ӨЛҮМДӨН АРАЧАЛАГАН ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨР

Репортаж

Өрт менен суу – тилсиз жоо. Ошол өрттү жеңип, өз өмүрү кылдын учунда турса да бирөөнүн коопсуздугун ойлогон кызматкерлер бар. Алар кимдер экенин өзүңүздөр баамдасаңыздар керек. Жаңы жыл түнү, тагыраак айтканда, 31-декабрда көпчүлүк жайыл дасторкон четинде Жаңы жыл тосууга камданып жатканда, өрт өчүрүү кызматкерлери жалын менен алышып иш үстүндө болушту.

ЖАРДЫРГЫЧТАН ЧЫККАН ӨРТ
Биз Бишкек шаарындагы Свердлов районунун №4-өрткө каршы бөлүмүнүн кызматкерлери менен таанышып, алардын иши тууралуу баарлаштык. Ал учурда өрт өчүрүүчүлөрдүн айрымдары эс алуу бөлмөсүндө сыналгы көрүп, шахмат ойноп отурушса, калганы бизге кызыктуу маек куруп беришти. Саат 20:30да
Чыгыш-5 кичирайонунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт болуп жатканы тууралуу кабар келди. Алар менен кошо биз да өрт чыккан жерге жөнөдүк. 3 мүнөттө жетип барган өрт өчүрүүчүлөр 3-кабаттагы түтөп жаткан балконго автотепкичтин жардамы менен бат эле чыгышты. Балкон күйүп бүтүп, өрт залды каптап киргенде жетишип өчүрүп калышты. Өрт жардыргычтан улам чыккандыгын айтышты. Көчөдөн аттырган жардыргычтын учкуну балкондогу таштандыга түшүп, өрт чыккан. Ал учурда үйдүн кожоюну жок экен.

“МАЙРАМДАРДА ӨРТ КЫРСЫГЫ КӨП БОЛОТ”
Ошентип, бөлүмгө кайтып келдик. 38 жаштагы Темирбек Дүйшөнбиев – чырайлуу 4 кыздын атасы. 31-декабрь күнү эртең менен жумушка аттанган. Сүйүктүү жубайы жолдошу бүгүн бүлөсү менен Жаңы жылды чогуу тоспогонуна моюн сунуп, аны жылуу кийинтип, күзөт мөөнөтүн өткөрүүгө жөнөтүптүр. Темирбек мырза 4-бөлүмдүн кароол башчысы. 13 жылдан бери бул ишти аркалап келген ал кол алдындагы 15 өрт өчүрүүчү жигиттин жумуштагы “атасы”.
“Кезегим майрамга туш келип калганына капа деле болгон жокмун. Бул үч жылда бир айланып келип турат. Бүгүн майрам эле деп өзгөчө бөлүп карабайбыз. Мындай күндөрдө, тескерисинче, күчөтүлгөн тартипте иштейбиз. Техникалар толугу менен күжүрмөн даярдыкта турат. Анткени дал ушул майрамдарда өрт кырсыгы көп болот”,- дейт Темирбек мырза.

ОҢ ЖАНА ТЕРС ЖАГЫ
Ушул эле бөлүмдө Нурлан Сыдыгалиев 12 жылдан бери эмгектенет. Ал ишинин оң жагы деп өрттө калган адамдарды сактап, аларга экинчи жашоо тартуулаганын эсептесе, терс жагы деп кишинин өмүрүн сактай албай, көз алдында тирүү жан күйүп, күлгө айланганын айтат. Бул эң оор кырдаал, сөз менен айта алгыс абал дейт.
Бөлүмдүн 15 жигитинин төртөө бойдок, ал эми калганы үй-бүлө­лүү экен. "Жубайыңар кооптуу жу­мушуңарга каршы эмеспи?" деген сурообузга алар “башынан эле кимге турмушка чыгып жатканын билишкен. Андыктан алар ар бир күзөт кезегинен аман келишибизди тилешет” деген жоопторун беришти.

"СИРЕНАНЫ УГУП, БИРОК ЖОЛ БОШОТУШПАЙТ"
"Өрт өчүрүү кызматы өз убагында келбейт" деген нааразы кептерди көп угабыз. Мунун себебин сураганыбызда: “Ооба, кээде кечигип калабыз. Бирок буга биз эле күнөөлүүбүз дегенден алысмын. Биз бир нерсеге нааразыбыз. Мисалы, шашылып бара жатканда айдоочулар сиренаны укса да, жол бошотуп бербей, биз менен кошо жарышышат. Тыгында кармалып тура берсек, кечикпегенде эмне?! Маданияттуураак болсок!” - дейт Нурлан мырза.

