СӨЗ ЭРКИНДИГИ: КЫРГЫЗДЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?

Айрым саясатчылардын, блогерлердин, жарандык активисттердин кармалышы, суракка чакырылышы, Жогорку Кеңеште бийликке каяша сүйлөгөн депутаттардын УКМК, Башкы прокуратура сыяктуу органдардан ачык эле эскертүү алышы, интернет желесиндеги пикири үчүн айрым жөнөкөй жарандардын да мезгил-мезгили менен сурак берип жатышы “Кыргыздагы сөз эркиндигинин абалы” деген теманы кайра күн тартибине чыгарууда. 2021-жылы өлкөдө “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам күчүнө кирген. Жалган-жалаа бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, көлөкө түшүргөн учурда ушул мыйзамдын нормалары иштеп, маалымат таратуучунун жоопкерчилиги каралууга тийиш. Азыркы тапта бийлик ал мыйзамды өз пайдасына гана колдонууда деген сындар айтылууда. Өлкөдө сөз эркиндиги чектеле баштадыбы же маалымат таратуудагы жоопкерчилик мурдагыдан катуу талап кылынууга өттүбү? Ушул жаатта маселе көтөрүп жүргөн айрым белгилүү инсандардын пикирин сурап көрдүк.

Шайлообек Атазов, депутат: “Алдыга кетсек кеттик, артка кетпедик”

– Сөз эркиндигин пайдалануу жагынан алдыга кетсек кеттик, артка кеткен жокпуз. Азыр ким болбосун бийликке каалаганча сын айтууда. Ошол эле учурда маалыматтык манипуляция, жоопкерсиздик, бейбаштык, ээн ооздук, адепсиздик дагы сөз экриндиги менен кошо бирдей өнүгүп жатат. Мисалы, айрым өзүн блогер атагандар, мамлекетте бир күн иштеп, беш адамды башкарып көрбөгөндөр да өкмөткө акыл үйрөтүп, бийликке жөнсүз сын айтып, атүгүл президентти жекеме-жеке дебатка чакырып жатышат. Айрымдар бирөөнү шылдыңдаган, кемсинткен материалдарды жарыялашууда. Ушинтип өздөрүн пиарлагысы келишет. Жалган маалыматты тараткан авторлордун социалдык тармактардагы баракчасына кирсеңиз, алардын профилинде канаттуулардын же жаныбарлардын сүрөтүнөн башка эч нерсе жок. Ушундай заман болуп калды. Эгерде адам өзүнүн жазганы үчүн жоопкерчилик сезбесе, анда мыйзам чегинде жооп бериши керек.

Эрнис Кыязов, журналист: “Жаткан тырмоочту дагы тепселеп, чекебиз шишиши керек окшойт”

– Жеке баамымда оюм мындай: Өзбектерге, тажиктерге, казактарга, түркмөндөргө караганда бизде сөз эркиндиги укмуш деген ыр эскирип, тытылып бүттү. Болгонго жараша сөз эркиндиги чүт-чүт эмес, чындап болушу керек. Соттор, прокурорлор, бюджеттен каржыланган ЖМКлар, парламенттеги фракциялар бүгүнкү күндө хандан, бектен жалтактабай сөздү калыс, эркин айткан этапта жашап жатабызбы? Жок. Бул үчүн тиги же бул тарапты күнөөлөп жатканым жок. Тек, болгон реалдуулугубуз ушул. Демек, алдыда кайсы бир нерсени толук түшүнүү үчүн “өй, чынында абалыбыз момундай, а биз момундай жашашыбыз керек болчу” деп күзгүдөгү кебетебизди реалдуу айтууга тырмоочтун башын дагы бир нече ирет тепселеп чекебиз томуюшу керек окшойт. Эмнени эксек, ошонун түшүмүн алып жатканыбыз чындык. Учурдагы сөз эркиндигинин абалы кандай болсо, ошонун уругу качандыр бир кезде эгилген да...

