ЖАПАЙЫ АЙБАНАТТАРДЫ АТУУГА 3 ЖЫЛГА ТЫЮУ САЛЫНАТ

Кыргыз жеринде жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга 3 жылга тыюу салынат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Мамбетов билдирди.

Айтымында, доңузга, Марко Поло аркарына, эликке, тоо текеге, уларга жана деңиз деңгээлинен 2 метр бийиктикти байырлаган карышкырга 2023-жылдан 2026-жылга чейин аңчылык кылууга уруксат берилбейт. Азыркы тапта бул демилге Жогорку Кеңеш менен макулдашуудан өтүп жатканын айтты чиновник. Мораторийге карабай мыйзамсыз аңчылык кылгандарга кандай чара көрүлөрү айтыла элек.

Жапайы айбанаттарды атууга тыюу салуу демилгеси көп жылдан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келе жатат.

2019-жылы парламент депутаттары жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга 10 жылга – 2030-жылга чейин тыюу салууну демилгелеп чыгышкан. Өкмөт “мыйзам кабыл алынып калса, жаңы жумушчу орундарын ачуу, техникалык базаны күчтөө керек болот, буга бюджет даяр эмес” деп демилгеге каршы чыккан. Жыйынтыгында мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары колдобой коюшкан. Каршы чыкканын айрым депутаттар “мыйзам долбоору чийки” деп түшүндүрүшкөн. Мисалы, мыйзамды бузгандарга 1 миллион сом айып салуу механизми жарабай турганын, анткени байлар үчүн бул көп деле акча эместигин айтышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан