МЕКТЕПТЕ 12 ЖЫЛДЫК ОКУТУУГА ӨТҮҮ ДЕМИЛГЕСИ АРТКА КАЙТАРЫЛДЫ

Мектепте 12 жылдык билим берүү системине өтүү демилгесин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети колдоодон баш тартты. Депутаттар “мектептер буга даяр эмес”, “коомчулук каршы болуп жатат”, “Союз кезинде 10 жыл эле окуганбыз” деген жүйөлөрдү айтышты. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов 12 жылдык окутуу замандын талабы экенин айтып, бул демилге азыркы “нөлүнчү класс” деген түшүнүктү гана мыйзамдаштыруу экенин айтты.

– Азыр балдар ансыз деле нөлүнчү классты окуп жатышат, аны 11 жылдык окутууга кошкондо деле 12 жыл окуп жатпайбы. Болгону бала бакчага мектепке даярдоо тайпасына эмес, балдар дароо 1-класска барсын деп жатабыз. Азыр окуучу 17 жашында мектепти бүтөт, мындан кийин деле ошондой болот, бир жыл кошулуп кетпейт,- деди министр.

Жыйынтыгында көпчүлүктүн добушу менен мыйзам долбоору жактырылган жок.

Бул мыйзамды мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев сунуштаган. Ал Кыргыз жаштарынын Европанын окуу жайларынан окушу үчүн 12 жылдык билим берүү системи зарыл деп келген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан