Ким тамашакөй?
А.: – Мээрим тамашакөй, акылы курч. Кээде ойлоп коём, менин харизмам менен... Мактанып алдым го ээ? Мунун курч акылы менде болсо, анда баары такыр башкача болмок деп калам. Кээде Мээримдин акылын колдоном, бул жазып берген тамашалар элге жакшы өтөт. Өтө ыраазымын негизи. Мындай жар чанда кездешет да, сулуу, тамакты мыкты жасай алган, акылдуу, дүйнө таанымы кенен, мээни чакпаган жакшы аял, жакшы эне.
– Мээрим, тамаша жазып стендапка чыгам дей элексизби?
М.: – Эл алдында жүрө албайм.
А.: – Чыкпай эле койсун, чыкса мени басып кетет. Орусча текстти жакшы жазат. Көп бизнесмендердин, таанымал инсандардын аялдары “текст жазган блогер болгум келет, төлөп берем, жазып бербейсиңби” дешет. Бирок Мээрим эч кимиси менен иштеше элек, көңүлүнө туура келбейт, анын үстүнө блогерликте текстти ар ким өзү жазышы керек да, блог деген тамаша эмес. Жакында кино тарттым, идеясынан баштап келинчегим менен кеңештим. Жакында дагы бир кино тарткым келип жатат, анын сценарийин келинчегим менен жазабыз, буюрса.
– Мээрим, сизди Азимхан аябай мактады, эми кезек сизде.
М.: – Азимхан жакшы болгону үчүн адамдын жакшы жактарын байкайт да. Адамгерчиликтүү, тамашакөй, берешен, түшүнүктүү. Мени аябай жакшы көрөт, ошонусун баалайм. Азимханды карап кыздарыбыздын сонун атасы бар деп ыраазы болом. Эркектик милдетин так аткарат, бизди эч нерседен кем кылбайт. Кандай маселе болбосун эркекче чечип коёт.
– Сонун! Сүйүүңөр соолубасын!
Перизат Музуратбекова