“АЯЛЫН МУУЗДАП, КАЙНЕНЕСИ МЕНЕН БАЛАСЫН ӨРТТӨП...”
Бош учурда жигиттерден өрткө байланыштуу аянычтуу, өкүнүчтүү, күлкүлүү окуялардан айтып берүүнү сурандык. Баары "көп эле түрдүү окуялар болот, кайсы бирин эстеп айтып берсек?.." деп калышты. Анда Нурлан аттуу жигит аянычтуу окуяны айтып кирди.
– Катардагы иш күнү чакыруу менен бардык. Бир үй аябай өрттөнгөн экен. Сураштырсак, акылынан айныган киши көрүнөт, келинчегин мууздап ашканага таштап, кайненеси менен баласын камап туруп үйүн өрттөп жиберген экен. Биз ичинде адамдар бар экенин угуп, жалынга кирип бардык. Энени сактай алган жокпуз, бирок жаш баланын жаны бар экен, сыртка алып чыктык. "Тез жардам" келип, дарыгерлер баланы текшерип, "сактап калууга жетишпей калдык" деп кетип калышкан. Бир убакта тиги бала кыймылдайт. Сүйүнүп, ооруканага жеткирдик. Бирок өмүрүн сактай албадык. Ортодо жарым сааттан ашык убакыт өткөн эле. Ошол чакта баягы дарыгерлер кайдигер карабай, жакшылап көңүл буруп коюшса, ушул күнү ал бала арабызда чуркап ойноп жүрмөк беле, ким билет...

“ӨЛҮК ДЕСЕМ, АЛ ТУРУП КАЧЫП КЕТКЕН”
Сөздү Темирбек байке улады.
– Бир жолу көп кабаттуу үйдүн жер төлөсү күйүп жаткан жерге бардык. Ал жерде селсаяктар жашачу экен. Жылынабыз деп от жагып, ошондон өрт чыккан көрүнөт. Кирсек, түтүндөн эч нерсе көрүнбөйт. Басып бара жатканымда бутума бир нерсе урунду. Кол чырак менен карасам, адам экен. "Нулевой" (өлгөн адамды ушинтип аташат) деп рация менен сыртка айтсам, милицияны, "Тез жардамды" чакырды. Денени көтөрүп чыгып, акыркы үмүт менен жасалма дем алдырып жатсам, ал киши ордунан тура калып качып кетсе болобу! “Токто!” деген боюнча калып калдык. Мас болуп уктап жатканбы же эси ооп калганбы, билбейбиз. Ошону менен таппай калганбыз.

КИЙИНКИ ӨРТ
Аңгыча саат жебеси 12ни какты. Жаңы жыл символикалуу түрдө белгиленди. Бири-бирине жакшы каалоо-тилектерди айтып бүтүшө электе Бишкектеги Мичурин көчөсүндө жайгашкан жер үй өрттөнүп жатканы тууралуу чакырык келди. А биз ишке жолтоо болбой үйгө кайтып кете бердик. Эртеси байланышканыбызда андан кийин күзөт тынч өткөнү жөнүндө маалымат беришти.

СӨЗ СОҢУ
Жалындаган отко кирип жатканда өрт өчүрүүчүлөрдү “адам жабыр тартпаса, өмүрүн сактап калууга үлгүрсөм экен" деген ой ээлей турганы чын. "Коркпойсуңарбы?" деген сурообузга "өрт учурунда өзүн ойлогон өрт өчүргүч болбойт. Бирөөнүн коопсуздугу биз үчүн маанилүү. Сыягы, табиятыбыздан ушундай кесиптин ээси болуп жаралган окшойбуз" дешет.
Ооба, чынында, баары бул кесипте иштей алышпайт. Бүгүн биз баалай албасак да, алардын ар бири тарыхта өз заманынын баатырлары катары ка­лууга татыктуу деп коркпой айта ала­быз.