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: “Эл чыныгы журналист менен блогер сөрөйлөрдү айырмалай албай жатат”

– Кыргыз байыртадан сөз багып, сөз барктап сүйлөгөн эл. “Буттан чалынган турат, сөздөн чалынган турбайт”, “убагында айтылбаса сөздүн атасы өлөт” деген макалдар бекер айтылбаган да. Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу шүгүр эле. Бизде көп саясатчылар өздөрүнө фейктерди, троллдорду жалдап армия түзүп алышкан. Ошол фейк армияга өзүнө жакпаган оппоненттерин жамандатат. Ушундай ыплас көрүнүштөр сөз эркиндигине доо кетирүүдө. Коомчулук чыныгы кесипкөй журналист менен билими, диплому жок блогер болумуштардын жазганын айырмалай албай жатат. Журналистиканын да өзүнүн этикасы, эрежеси бар да. Журналист макала жазарда ошол эрежелерге баш ийет. Ал эми фейк, троллдор сөз эркиндиги деп эле сөйрүк сөздөрдү сүйлөп жатышпайбы. Эркиндикти аша чаап колдонгон катмарды тарбияга чакырып, туура багыт көрсөтүп койгон жакшы. Анча-мынчалар айта албаган нерсени көзгө сайып көрсөткөн журналисттер бар, бийлик аларды куугунтукка албай, тескерисинче, кызматташышы керек. Биз учурда сөз эркиндигинин маданияттуу жолуна түшө албай жатабыз. Сөз эркиндиги – бул каалаганыңды саймедиреп коюу эмес, артында чоң жоопкерчилиги бар демократиялык жол.

Жанар Акаев, депутат: “Биздин эл баары бир кысымга баш ийип бербейт”

– Кыргыз сөз эркиндигине, өз пикирин эркин айтууга абдан маани берген эл. Бийлик туура кылып жатса туура, туура эмес кылып жатса туура эмес кылып жатасың деп сындаганга ар бир адамдын укугу бар. Биздин “Борбор Азиядагы демократия аралчасы” деген атыбыз бар. Азырынча ушул нерсебиз менен гана мактана алабыз. Парламентте фейк аккаунттар боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда биз каршы болгонбуз, ага карабай ошол убактагы өкмөт бул мыйзамды өткөрүп жиберип, ошонун айынан бир топ активист, блогерлер интернетте жөн эле пикир жазып койгону үчүн суракка чакырылган учурлар болду. Бул туура эмес көрүнүш. Бардык бийлик бутактары кемчилигин айтып, сындап жаткан адамдарга ачык-айкын болушу керек. Сындаган адамдар менен эмес, алар айтып жаткан көйгөйлөр менен күрөшүү зарыл. Биз сөз эркиндигин чектеген, анык эмес маалыматтар боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизели деп жатабыз. Ушул айда мыйзам долбоорун парламентке киргизебиз, депутаттар колдойбу же колдобойбу билбейм. Анткени азыр ири медиаларды жөн эле жаап койгон учурлар болуп жатат. Кыргызстанда журналист, блогерлердин камалышы, медиалардын жабылышы жана башка окуялар жалпы кыргыз бийлигине көө жапты. Эркин басма сөз болмоюнча экономикалык өнүгүү да болбойт. Мисалы, көп учурда оппозициялык саясатчылар, парламент депутаттары айта албаган коррупциялык иштерди, күмөндүү окуяларды көз карандысыз журналисттер иликтеп коомчулукка ашкерелеп жатат. Азыркы бийлик тандалма күрөш кылбай, баарын адилет, акыйкат кылабыз десе эркин медиаларга кысымды токтотушу керек. Биздин эл баары бир андай кысымдарга баш ийип бербейт, пикирин ачык айта берет.

Акмат Алагушев, “Медиа Полис” институтунун өкүлү: “Сөз эркиндигине кысым болуп көрбөгөндөй күчөдү”

– Бизде ар бир бийликтин тушунда куугунтук көргөн журналисттер болот. Бирок быйыл сөз эркиндигине басым болуп көрбөгөндөй күчөдү. Учурда абакта жаткан журналист, блогер, саясатчынын баары ушул сөз эркиндигинин айынан отурат. Ири медиалардын сайттарына убактылуу чектөө коюлду, муну сөз эркиндигине кысым деп түшүнөм. ЖМК боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, сөз эркиндигин чектеген пункттарды алып салыш керек. “Жалган маалыматтан коргоо” тууралуу мыйзамдын демилгечиси Гүлшат Асылбаева аталган мыйзам интернет желесиндеги калп маалыматтарга каршы колдонулат деген. Бирок иш жүзүндө журналисттерге жана ЖМКларга каршы колдонулууда.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан