Ал эми экс-президенттер иштеп жаткан президенттин айлыгынын 75 пайызы өлчөмүндө маяна алышат, пенсияга чыкканда ошондой эле суммада пенсия алууга укуктуу деген норма өзгөртүүсүз калтырылды.
Мыйзам долбоорун комитет 1-окууда жактырды.
Депутат Токторбаев бул мыйзам экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековго карата эмес, анткени мыйзам артка иштебейт деп белгиледи. Деген менен айрым депутаттар “бул мыйзамды артка иштей тургандай кылуу керек” дешти эле, Токторбаев бул сунушка 100 пайыз макул экенин, болгону сунушту мыйзамга ылайыктоо жагын карап чыгуу керектигин билдирди. Кыргызда “Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет” дейт, мыйзамды артка иштетүү керек болуп жатса, “мыйзамга ылайыктоо” жолу табылышы толук мүмкүн. Анын үстүнө Токторбаевдин “бир тууган Жээнбековдорду жазага тартыш керек” деп парламент жыйынынан көптөн бери айтып келе жатканы да күмөн ой жаратат.