“МАЯНАСЫ 5000-6000 СОМ”
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздук агенттигинин директорунун орун басары Акмат Амиршаевге бир нече суроо менен кайрылып, төмөндөгү жоопту алдык.
– Кызматкерлер кандай талап менен алынат?
– Кызматка алуу үчүн агенттиктин өзүнүн талаптары бар. Мисалы, аскерде кызмат өтөп, аскердик билети бар болушу керек. Медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Мурда бою 170 сантиметрден жогору жигиттер алынчу, азыр 165 сантиметрден жогоркулар алынат. Кийинки муун майдаланып баратабы, айтор, жапалдаштар көп болууда. Сөзсүз жогорку билимдүү эмес, мектепти бүткөн, анан иштөөгө каалоосу бар жигиттер алынат. Баарыбызга белгилүү болгондой, бардык эле адам бул кесипти сүйүп, иштейм дей бербейт.
– Маянасы канча?
– Бул жерде акча үчүн эмес, каалоосу менен иштегендер көбүрөөк. Өрт өчүрүүчүлөрдүн учурдагы маянасы 5000-6000 сом. Бул көтөргөндөгү акча, мурун мындан да аз эле.
– Иштөө графиги кандай?
– Бир сутка иштеп, 3 сутка эс алы­шат. Бишкекте 1 күзөттө 80-100гө жакын кызматкер болот. Аларга 17-18 машина бөлүнгөн.
– Апрель, июнь окуяларында өрт өчүрүү кызматы кандай кыйын­чы­лык­тарга кабылды?
– Көп эле. Баарына белгилүү болгондой, ири өрт кырсыгы катталды. Башкы прокуратуранын имараты, "Гоин" соода түйүнү өрттөндү. Бишкекте эле эмес, Ошто, Таласта да өрт кырсыктары болуп өттү. Бул учурда биз өз ишибизди аткарууга аракет кылдык. Бирок бизге каршылык көрсөткөндөр да болду. Жыйынтыгында республика боюнча 9 машина талкаланып, 20 кызматкерибиз жабыр тартты. Айтарым, бийлик алмашабы же саясий окуя болобу, биз да элдин катарындабыз, бул учурда биз өз кызматыбызды аткарабыз. Өкүнүчтүүсү, муну кээ бирөөлөр апрель окуяларында түшүнгөн жок.

СТАТИСТИКА БОЮНЧА...

  • Бишкек шаары боюнча өрт өчүрүү кызматынын 8 бөлүмү бар. Алар райондорго бөлүнүп, өрт кайсы жерде чыкса, ага жакын орун алган бөлүмдү жөнөтүшөт. Мындан тышкары өкмөттүкү да бар.
  • 31-декабрдан 1-январга караган түнү Бишкек шаары боюнча 9, ал эми республика боюнча 33 өрт кырсыгы катталган.
  • 2010-жылы республика боюнча 5157 өрт кырсыгы катталып,
    1,5 миллиард сомго зыян келтирген. 61 адам каза болуп, 279 кишинин өмүрү сакталып калынган.
  • Бишкекте 500гө жакын, ал эми республика боюнча 3000ге жакын кызматкер иштейт.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

  • Кызматкер ишке алынганда бир айлык даярдоо курсунан өтөт. Биринчиден, аларды психологиялык жактан даярдашат. Анткени көбү алоолонгон өрттү көргөндө өзүн жоготуп коюшат. Үйрөнгүчө ар бир жаңы келген кызматкерге устат бөлүштүрүлөт.
  • 1926-жылы 5-июнда Кыргызстанда профессионалдык өрт өчүрүү кызматы уюшулган. Анда 9 адам иштечү. Бир гана машина болгон, калганы ат менен жүрчү.
  • 101 номуруна чакыруу келе­ри менен чыга беришпейт. Анткени ойноп чалгандар көп болот. Текшергенче 2-3 мүнөт кетет. Ал убакта өрт өчүрүүчүлөр даяр турушат.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Taalaibek
2011-01-09 02:30:38
Саламатсызбы Урматтуу Эрадиль Амантаев жана Мирлан Молдокматов. Откондо мен сиздерге туз телеберуудон суроо узаттым эле. " Профессиональный частарга качан кышкы жылуу кийим кечек бересинер» деп. Сиздер жооп бердиниздер эле: бир жума, же он кундун ичинде беребиз деп, ошол аткарган убаданыздарга «бек» тургандыныздарга сиздерге чон ыразычылыгымды билдирем. Дайыма ишиниздерде ийгилик, алдыдагы ой максаттарыныздарга жетиниздер, ылайым эле балдарыныздардын убайын коруп, журо бериниздер, эч убакта оо
0
samo
2011-01-09 03:10:56
Очень трудный быть пожарником. Я хочу сказать пожарником огромные спасибо что они есть и низкий поклон. Большое просьба от стороны правительство удилит времени какие проблемы есть решать. Я желаю ВСЕМ поржаником 2011 году. Здоровья,удачи и всегда были рядом близкими людми.
0
Elit
2011-01-11 12:16:44
Samo алтыным кыргызча эле жазып журчу. Грамматикалык каталарын да коп экен 'копкон кыргыз орусча суйлойт' болбой.
0
№ 427, 7-13-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан