Өбүшүү кайдан пайда болгон?
Өбүшүүнүн кайдан келгени, эмнеден улам пайда болгону ушул убакка чейин такталган эмес. Албетте, ал телефон же электр сыяктуу бирөө аркылуу ойлонуп табылган эмес. Ошентсе да андагы кыймыл-аракетти ким ойлоп тапты деген ой пайда болот. Ушуга байланыштуу чындыкка коошкон жана коошпогон бир нече ой-жорумдар кездешип келет.
Кээ бирлердин ою боюнча өбүшүү байыркы таш доорундагы маймыл сымал адамдардын убагында пайда болгон. Алар бири-биринин денесинен чыккан туздуу терди соруп азыктанышкан имиш.Дагы бир окумуштуулар ошол эле байыркы адамдар бири-биринин денесинен чыккан май менен азыктанышкандан улам өбүшүү келип чыккан деп билдиришет. Ал эми көпчүлүк окумуштуулардын ою боюнча өбүшүү – байыркы ишенимдин белгиси.
Кайсы вариант чындыкка жакын экени белгисиз, бирок, өбүшүү адатын адамдар бүгүнкү күнгө чейин карманып келишет. Анткени, бул жагымдуу жана ырахат алуучу сезим.
Өбүшүүнүн түрлөрү
Ойноок – өнөктөштөр бири-биринин эриндерин назик тиштегилөө менен коштолгон өбүшүү.
Сыпайы – тилди өнөктөштүн таңдайына назик тийишүү.
Назик – өнөктөштөрдүн бири тилин экинчисинин астыңкы жана үстүңкү эриндери аркылуу жүгүрткөн өбүшүү.
Тиштердин өбүшүүсү – өнөктөштөрдүн эркеги аялдын башын артка чалкалатып, анын тишин соргон өбүшүү.
Раковина – кулактын жумшак бөлүгүн акырын тиштегилеп, арт жактарын эриндери менен өбүү.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).